Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Титке, Филемонго жана Эврейлерге жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Титке, Филемонго жана Эврейлерге жазылган каттардагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Титке, Филемонго жана Эврейлерге жазылган каттардагы урунттуу ойлор

ПАБЫЛ б.з. 61-жылы Римдеги биринчи камагынан бошотулганынан көп өтпөй Крит аралына барат. Ал жердеги жыйналыштардын рухий абалын байкаган Пабыл, аларды кайраттандырсын деп, Титти ошол жакка калтырат. Кийинчерээк ал, сыягы, Македониядан Титке жетекчилик берип, анын аткарып жаткан ишине колдоо көрсөтүү үчүн кат жазат.

Ал андан мурунураак, камактан бошотулар алдында, Колосада жашаган ишенимдеши Филемонго кат жазган. Ошол катында Пабыл Филемонго өтүнүч менен кайрылган.

Болжолу, б.з. 61-жылы ал Жүйүт аймагында жашаган эврей ишенимдештерине да кат жазат. Ал катында Пабыл жүйүт диний каада-салтына кармануу эмес, Исанын жолун жолдоо маанилүү экенин баса белгилейт. Бул үч катта тең биз үчүн пайдалуу кеңештер камтылат (Эвр. 4:12).

РУХИЙ ЖАКТАН БЕКЕМ БОЙДОН КАЛГЫЛА

(Тит 1:1—3:15)

Пабыл Титке «ар бир шаарда аксакалдарды дайындоону» тапшырат. Ошондой эле аны, жыйналыштагылар «ишенимин бекем сакташы үчүн», баш ийбегендерди «мындан ары да катуу ашкерелей берүүгө» чакырат. Андан тышкары, Криттеги жыйналыштардын бардыгын ыймансыздыкты четке кагууга жана «акыл-эстүүлүк... көрсөтүп жашоого» үндөйт (Тит 1:5, 10—13; 2:12).

Криттеги ишенимдештерине рухий жактан бекем бойдон калууга жардам берүү үчүн, Пабыл аларга дагы башка кеңештерди берген. Титке «акылсыз сураштырып-териштирүүлөрдөн... Мыйзамга байланышкан уруш-талаштардан качууну» да насааттаган (Тит 3:9).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Тит 1:15 — «Таза адамдар үчүн бардыгы таза. Ал эми булганган жана ишеними жок адамдар үчүн таза эч нерсе жок»,— дегенди кандай түшүнүүгө болот? Бул суроого жооп алуу үчүн, адегенде Пабылдын «бардыгы» деп эмнени айтканын билип алуу зарыл. Ал Кудайдын Сөзүндө түздөн-түз ашкереленген нерселер тууралуу эмес, Исанын жолдоочуларынын ар бири өз абийирине жараша чече турган нерселер жөнүндө айткан. Кудайдын талаптарына ылайык ой жүгүрткөн киши үчүн андай нерселер таза деп эсептелет. Ал эми ой жүгүртүүсү бурмаланган, абийири булганган киши үчүн «бардыгы таза» деп айтууга болбойт *.

Тит 3:5 — Исанын майланган жолдоочулары кандайча «тазаланып», «ыйык рух аркылуу жаңыланып» куткарылышкан? Кудай аларды Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде тазалап куткарган. Алар Кудайдын рухтан төрөлгөн уулдары катары «жаңы жаратуу» болуп, «ыйык рух аркылуу жаңыланышкан» (2 Кор. 5:17).

Биз алчу сабактар:

Тит 1:10—13; 2:15. Жыйналыштагы кандайдыр бир туура эмес иштерди ашкерелөө үчүн көзөмөлчүлөрдөн кайраттуулук талап кылынат.

Тит 2:3—5. Азыркы күндөгү жыйналыштагы рухий жактан жетилген улуураак аялдар, биринчи кылымдагыдай эле, «өздөрүн Кудайдан коркуу менен алып жүрүшү», «ушакчы жана шараптын кулу болбошу», «башкаларды жакшылыкка үйрөтүшү» керек. Ошондо жыйналыштагы «кыз-келиндер» алардын жекеме-жеке берген кеңешин жакшы кабыл алышат.

Тит 3:8, 14. «Жакшы иштерди кылууга көңүл коюу» «жакшы жана пайдалуу». Анткени бул Кудайга кылган кызматыбызда ийгиликке жетүүгө жана бул дүйнөдөн оолак болууга жардам берет.

