Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Порнография

Порнография

Ыйык Китепте порнографиянын жаман экени айтылабы?

«Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот» (Матай 5:28).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Бүгүнкү күндө порнография болуп көрбөгөндөй кулач жайды. Кудайга жаккыбыз жана бактылуу болгубуз келсе, Кудайдын порнографияга карата болгон көз карашын билишибиз керек.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте порнография жөнүндө түздөн-түз айтылбаса да, ал андагы көптөгөн принциптерге карама-каршы келет.

Мисалы, Ыйык Китепте үй-бүлөлүү эркек жубайы болбогон «аялды кумарлануу менен карап», аны менен жыныстык катнашта болууну самаса, ойноштукка барары айтылган. Бул принцип жыныстык катнашта болгусу келип, порнографияны «карай берген» үй-бүлөлүү адамга да, үй-бүлө кура элек адамга да тиешелүү. Порнография көрүү Кудайга жакпайт.

Порнография бузуктукка алып барбаган күндө да жаман деп эсептелеби?

«Андыктан бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго... азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (Колосалыктар 3:5).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрым изилдөөчүлөр порнография бузуктукка алып барбайт деп айтышат. Ошондой болгон күндө да, порнография көрүү адеп-ахлаксыз иш кылганга жатабы?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте «адепсиз тамашалардын» Кудайга жакпай турганы айтылат (Эфестиктер 5:3, 4). Эгер адепсиз тамашалар Кудайга жакпаса, анда порнография тууралуу эмне айтууга болот? Бүгүнкү күнү порнография өз ичине адамдардын бузуктук кылып жатканы, бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашта болуп жатканы жана бузуктуктун дагы башка түрлөрү көрсөтүлгөн тасмаларды камтыйт. Мындай нерселерди көргөн киши ыпылас нерселер жөнүндөгү тамашаларды айткан кишиге караганда Кудайды көбүрөөк капалантат.

Изилдөөчүлөр порнография көргөн кишинин кумарланып отуруп, бузуктукка барарынан дагы деле шек санап келишет. Бирок Ыйык Китептен порнографияны көрүүнүн өзү эле адамдын Кудай менен болгон мамилесин бузарын жана Аны капалантарын билүүгө болот. Ыйык Китепте: «Бузуктукка, ыпыластыкка... азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деп айтылат (Колосалыктар 3:5). Порнография көргөндөр бул кеңешке каршы иш кылып, жаман каалоолорун тыйгандын ордуна, күчөтүшөт.

Порнографиядан алыс болгонго эмне жардам берет?

«Жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле... Жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты жакшы көргүлө» (Амос 5:14, 15).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте мурда бузуктук кылгандардын, аракечтердин, уурулук кылып жүргөндөрдүн оңолгону айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11). Аларга эмне жардам берген? Алар Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонуп, жамандыкты жек көргөнгө үйрөнүшкөн.

Порнография көрүүнүн канчалык кесепеттүү экени жөнүндө ойлонуу аны жек көргөнгө жардам берет. Юта штатындагы бир университеттин жүргүзгөн изилдөөсүнөн порнография көргөндөрдүн «депрессия болору, элден обочолонору, башкалар менен болгон мамилеси бузулары» жана башка кыйынчылыктарга кабылары айкын болгон. Андан да жаманы, өйдөдө сөз кылынгандай, бул Кудайга жакпагандыктан адамды Кудайдан алыстат.

Ыйык Китеп бизге жакшылыкты сүйгөнгө түрткү берет. Аны канчалык көп окусак, анда жазылган мыйзам-осуяттарды ошончолук жакшы көрө баштайбыз. Бул болсо бизге порнографиядан алыс болуп: «Көз алдыма пайдасы жок нерселерди койбойм»,— деген Дөөтү пайгамбардыкындай көз карашта болгонго жардам берет (Забур 101:3).