Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын кызматчылары чыныгы үмүткө ээ

Жахабанын кызматчылары чыныгы үмүткө ээ

Жахабанын кызматчылары чыныгы үмүткө ээ

«Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй... болот, ал... адам уулдарына таянбайт» (МИХЕЙ 5:7).

1. Кандайча рухий Ысрайыл сергитүүнүн булагы болууда?

ЖАМГЫР менен шүүдүрүмдүн жаратуучусу — Жахаба. Бул табият кубулуштарын адамдардан күтүү куру бекер нерсе. Михей пайгамбар: «Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай болот, ал адамга көз каранды болбойт жана адам уулдарына таянбайт»,— деп жазган (Михей 5:7). «Жакыптын калдыгын» бүгүн кимдер түзөт? Алар — рухий ысрайылдыктар, «Кудайдын Ысрайыл элинин» калдыгы (Галаттыктарга 6:16). Жердеги «көп элдер» үчүн алар Жахабадан түшкөн жан сергитерлик «шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай». Ооба, Ыйсанын бүгүнкү майланган жолдоочулары элдер үчүн Кудайдан тийген бата болууда. Жахаба аларды Падышалыктын жарчылары катары адамдарга чыныгы үмүт жөнүндөгү кабарын жеткирүү үчүн колдонуп жатат.

2. Тынчы жок дүйнөдө жашап жатканыбызга карабай, биз эмне себептен чыныгы үмүткө ээбиз?

2 Бул дүйнөдө чыныгы үмүтүн жоктугу таң калыштуу эмес. Саясый туруксуздук, адеп-ахлактын төмөндөшү, кылмышкерлик, экономикалык кризис, террорчулук, согуштар — Шайтан Ибилистин бийлиги астындагы дүйнөдө өкүм сүрүүгө тийиш болгон нерселер (1 Жакан 5:19). Көптөр келечегин ойлоп кооптонушат. Ал эми Жахабанын табынуучуларында андай коркунуч жок, анткени биздин келечекке болгон үмүтүбүз бекем. Ал үмүт — чыныгы үмүт, себеби Кудайдын Сөзүнө негизделет. Биз Жахабага жана анын Сөзүнө ишенебиз, анткени анын убадалары дайыма аткарылат.

3. Эмен үчүн Жахаба ысрайы менен Жүйүткө каршы чыкканы жаткан? б Эмне үчүн Михейдин сөздөрү бүгүнкү күнгө да тиешелүү?

3 Кудайдын жетеги менен жазылган Михейдин пайгамбарлыгы бизге Жахабанын ысмы менен жүрүүгө дем-шык берип, чыныгы үмүткө ээ болууга негиз түзөт. Б.з.ч. VIII кылымда, Михей пайгамбарчылык кылган убакта, Кудай менен келишимде турган эл Ысрайыл жана Жүйүт болуп эки элге бөлүнүп, экөө тең Кудайдын келишимин баркка албай калышкан эле. Бул адеп-ахлактын төмөндөшүнө, ишенимден чегингендикке жана дүнүйөкордукка алып келген. Ошондуктан Жахаба аларга каршы чыгарын эскерткен. Албетте, Кудайдын эскертүүлөрү Михейдин замандаштарына жолдонгон болчу. Бирок бүгүнкү күндөгү жагдай Михейдин убагындагы жагдайга абдан окшош болгондуктан, анын сөздөрүнүн биздин мезгилге да тиешеси бар. Буга биз Михей китебиндеги жети баптан айрым урунттуу ойлорду карап чыгуу менен ынана алабыз.

Михей китебинин кыскача мазмуну

4. Михей китебинин 1—3 баптарында кандай маалымат берилет?

