Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы клинопись тексттери жана Ыйык Китеп

Байыркы клинопись тексттери жана Ыйык Китеп

Байыркы клинопись тексттери жана Ыйык Китеп

ВАВИЛОНДО адамдар ар кандай тилде сүйлөп калышкандан кийин ар бир элдин өзүнүн жазуу системалары пайда боло баштаган. Алсак, Месопотамияда жашаган шумерликтер жана вавилондуктар жазууда клинописти (шынаа сымал белгилер пайдаланылган жазуу системасын) колдонушчу. Клинопись латындын «шынаа сымал» деген сөзүнөн келип чыккан. Ал жазуу системасы учтуу шиштин жардамы менен тоборсуй элек чопо лоокторго түшүрүлгөн үч бурчтуу белгилердин жыйындысын билдирет.

Археологдор тарабынан Ыйык Китепте айтылган адамдар жана окуялар жөнүндө баяндалган клинопись тексттери табылган. Бул байыркы жазуу системасы жөнүндө бизге эмнелер белгилүү? Ал жазуулар Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине кандай далил болуп бере алат?

Байыркы кол жазмалар

Окумуштуулардын айтымында, алгач Месопотамияда сөздү же ойду белгилердин же сүрөттөрдүн жардамы менен туюндурган пиктографиялык жазуу системасы колдонулуп келген. Мисалы, бука деген сөздү жазыш үчүн анын башын тартып коюшчу. Бара-бара жазууга болгон муктаждык өскөндүктөн, клинопистик жазуу пайда болгон. Бир эмгекте: «Эми белгилер бир гана сөздү билдирбестен, бир нече муундан турган татаал сөздөрдү туюнта алган»,— делет («NIV Archaeological Study Bible»). Кийинчерээк клинопистик жазууда колдонулган 200гө жакын ар кандай белгилердин жардамы менен «грамматикалык жана лексикалык жактан татаал сүйлөмдөрдү да жазуу мүмкүн болуп калган».

Ыбрайымдын дооруна чейин эле, болжол менен б.з.ч. 2000-жылдары, клинопистик жазуу бир топ өнүккөн. Кийинки 20 кылымдын ичинде бул жазуу системасын башка тилде сүйлөгөн 15ке жакын улут өздөштүргөн. Табылган клинопистик тексттердин 99 пайызынан көбү чопо лоокторго жазылган. Акыркы 150 жылдын ичинде андай жазуулардын көпчүлүгү Ур, Урук, Вавилон, Нимруд, Ниппур, Ашшур, Ниневия, Мари, Эбла, Угарит, Амарна шаарларында табылган. Бир журналда: «Адистердин айтымында, буга чейин болжол менен бир-эки миллион клинопистик жазуулар табылган жана археологдор жыл сайын 250 000дей лоок табышат»,— делет («Archaeology Odyssey»).

Клинопись жазууларын изилдеген бүткүл дүйнөлүк окумуштуулар ал жазууларды чечмелөө боюнча дагы көп эмгектениши керек. Себеби, бир изилдөөгө ылайык, окумуштуулар «биздин күндөрдө клинопистик жазуулардын ондон бир бөлүгүн гана бир эле жолу окушкан».

Клинопись жазууларынын эки же үч тилде жазылганынын аныкталышы аларды чечмелөөгө жакшы шарт түзгөн. Окумуштуулар бул документтердин ар кайсы тилде жазылган бирдей мазмундагы текст экенин байкашкан. Ал жерде жазылган башкаруучулардын ысымдарынын, наамдарынын, санжыраларынын, атүгүл өзүн өзү мактаган сөздөрүнүн кайталанышы тексттерди чечмелөөгө өбөлгө түзгөн.

Окумуштуулар 1850-жылдарга чейин эле байыркы Ортоңку Чыгышта, Аккадда жана Ассирия-Вавилонияда колдонулган лингва-франка тилиндеги (ошол учурдагы эл аралык тилдеги) клинопись жазууларын окуй алышкан. «Британ энциклопедиясында» мындай деп түшүндүрүлөт: «Аккад тилинде жазылган жазмалар чечмеленгенден кийин клинопистик жазуу системасынын сыры ачылып, башка тилдеги клинопистик тексттерди чечмелөөгө жол ачылган». Бул жазмалардын Ыйык Китеп менен байланышы барбы?

Ыйык Китепке шайкеш келиши

Ыйык Китепте болжол менен б.з.ч. 1070-жылдары, Иерусалим шаарын Дөөтү басып алганга чейин, Иерусалимди Ханаан падышалары башкарып турганы айтылат (Жаш. 10:1; 2 Шем. 5:4—9). Бирок айрым окумуштуулар бул билдирүүнүн чындык экенине шектенип келишкен. 1887-жылы элеттик бир аял Египеттин Амарна деген шаарынан чопо лоок таап алган. Кийинчерээк ал жерде табылган 380дей текст Египет башкаруучулары (Аменхотеп III жана Эхнатон) менен Ханаан падышаларынын бири-бирине жазган элчилик каттары экени белгилүү болгон. Ал каттардын алтоо Иерусалимди башкарып турган Абди-Хебага таандык болуп чыккан.

