Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«Уюлдук телефон сүйлөшкүң келбеген киши менен сүйлөшпөй койгонго жардам берет. Уюлдук телефону бар адамдардын 13 пайызы тегерегиндеги адамдар менен сүйлөшпөш үчүн телефон менен сүйлөшүп жаткандай түр көрсөтүшөт» («PEW RESEARCH CENTER», АКШ).

Бир изилдөөдөн байкалгандай, Арктикадагы муз каптаган аймак акыркы беш жылдагы жай айларында башка жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк кичирейген («БИ-БИ-СИ КАБАРЛАРЫ», УЛУУ БРИТАНИЯ)

«Африкадагы жер айдоого жарактуу жерлердин 47ге жакын пайызы иштетилбей жатат» («THE WITNESS», ТҮШТҮК АФРИКА).

«Акыркы он-он беш жылдын ичинде10 өлкөдө (Нидерландия, Бельгия, Канада, Испания, Түштүк Африка, Норвегия, Швеция, Португалия, Исландия, Аргентина) бир жыныстагы адамдардын никесин каттоо мыйзамдаштырылган» («FAMILY RELATIONS», АКШ).

Көптөрдү жабыркаткан «толкундоолор»

Түндүк Ирландияда жүргүзүлгөн бир сурамжылоо көрсөткөндөй, ал жердеги диний жана саясий топтордун ортосунда болгон кагылышуулардан жабыркагандар көп болгон. Дээрлик 30 жылга созулган, «Толкундоолор» деп аталган ал кагылышуулардан Ирландиянын калкынын үчтөн эки бөлүгү жараат алган. Ольстер Бэмфорд университетиндеги психикалык ден соолук борборунун изилдөөсүнө ылайык, Түндүк Ирландия калкынын ар бир онунчусу жашоосунун кайсы бир мезгилинде жарааттан кийин болуучу психикалык бузулуунун айынан кыйналат («University of Ulster’s Bamford Centre for Mental Health and Wellbeing»). «Айриш таймс» гезитинде айтылгандай, бул — «дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири». Ошондой эле ал гезитте: «Ал толкундоолор дүйнөдөгү эң чоң кагылышуулардын катарына кирет жана ал кагылышуунун айынан Ирландиядагы ар бир 500 кишинин бири өлүмгө кириптер болгон»,— деп айтылган.

Жаратылыштагы өзгөрүүлөргө таң калбай деле калышты

Кошмо Штаттарда жаратылышта барган сайын көп өзгөрүүлөр болууда. Сел каптоо, кургакчылык, бороон-чапкындар абдан көп болгондуктан, америкалыктар буга таң калбай деле калышты. «Тынчсызданган окумуштуулардын бирикмеси» тарабынан уюштурулган бир жолугушууда Техас технология университетинде эмгектенген климатолог Кэтрин Кейхо кесиптештерине: «Биз аба ырайындагы айрым өзгөрүүлөргө көнгөнбүз, бирок азыркы учурда жаратылышта адам баласы көнүп кете албаган өзгөрүүлөр биринен сала бири болуп жатат»,— деген. Кейхо жана анын кесиптештеринин айтымында, дүйнө жүзү боюнча мындай өзгөрүүлөрдүн болушуна жана аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө адам баласынын иш-аракеттери себеп болууда.