4 Эмесе, Михей китебинин мазмунун кыскача карап чыгалы. Жахаба 1-бапта Ысрайыл менен Жүйүттүн ыймансыздыгын ашкерелейт. Өзүнүн күнөөлөрүнүн айынан Ысрайыл жок кылынат жана Жүйүткө жиберилген жаза Иерусалимдин дарбазаларына чейин жетет. 2-бапта колунда байлыгы, бийлиги барлардын алсыздарды, бей-бечараларды кысымга алып жатканы баяндалат. Бирок анда Кудайдын өз элинин чогултулуп, биримдүү болору жөнүндөгү убадасы да камтылган. 3-бапта Жахабанын эл башчыларына жана күнөөкөр пайгамбарларга чыгарган өкүмдөрү билдирилет. Ал эл башчылары адилеттикти бурмалап жатышат, ал эми пайгамбарлар калп айтышууда. Буга карабастан, Михей Жахабанын жакындап келаткан сотун жарыялоого ыйык рух аркылуу дайындалган.

5. Михей китебинин 4, 5–баптарынын мазмуну кандай?

5 Төртүнчү бапта акыркы күндөрдө Жахабанын жолдорун үйрөнүш үчүн бардык элдер анын үйүнүн бийик тоосуна чыгары алдын ала айтылат. Ага дейре Жүйүт Бабылга туткунга алынышы керек, бирок Жахаба аны куткарат. 5-бапта Мессиянын Жүйүт аймагындагы Бейт-Лехемде төрөлөрү айтылат. Ал өз элин кайтарып, аларды ырайымсыз элдерден куткарат.

6, 7. Михейдин пайгамбарлыгынын 6, 7-баптарында кандай ойлор бар?

6 Михей 6-бапта Жахабанын сотто өз элине каршы айткан айыптоолору жазылган. Козголоң чыгаргыдай Кудай аларга эмне кылды? Эчтеке. Чындыгында, анын талаптары эң эле жүйөлүү. Ал өзүнүн табынуучуларынын адилет, кайрымдуу жана анын алдында момун болушун каалайт. Анткендин ордуна, Ысрайыл менен Жүйүт козголоңчулдуктун жолуна түштү, ошондуктан мунун кесепетин өз баштары менен тартууга тийиш.

7 Михей пайгамбарлыгынын акыркы бабында замандаштарынын мыйзамсыздыгын айыптайт. Бирок ал көңүлүн чөктүрбөйт, анткени «Кудайга таянууга» бел байлайт (Михей 7:7). Китептин соңунда Жахабанын өз элине ырайым кыларына ишеним айтылат. Бул үмүттүн орундалганын тарых тастыктап турат. Б.з.ч. 537-жылы Жахаба элин тартипке салып бүткөн соң, ырайымдуулук көрсөтүп, калдыкты өз жерине алып келген.

8. Михей китебинин мазмунун кантип жалпылайт элеңер?

8 Михей аркылуу Жахаба кандай сонун маалымат берген! Ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул китепте эскертүү иретиндеги мисалдар берилет: Кудай ага кызмат кылабыз дегени менен, ишенимсиз болгон адамдарга кандай мамиле кылары көрсөтүлөт. Мындан сырткары, бүгүн болуп жаткан окуялар алдын ала айтылат. Ошондой эле бул китеп аркылуу Кудай бизге үмүтүбүздү бекем сактоо үчүн ушул оор убакта өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керектигине карата кеңештерди берет.

Эгедер Теңир Жахаба сүйлөйт

9. Михей 1:2ге ылайык, Жахаба эмне кылганы жаткан?

9 Келгиле эми, Михей китебин тереңирээк карап чыгалы. Михей 1:2де: «Бардык элдер, уккула, бүт жер жүзү жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Теңир, Теңир, Өзүнүн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы күбө болсун!» — деп айтылат. Эгерде сен Михейдин убагында жашаган болсоң, бул сөздөр сөзсүз назарыңды өзүнө бурмак. Азыр да бурат, анткени Жахаба өзүнүн ыйык ийбадатканасынан сүйлөп жатат жана Ысрайыл менен Жүйүткө эле эмес, бардык жердеги адамдарга кайрылып жатат. Михейдин күндөрүндө адамдар Эгедер Теңир Жахабаны көп мезгил бою четке кагып келишкен. Бирок Жахаба чечкиндүү иш-аракет кылууга бел байлагандыктан, жагдай өзгөргөнү жаткан.