«Ыйык китептик археология баяны» журналында мындай делет: «Амарна лоокторунда Иерусалимдин тек гана жер ээлиги эмес, шаар болгондугу, ал эми Абди-Хебанын Иерусалимде резиденциясы, элүү египет аскеринен турган гарнизону бар башкаруучу болгону айтылат. Мындан Иерусалимдин чакан шаар-мамлекет болгонун айкын көрүүгө болот». Ошол эле журналда: «Биз Амарнадагы каттардын негизинде Иерусалимдин ошол учурдагы таасирдүү шаар экенине эч күмөн санабайбыз»,— деп кошумчаланат.

Ассирия жана Вавилон жазмаларындагы ысымдар

Ассириялыктар, кийинчерээк вавилондуктар өздөрүнүн тарыхын чопо лоокторго, ошондой эле цилиндрлерге, призмаларга жана монументтерге жазышчу. Окумуштуулар Аккад клинопись жазууларын чечмелешкенде, аларда Ыйык Китепте айтылган адамдар жөнүндө да баяндалганы айкын болгон.

Бир китепте мындай делет: «1870-жылы египтолог Сэмюел Бёрч жаңы уюшулган „Ыйык китептик археология Коомуна“ кайрылуу жасап, [клинопись жазууларындагы ысымдарды] Омри, Ахап, Жейу, Азария... Менахейим, Пеках, Ошуя, Хиския, Менаше деген эврей падышаларын жана Тиглат-Пилесер... [III], Саргон, Санхейрип, Асардан, Ашшурбанипал деген ассирия падышаларын, ошондой эле Бенадат, Хазаел, Ретсин деген сирия падышаларын аныктаган» («The Bible in the British Museum»).

Дагы бир китепте Ыйык Жазмада баяндалган Ысрайыл менен Жүйүттүн тарыхы клинопись тексттери менен салыштырылган («The Bible and Radiocarbon Dating»). Анын жыйынтыгы кандай болгон? «Байыркы чет элдик булактарда кездешкен Жүйүт менен Ысрайылдын 15 же 16 падышасынын ысмы жана жашаган мезгили [Ыйык Китептин] Падышалар китебинде баяндалган маалыматка дал келет. Ошол чет элдик булактарда Падышалар китебиндеги падышалардын бири да айтылбай калган эмес жана аларда биз билбеген падышалардын бири да кездешпейт».

1879-жылы табылган белгилүү бир клинопись жазуусунда, Кир цилиндринде, б.з.ч. 539-жылы Вавилон басылып алынгандан кийин, Кирдин туткундагылардын өз мекенине кайтып барышына байланыштуу буйрук чыгарганы айтылат. Мекенине кайткан туткундардын арасында жүйүттөр да бар эле (Эзра 1:1—4). 19-кылымдагы көптөгөн окумуштуулар Ыйык Китепте жазылган бул буйруктун аныктыгына шек санашкан. Бирок Персия дүйнөлүк держава болуп турганда жазылган клинопистик текст, анын ичинде Кир цилиндри Ыйык Китепте айтылгандардын талашсыз чындык экенине жакшы далил болуп бере алат.

1883-жылы 700дөн ашык клинопись жазуулары Вавилондон анча алыс эмес жайгашкан Ниппур шаарынан табылган. Аларда айтылып өткөн 2 500 кишинин ичинен 70ке жакыны жүйүт экени аныкталган. Тарыхчы Эдвин Ямаучинин айтымында, алар «келишим түзгөн кишилер, ортомчулар, күбөлөр, салык жыйноочулар жана мамлекеттик ишмерлер» болгон. Жүйүттөрдүн ошол маалда Вавилондун тегерегинде иш жүргүзгөндүгү тууралуу маалымат чоң мааниге ээ. Анткени бул ысрайылдыктар менен жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ассирия менен Вавилондо калып, алардын «калдыгы» гана кайтып келери жөнүндөгү Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын так аткарылганын далилдейт (Ыш. 10:21, 22).

Биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта клинопись жазуулары алфавит жазуулары менен бирдей эле колдонулуп келген. Бирок ассириялыктар менен вавилондуктар бара-бара алфавит жазууларына өтүшүп, клинопись жазууларын колдонбой калышкан.

Музейлерде сакталган жүз миңдеген лооктор али да изилденбей жатат. Ал эми учурда окумуштуулар тарабынан чечмеленгендери — Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине эң сонун далил. Ким билет, балким, Ыйык Китепке байланыштуу дагы көптөгөн далилдер ачылбай жаткандыр.

[21-беттеги сүрөт]

Photograph taken by courtesy of the British Museum