«СҮЙҮҮ МЕНЕН ӨТҮНҮҮ»

(Флм. 1—25)

Филемон сүйүү жана ишеним көрсөтүү жагынан үлгүлүү болгондуктан, мактоого татыктуу эле. Анын ишенимдештерин сергиткени Пабылды «абдан кубандырып», «соороткон» (Флм. 4, 5, 7).

Пабыл, көзөмөлчүлөргө үлгү калтырып, Филемонго Онесимге кандай мамиле кылуу керектигин жазганда, буйрук берген эмес, «сүйүү менен өтүнгөн». Ал Филемонго: «Макул болоруңа ишенип жазып жатам, анткени мен айткандан да көптү кыларыңды билем»,— деген (Флм. 8, 9, 21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Флм. 10, 11, 18 — Башында «пайдасыз» болгон Онесим кийин кандайча «пайдалуу» болуп калган? Онесим Колосада жашаган Филемондун кулу болгон. Ал кожоюнуна баш ийбей, 1 400 километр алыс жайгашкан Римге качып кеткен. Көздөгөн жагына жетиш үчүн ал, кыязы, Филемондун акчасын уурдап да кетсе керек. Ошондуктан ал Филемон үчүн пайдасыз болгон. Бирок Римде жүргөндө, Пабыл ага Исанын жолдоочусу болууга жардам берген. Ошентип, мурун «пайдасыз» болгон кул, кийин «пайдалуу» болуп калган.

Флм. 15, 16 — Эмне үчүн Пабыл Филемондон Онесимди эркиндикке чыгарууну суранган эмес? Ал «Кудайдын падышалыгы жөнүндө кабар айтып, Мырзабыз Иса Машаяк тууралуу... окутуу» милдетин аткарууга умтулган. Ошондуктан кимдир бирөөнүн кул жалдоо сыяктуу жеке ишине кийлигишүүнү каалаган эмес (Элч. 28:31).

Биз алчу сабактар:

Флм. 2. Филемондун үйүндө жыйналыш өтүлчү. Биз да үйүбүздө кабар айтуу жолугушууларынын өтүлүп турушун чоң сыймык деп эсептейбиз (Рим. 16:5; Кол. 4:15).

Флм. 4—7. Биз сүйүү жана ишеним көрсөтүү жагынан үлгүлүү биртуугандарды мактоону унутпайбыз.

Флм. 15, 16. Жашоодогу жагымсыз жагдайлардан улам ашыкча тынчсызданбайлы. Анткени, Онесим менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, жагдай, акыры жакшы жакка өзгөрүшү ыктымал.

Флм. 21. Пабыл Филемондун Онесимди кечиришин каалаган. Биз да бизди таарынткан ишенимдештерибизди кечиришибиз керек (Мт. 6:14).

«ЖЕТИЛГЕНДИККЕ УМТУЛГУЛА»

(Эвр. 1:1—13:25)

Исанын курмандыгына ишенүүнүн Мыйзамдын иштеринен жогору экенин далилдеш үчүн, Пабыл Иса Машаяктын башкы динкызматчы катары ээлеген абалын жана курмандыгын баса белгилеген, ошондой эле жаңы келишимге көңүл бурган (Эвр. 3:1—3; 7:1—3, 22; 8:6; 9:11—14, 25, 26). Пабылдын ал айткандары Исанын жүйүттөр тарабынан куугунтукка алынган эврей жолдоочуларына жардам бергени шексиз. Ал эврей ишенимдештерин «жетилгендикке умтулууга» да чакырган (Эвр. 6:1).

Исага ишеним көрсөтүү канчалык маанилүү? «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деп жазат Пабыл. Ал эврейлерди «белгиленген жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгууга» чакырат (Эвр. 11:6; 12:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Евр. 2:14, 15 — Шайтандын «өлүмгө дуушар кыла ала турганы» анын каалаган кишисин мезгилсиз өлүмгө дуушар кыла аларын билдиреби? Жок, билдирбейт. Бирок Шайтандын Эйден багында айткан калпы бүт адамзатты өлүмгө дуушар кылып келет. Анткени ошол калптан улам Адам ата күнөө кетирип, күнөө менен өлүм анын урпактарына тукум кууп өткөн (Рим. 5:12). Андан тышкары, Шайтандын жердеги таламдаштары Кудайдын кызматчыларын куугунтуктап, атүгүл айрымдарын Исадай кылып өлтүрүп келишкен. Бирок бул Шайтандын каалаган кишисин эле жок кыла берерин билдирбейт. Антпесе, ал Жахабанын кызматчыларын эчак кырып жок кылып коймок. Жахаба жалпы элин коргойт, ошондуктан Шайтанга алардын атын өчүрүүгө жол бербейт. Кудай айрымдарыбыздын Шайтандын колунан өлүшүбүзгө жол берген күндө да, андан тарткан зыянды жок кыла турганына толук ишенсек болот.