10. Эмне үчүн Михей 1:2деги сөздөр биз үчүн маанилүү?

10 Азыркы убакта да жагдай ошондой. Аян 14:18—20-аяттарда көрсөтүлгөндөй, Жахаба кайрадан өзүнүн ыйык ийбадатканасынан сүйлөп жатат. Ал жакында чечкиндүү иш-аракет кылат жана зор маанилүү окуялар адамзатты кайрадан «силкилдетет». Бул жолу «жер үстүндөгү [ыймансыз] жүзүмдөр» Жахабанын каары толтурулган жүзүм сыгылуучу жайга ыргытылып, Шайтандын түзүлүшү толугу менен талкаланат.

11. Михей 1:3, 4-аяттардагы сөздөр кандай маанини туюнтат?

11 Жахабанын эмне кылганы жатканын уксаңар. Михей 1:3, 4-аяттарда: «Мына, Теңир Өз ордунан чыгып келе жатат, түшүп келип, жердин бийик жерлеринде басат. Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт»,— деп айтылат. Жахаба асмандагы турак-жайынан түшүп келип, тоолорду жана Убадаланган жердин өрөөндөрүн түзмө-түз эритеби? Жок. Мунун эч кандай зарылдыгы жок. Кудай тек гана жерге көңүлүн буруп, эркинин аткарылышына көз салат. Андан тышкары, жогоруда сүрөттөлгөн кубулушка түзмө-түз жер эмес, жердин тургундары дуушар болушат. Жахаба иш-аракет кылганда, мунун натыйжасы ишенимсиздер үчүн каргашалуу болот. Бул тоолордун момдой эригенине жана өрөөндөрдүн жертитирөөдөн бөлүнгөнүнө салыштырылат.

12, 13. 2 Петир 3:10, 11-аяттарга ылайык, үмүтүбүздү эмне бекем кылат?

12 Михей 1:3, 4-аяттардагы пайгамбарлык сөздөр жерде боло турган каргашалуу окуялар алдын ала айтылган дагы бир пайгамбарлыкты эсибизге салат. 2 Петир 3:10до элчи Петир: «Теңирдин күнү ууру сыяктуу келет. Ошол күнү асман чарт-чурт этип жок болот, жандуу, жансыздын баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндө жасалган нерсенин баары өрттөнүп кетет»,— деп жазган. Михейдин пайгамбарлыгы сыяктуу эле, Петирдин сөздөрү түзмө-түз асманга жана жерге карата айтылган эмес. Ал сөздөр ушул кудайсыз дүйнөгө келе турган улуу кайгыга тиешелүү.

13 Ал кырсыктын келатканына карабай, Ыйсанын жолдоочулары, Михей сыяктуу эле, келечекке үмүт менен карай алышат. Кантип? Петирдин катындагы кийинки аятта берилген кеңешке ылайык иш кылуу менен. «Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек»,— деп үн салат элчи (2 Петир 3:11). Эгерде жүрөгүбүздү тил алчаактыкка үйрөтүп, жүрүм-турумубузду ыйык сактасак жана жашообуз Кудайга берилгендик менен коштолсо, келечекке болгон үмүтүбүздүн аткарыларына ишенимдүү болобуз. Үмүтүбүздү бекем сактоо үчүн, Жахабанын күнү сөзсүз келерин да эсибизде сакташыбыз керек.

14. Ысрайыл менен Жүйүт жазаланууга эмне үчүн татыктуу болушкан?

