Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Муктаж болгондорго кантип кам көрө алабыз?

Муктаж болгондорго кантип кам көрө алабыз?

«ШАЙЛООДОН кийин зордук-зомбулук аябагандай кулач жайгандыктан, миңдеген Жахабанын Күбөлөрү үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушту,— дейт өнүгүп келаткан бир өлкөдө жашаган Франсуа аттуу аксакал.— Тамак-аш, дары-дармек ушунчалык тартыш болгондуктан баасы асмандын башы болуп кетти. Банктын баары жабылып, банкоматтар иштебей, иштесе да ичинде акча жок болуп, жагдай кыйындады».

Ошондо филиалдагы бир туугандар тезинен иш-аракет кылып, өлкөнүн ар кайсы жериндеги Падышалык залдарына чогулган ишенимдештерине акча-каражат менен биринчи кезекте керек боло турган нерселерди жөнөтө башташкан. Жаатташкан тараптар жолдорду тосуп алгандыктан, жол жүрүү кыйын болчу. Бирок эки тарап тең Күбөлөрдүн саясатка кийлигишпей турганын жакшы билгендиктен филиалдын машинелерин өткөрө беришчү.

Франсуа сөзүн мындай деп улайт: «Бир жолу машине менен бир Падышалык залына кетип баратсак, снайперлер бизди аткылай баштады. Бактыга жараша, бизге бир да ок тийген жок. Аңгыча болбой куралчан бир жоокердин чуркап келатканын көрдүк. Биз дароо артка бурулуп, кайра филиалды көздөй качтык. Аман калганыбыз үчүн Жахабага миң мертебе ыраазы болдук. Эртеси күнү биз жетпей калган Падышалык залынан 130 бир тууган коопсуз жерге жеткирилди. Айрымдары филиалга келишти. Өлкөдөгү жагдай жакшыргыча, биз аларды кийим-кечек, тамак-аш менен камсыз кылып, рухий жактан да кам көрдүк.

Кийин филиалга өлкөнүн чар тарабындагы бир туугандардан ыраазычылыгын билдирген каттар келип жатты. Ишенимдештеринин жардамын көрүп, алардын Жахабага болгон ишеними мурдагыдан да бекемделди».

Биз табигый кырсыктан же адамдардын айынан болгон каргашадан жапа чеккен бир туугандарыбызга: «Жылуу кийин, курсагыңды тойгуз»,— деп эле койбойбуз (Жкп. 2:15, 16). Алардын кем-карчына каралашып, кам көрүүгө умтулабыз. 1-кылымда да алгачкы шакирттер катуу ачарчылык болорун угушканда «ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша, Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечишкен» (Элч. 11:28—30).

Жахабанын кызматчылары катары биз муктаж болгондорго жардам берүүгө дилгирбиз. Ошондой эле адамдардын рухий муктаждыгы да бар экенин унутпайбыз (Мт. 5:3). Аларга рухий муктаждыгын сезүүгө жана аны канааттандырууга көмөк кылыш үчүн Иса Машаяк жолдоочуларына шакирт даярдоо ишин тапшырган (Мт. 28:19, 20). Ал ишти аткаруу үчүн ар бирибиз убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды аябайбыз. Ырас, биздин уюм тартуу кылынган акча-каражаттарды кээде башкаларга кам көрүүгө жумшайт. Бирок ал тартуулар биринчи кезекте Падышалыктын иштерин алдыга жылдырууга жана жакшы кабарды таратууга колдонулат. Ошентүү менен биз Кудайды жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (Мт. 22:37—39).

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк ишин колдоп жаткандар тартууларынын тийиштүү түрдө, эң туура жол менен колдонулуп жатканына шектенбесе болот. Сен да муктаж болгон бир туугандарыңа көмөк көрсөтө аласыңбы? Шакирт даярдоо ишин колдогуң келеби? Андай болсо, «колуңан келип турганда, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба» (Накыл 3:27).