Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чынчыл болуунун пайдасы

Чынчыл болуунун пайдасы

Чынчыл болуунун пайдасы

«Алдамчылык менен тапкан наны адамга таттуу сезилет, бирок кийин анын оозу шагылга толот» (Накыл сөздөр 20:17).

ИЙГИЛИККЕ жетиш үчүн сөзсүз алдоо керекпи? Жок. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, «калптын арышы кыска». Эмне үчүн мындай деп айтууга болот? Анткени бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың. Ал эми чынчыл болсоң, башкалар сага ишеним артат. Мына ушул ийгиликтин ачкычы.

Ишеничтүү болуунун пайдасы

Чынчыл болсоң, ийгиликке жете аласың. Кээде өзүң байкабасаң да, ийгилигиң ошондон көз каранды болуп калат. Буга чейинки макалада айтылган Френц ушул сөздөрдүн калетсиз экенине кошулат. Ал мындай дейт: «Жумушка жаңы орношконумда, жетекчилерим канчалык чынчыл экенимди байкаш үчүн мага билгизбей бир нече жолу сынап көрүшүптүр. Алардын сынагынан өткөнүмдү кийин билдим. Ошондон тартып жетекчилерим мага көбүрөөк ишеним артып, чоң жоопкерчиликтерди тапшыра башташты, чынчыл болгонум үчүн сыйлык да беришти. Жумушумда менден да кыйын, менден да акылдуу, жумушту менден да жакшы аткаргандар бар. Бирок, менин оюмча, азыркы жумушумда жетекчилерим мага ишенгендиктен иштеп жатам».

Шектүү сунуштарды четке кагуу

Мурунку макалада айтылган Дейвид мындай деп ой бөлүшөт: «Бир аз болсо да пайда көрүш үчүн, алдап, туура эмес иш кылгандарды көп көрдүм. Бирок алдамчылык менен иш кылсаң, анын кесепетин сөзсүз тартасың. Биздин ишкана шектүү сунуштардан көп жолу баш тарткан. Ал эми андай сунуштарды кабыл алган көптөгөн ишканалар кийин жабылып калып, айрым жумушчулары соттолуп кеткен. Биз болсо андай кыйынчылыктарга дуушар болгон жокпуз».

Африканын түштүк-чыгышында жашаган, мал кармаган Кен ферма ачканда мамлекеттик кызматкерлерге пара берип, фермага керектүү жабдууларды тезирээк ала алмак, салык төлөөдөн да кача алмак. Ал мындай дейт: «Көптөгөн фермерлер ушундай кылышчу. Бирок биз баарын чынчылдык менен кылгандыктан фермага керектүү нерселерди он жыл дегенде араң алдык. Ошенткенибиз туура болуптур, анткени пара алган кызматкерлер тиги фермерлерден кийин деле акча сураганын токтотушкан жок».

Экономикалык кыйынчылыктарга кабылганда...

Адатта, көптөр иши жүрбөй жаткан маалда алдап, туура эмес иш кылууга азгырылышы мүмкүн. Бирок андай учурларда да чынчылдыктын канчалык маанилүү экени айкын болот.

Кошмо Штаттардагы курулуш ишканалары экономикалык кыйынчылыкка дуушар болгон маалда Бил деген кишинин ишканасы жабылып калган. Ал мындай дейт: «Көптөгөн кардарларыбыз биз менен иштешпей калгандыктан, жүз миңдеген долларлардан кол жууп калдык. Кайра бутубузга турарыбыздан үмүттөнбөй калганда бизди жумушка алышын суранып, башка курулуш ишканасына кайрылдым. Ошондон эки күн өткөндөн кийин алар мени менен кошо жумушчуларымдын көбүн жумушка алышты. Алар жумушту жакшы аткарарымды, чынчыл экенимди билишерин айтышты».

Жогоруда айтылгандар — Жахабанын Күбөлөрү. Алар жашоосунун бардык тармагында, анын ичинде ишкердик мамилелерде да Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык иш кылышат. Бул макаладан билгенибиздей, алардын чынчыл болгону ийгиликке жетүүгө тоскоолдук кылган эмес, тескерисинче, пайда алып келген.

Айрым учурда алдамчылыкка баруунун пайдасы бардай сезилген жагдайлар болушу мүмкүн. Бирок чынчыл болуу акча жагынан гана пайда алып келеби?

[6-беттеги кыстарма]

Чынчыл болсоң, ийгиликке жете аласың. Кээде өзүң байкабасаң да, ийгилигиң ошондон көз каранды болуп калат

[7-беттеги сүрөт]

«Алар жумушту жакшы аткарарымды, чынчыл экенимди билишерин айтышты» (Бил, Кошмо Штаттар).