Евр. 4:9—11 — «Кудайдын бейпилдигине кириш» үчүн эмне кылуу керек? Алты жаратуу күнү аяктаганда Кудай, өзүнүн жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниети сөзсүз аткарыларына шектенбегендиктен, эс алган, башкача айтканда, жаратууну токтоткон (Башт. 1:28; 2:2, 3). Биз Исага жана анын курмандыгына ишеним көрсөтүп, Кудайдын куткаруу үчүн караштырган чараларын кабыл алуу менен ошол «бейпилдикке киребиз». Жахабага ишенсек жана өз кызыкчылыктарыбызды көздөбөй, анын Уулунун жолун тилалчаактык менен жолдосок, ар дайым жандүйнө бейкуттугуна ээ болуп, «жаныбыз сергийт» (Мт. 11:28—30).

Евр. 11:10, 13—16 — Ыбрайым эмне болгон «шаарды» күткөн? Ал кадимки эмес, Иса Машаяк менен анын 144 000 кошо башкаруучулары түзгөн каймана маанидеги шаарды — «асмандагы Иерусалимди» — күткөн. Исанын асман даңкына ээ болгон кошо башкаруучулары «ыйык шаар», «Жаңы Иерусалим» деп да аталат (Эвр. 12:22; Аян 14:1; 21:2). Ооба, Ыбрайым Кудайдын Падышалыгы астында жашоону күткөн.

Евр. 12:2 — Иса алдыдагы кандай «кубанычка» ээ болуу үчүн «жаза устунунда өлгөн»? Исаны алдыда күтүп турган кубаныч анын кызматынын аркасында Кудайдын ой-ниеттеринин ишке ашышы болгон. Аларга Кудайдын ысмынын ыйыкталышы, башкарууга укуктуу экенинин далилдениши жана адамзатты өлүмдөн куткаруу үчүн кун төлөнүшү кирген. Исаны адамзаттын жыргалчылыгы үчүн Падыша жана башкы динкызматчы болуу кубанычы да күтүп турган.

Евр. 13:20 — Жаңы келишим эмне себептен «түбөлүк келишим» делет? Анын үч себеби бар: 1) ал эч качан алмашылбайт, 2) анын аркасында ишке аша турган нерселер түбөлүктүү жана 3) «башка койлор» жаңы келишимдин баталарын Армагедондон кийин да ала беришет (Жкн. 10:16).

Биз алчу сабактар:

Евр. 5:14. Биз Кудайдын Сөзү Ыйык Китепти кылдат изилдеп, андан үйрөнгөндөрүбүздү иш жүзүндө колдонушубуз керек. Ошондо гана «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө» үйрөнөбүз (1 Кор. 2:10).

Евр. 6:17—19. Үмүтүбүздү Кудайдын убадасына жана антына бекем негиздесек, чындык жолунан тайбайбыз.

Евр. 12:3, 4. Биз анча-мынча сыноолордон же каршылыктардан улам «чарчап, алдан тайып калгыбыз» келбейт. Ошондуктан жетилгендикке умтулуп, сыноолорду көтөрө билүүгө үйрөнүшүбүз зарыл. Каныбыз төгүлгүчө күрөшүүгө, башкача айтканда, өлүмгө да даяр болушубуз керек (Эвр. 10:36—39).

Евр. 12:13—15. Биз «дайыма түз жолдор менен басышыбыз» үчүн, «уу тамырдын» — жыйналыштагы иштердин аткарылып жаткан жолуна сын көзкарашта болгондордун — таасирине алдырбоого тийишпиз.

Евр. 12:26—28. Кудай эмес, «башка бирөө жараткан нерселер» — азыркы түзүлүштүн баары жана бузуку «асман» — жакында «солкулдатылат», башкача айтканда, жок кылынат. Ошондо «титиребеген нерселер» — Кудайдын Падышалыгы жана аны жактагандар — гана зыян тартпайт. Андыктан Падышалык тууралуу ынталуу кабар айтып, анын жол-жоболоруна ылайык жашашыбыз маанилүү!

Евр. 13:7, 17. Бул чакырыкка баш ийип, көзөмөлчүлөргө тил алсак, жыйналыштагы кызматташуу рухуна салым кошобуз.

[Шилтемелер]