1 Корунттуктар 16:1—24

16  Ыйыктарга+ чогултулуучу жардам тууралуу+ айта турган болсом, Галатиядагы жыйналыштарга+ берген көрсөтмөмө ылайык иш кылсаңар болот. 2  Акчаны мен барганда чогулта баштабашыңар үчүн, ар бириңер акчаңарды жуманын биринчи күнүндө мүмкүнчүлүгүңөргө жараша бөлүп коюп жүргүлө. 3  Мен силерге барганда өзүңөр катыңарда сунуш кылган кишилерди+ Иерусалимге жөнөтөм, алар силердин чогулткан тартууңарды жеткиришет. 4  Эгер Иерусалимге мен да барышым керек болсо, алар мени менен барышат. 5  Бирок мен азыр Македонияга барганы жатам, ошондуктан силерге Македонияга баргандан кийин барам+. 6  Силер жакта бир нече убакыт жүрүшүм мүмкүн, атүгүл кыштап да калаттырмын. Андан кийин бара турган жериме мени бир аз узатып коёрсуңар+. 7  Азыр силерге тек гана өтүп баратып тие кетким келбейт. Жахаба+ жол берсе+, жаныңарда көбүрөөк жүрөм деп үмүттөнөм+. 8  Эфесте+ Элүүнчү күн майрамына чейин болом. 9  Анткени кызмат кылышым үчүн мага эшик кенен ачылды+. Бирок каршылык көрсөткөндөр да көп. 10  Тиметей+ барса, араңарда жүргөндө эч нерседен коркпогудай болсун, анткени ал да, мага окшоп, Жахабанын ишин аткарып жүрөт+. 11  Ошондуктан эч ким аны тоготпой койбосун+. Андан кийин мага келиши үчүн, аны бир аз узатып койгула. Анткени мен аны бир туугандар менен бирге күтүп жатам. 12  Бир тууганыбыз Аполостон+ болсо бир туугандар менен бирге силерге барышын көптөн-көп өтүндүм, бирок ал азыр барганга макул болгон жок. Кийин мүмкүнчүлүгү болгондо бармай болду. 13  Сергек болгула+, ишеним жолунда бекем тургула+, эр жүрөк*+, кайраттуу болгула+. 14  Баарын сүйүү менен жасагыла+. 15  Бир туугандар, менин бир өтүнүчүм бар. Силер Истефандын үйүндөгүлөрү Машаяктын Ахаядагы алгачкы жолдоочуларынан+ экенин жана ыйыктарга кызмат кылууга+ дайым даяр экенин билесиңер. 16  Силер да ушундай адамдарга жана Кудайдын ишинде кызматташкандардын, жан үрөп эмгектенгендердин баарына баш ийгиле+. 17  Истефандын+, Фортунаттын жана Ахайиктин бул жакта жүргөнүнө* кубанып жатам, анткени алар силерди жоктотушкан жок. 18  Алар мага да, силерге да дем-күч берди+. Ошондуктан ушундай адамдарды баалагыла+. 19  Азиядагы* жыйналыштар силерге салам айтып жатышат+. Акила менен Приска, ошондой эле алардын үйүндө чогулган жыйналыш+ да силерге чын жүрөктөн салам айтып жатышат. 20  Бир туугандардын баары силерге салам айтышты. Бири-бириңер менен бир туугандарча өбүшүп учурашкыла+. 21  Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам+. 22  Ким Мырзабызды сүйбөсө, каргышка калсын+. Оо, Мырзабыз, кел!+ 23  Мырзабыз Исанын ырайымы силер менен болсун. 24  Менин сүйүүм Машаяк Исанын жолун жолдогон баарыңар менен болсун.

Шилтемелер

^ Же: «эркектей».
^ Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.
^ Элч 2:9дун шилт-н кара.