14 Жахаба байыркы элинин жазаланууга эмне себептен татыктуу экенин Михей 1:5те төмөнкүчө түшүндүрөт: «Мунун баары Жакыптын ыймансыздыгы үчүн, Ысрайылдын күнөөсү үчүн болот. Жакыптын ыймансыздыгы ким? Самария эмеспи? Жүйүт аймагындагы курмандык чалынуучу бийик жерлерди ким орнотту? Иерусалим эмеспи?» Ысрайыл менен Жүйүт өздөрүнүн бар болгону үчүн Жахабага милдеттүү. Ошондой болсо да, алар Кудайга каршы чыгып, жадагалса өздөрүнүн борбор шаарлары Самария менен Иерусалимде да козголоң чыгарышат.

Мыйзамсыз иштердин арбындашы

15, 16. Михейдин замандаштары кандай мыйзамсыз иштер үчүн айыптуу болушкан?

15 Михейдин замандаштарынын мыйзамсыздыгы Михей 2:1, 2-аяттарда айкын сүрөттөлөт: «Мыйзамсыздык ойлогондорго жана төшөгүндө жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди таң агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда күч бар. Талааларды каалашат, аларды күч менен тартып алышат, үйлөрдү каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды үйү менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат».

16 Ачкөз адамдар түндө уктабай коңшуларынын талааларын, үйлөрүн тартып алууну ойлошот. Таң атканда ойлорун турмушка ашырууга шашылышат. Жахабанын осуяттарын унутушпаса, алар андай мыйзамсыз иштерди кылышмак эмес. Мусанын мыйзамында кембагалдарды коргоого кам көрүлгөн. Ал мыйзам боюнча, эч бир үй-бүлө өз мурасынан ажыратылбашы керек. Бирок тиги ачкөз адамдар үчүн баары бир. Алар Лебилер 19:18деги: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген сөздөрдү капарына алышпайт.

17. Кудайга кызмат кылам деп ырастагандар материалдык нерселерди биринчи орунга койгондо эмне болушу мүмкүн?

17 Бул мисал Кудайга кызмат кылам деп ырастаган адамдар алдына рухий максаттарды койбой, биринчи кезекте материалдык нерселерге умтулганда эмне болорун көрсөтүп турат. Пабыл өзү жашаган убактагы ишенимдештерин: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат»,— деп эскерткен (1 Тиметейге 6:9). Адамдын жашоодогу негизги максаты акча табуу болсо, ал чындыгында жалган кудайга — байлыкка — табынып жаткан болот. Бул жалган кудай келечекке карата бекем үмүт сунуш кыла албайт (Матай 6:24).

18. Михейдин убагында жашаган дүнүйөкорлорду эмне күтүп турган?

18 Михейдин убагында жашаган көп адамдар материалдык нерселерге таянуу тек гана курулай убаракерчилик экенине өздөрүнүн ачуу тажрыйбасынан ынанышкан. Михей 2:4кө ылайык, Жахаба мындай дейт: «Ошол күнү силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: „Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бөтөн урууларга бөлүнүп берилди“,— дешет». Ооба, үйлөрдү, талааларды уурдап-тоногондор өздөрүнүн үй-бүлөлүк мурасынан айрылышат. Алар чоочун өлкөгө айдалат, ал эми мал-мүлктөрү «бөтөн урууларга», атап айтканда, башка элдерге олжо болот. Алардын бай жашоого болгон бардык үмүттөрү ойрон болот.

19, 20. Жахабага таянган жүйүттөр эмне болгон?

19 Бирок Жахабага таянгандардын үмүтү ишке ашпай койбойт. Жахаба Ыбрайым жана Дөөт менен түзгөн келишимдерине бек турат жана Аны Михейге окшоп сүйгөндөргө жана мекендештеринин Кудайдан алыстап кеткени үчүн кайгыргандарга ырайым көрсөтөт. Адил адамдар үчүн Кудай белгилеген убакта баары калыбына келтирилет.

20 Бул б.з.ч. 537-жылы, Бабыл кулагандан кийин жана жүйүттөрдүн калдыгы өздөрүнүн мекенине кайтып келгенде болгон. Ал убакта Михей 2:12деги сөздөр биринчи жолу аткарылган. Ал жерде Жахаба: «Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сөзсүз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлорго окшотуп, бир короодогу койлорго окшотуп, бир жерге чогултам. Алар элинин көптүгүнөн ызы-чуу болушат»,— дейт. Жахаба кандай мээримдүү! Ал өз элин тартипке салган соң, калдыктын кайтып келип, ата-бабаларына берилген жерде кызмат кылуусуна жол берет.

Биздин убактагы таң калыштуу окшоштуктар

21. Кандайча азыркы убактагы жагдай Михейдин убагындагы жагдайга окшош?

21 Ошентип, Михей китебинин алгачкы эки бабын карап чыктык. Ошол убакта болгон көп нерселердин бүгүнкү күндөгүгө окшош экени таң калтырган жокпу? Михейдин убагындагыдай эле, азыр көптөр Кудайга кызмат кылам деп ырастайт. Бирок, Жүйүт менен Ысрайыл сыяктуу, алардын ортосунда биримдик жок; алар жадагалса бири-бирине каршы согушушат. Христиан дүйнөсүндө көптөгөн байлар жакырларды эзишет. Диний жетекчилер барган сайын Ыйык Китепте ачык айыпталган иштердин жасалып жатканына көз жумду мамиле кылышат. Ошондуктан христиан дүйнөсүнүн жакында «Улуу Бабылдын» — жалган диндердин дүйнөлүк империясынын — калган бөлүгү менен кошо жок болору бышык! (Аян 18:1—5). Бирок, Михейдин убагында көрсөтүлгөндөй, жерде Жахабанын ишенимдүү кызматчылары калат.

22. Кайсы эки топ Кудайдын Падышалыгына үмүттөнөт?

22 Ыйсанын ишенимдүү майланган жолдоочулары 1919-жылы христиан дүйнөсүнөн толугу менен бөлүнүп чыгып, Падышалыктын жакшы кабарын бардык элдерге жарыялай баштаган (Матай 24:14). Адегенде алар рухий Ысрайылдын калган мүчөлөрүн издешкен. Кийин «башка койлор» чогултула баштаган жана бул эки топ биригип, бир койчунун көзөмөлүндөгү «бир короо» болгон (Жакан 10:16). Алар азыр Кудайга 234 өлкөдө кызмат кылып жатышканы менен, Жахабанын бул ишенимдүү табынуучуларын биримдик айырмалап турат. Азыр короонун ичи «элдин көптүгүнөн ызы-чуу». Алар бул дүйнөгө эмес, жакында жерди бейишке айланта турган Кудайдын Падышалыгына үмүттөнүшөт.

23. Үмүтүңдүн бекем экенине эмне үчүн көзүң жетет?

23 Жахабанын ишенимдүү табынуучулары тууралуу Михей китебинин 2-бабынын акыркы аятында: «Алардын алдында өздөрүнүн падышасы барат, ал эми алардын башында Теңир барат»,— деп айтылат. Падышаң Ыйса Машайакты ээрчип, Жахаба өзү башында турган ошол жеңиш жүрүшүндө баратканыңды элестете аласыңбы? Элестете алсаң, сөзсүз жеңишке жетериңе жана үмүтүңдү бекем сактап жатканыңа шектенбесең болот. Буга Михейдин пайгамбарлыгынын башка да урунттуу жерлерин карап чыгуу менен дагы көбүрөөк ынана алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Михейдин убагында Жахаба эмне үчүн Жүйүт менен Ысрайылга каршы иш-аракет жасоону чечкен?

• Кудайга кызмат кылабыз деп ырастагандар материалдык кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондо эмне болушу мүмкүн?

• Михей китебинин 1, 2-баптарын карап чыккан соң, эмне үчүн үмүтүңдүн бекем экенине ынана алдың?

[Изилдөө суроолору]

[7-беттеги сүрөт]

Михейдин пайгамбарлыгы рухийлигибизди бекемдейт.