Денге. Кулач жайып бараткан дарт
Денге. Кулач жайып бараткан дарт
«Морелос штатынын саламаттык сактоо органдары... Емилиано Запата шаарынын саламаттык сактоо департаменти менен биргеликте Жахабанын Күбөлөрүнө жыйналыш өткөргөн жердин... айланасын денге лихорадкасын жугузуучу желимчилердин (москиттердин) көбөйүшүнө шарт түзгөн нерселерден таза сактаганы үчүн мактоо баракчасын тапшырды».
МЕКСИКА өкмөтүнүн денге лихорадкасын жугузуучу желимчилердин көбөйүп баратканына тынчсызданганы жүйөөлүү. Анткени желимчилер денге лихорадкасын козгогон вирусту алып жүрөт. 2010-жылы Мексикада 57 миңден ашуун киши өмүргө коркунуч туудурган бул вирусту жуктуруп алган. Бирок Мексика денге лихорадкасы кеңири тараган 100дөн ашык өлкөнүн бири гана. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсептөөсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 50 миллиондой киши денге лихорадкасын жуктуруп алат. Ал эми беш кишинин экөө бул дартты жуктуруп алуу коркунучунун алдында турат. Ошондуктан саламаттык сактоо органдары денге лихорадкасын чакырган вирусту алып жүрүүчү желимчилердин түрүн (Aedes aegypti деп аталган түрүн) жок кылуу боюнча атайын программа иштеп чыгышкан *.
Денге лихорадкасы тропикалык жана субтропикалык алкактарда кеңири тараган. Бул дарт, өзгөчө, жаан-чачындуу мезгилде жана табигый кырсыктардан кийин, мисалы, куюн болгондон же сел каптагандан кийин күч алат. Себеби желимчинин ургаачысы суу туруп калган жерге жумурткалайт *. Латын Америкасында жана Кариб аралдарында жашаган элдин көбү сууну бетондон жасалган чуңкурларда сактагандыктан, ден соолук боюнча адистер андай жерлерде чуңкурдун үстүн жаап коюуну кеңеш кылышат. Бул желимчилердин көбөйүп кетишинен сактайт. Ошондой эле суу туруп калган эски дөңгөлөктөрдүн, темир жана желим идиштердин, гүл челектердин короодо болбошуна кам көрүү менен желимчилердин көбөйүп кетишине бөгөт койсо болот.
Денге лихорадкасын аныктоо жана аны менен күрөшүү
Денге лихорадкасынын белгилери сасык тумоонукуна окшош болгондуктан, айрым учурда аны аныктоо кыйынга туруп калат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, териге бүдүрлөрдүн чыгышы, көздүн, булчуңдардын жана муундардын оорушу денге лихорадкасынын белгилерине кирет. Бул белгилер беш күндөн жети күнгө чейин созулат.
Азырынча денге лихорадкасына каршы дары табыла элек. Ошентсе да аны үйдөн дарылоо мүмкүн. Ан үчүн бейтаптын жетиштүү эс алышы жана суусундукту көп ичиши зарыл. Бирок байтаптан геморрагиялык лихорадка же денге шок синдрому байкалып жатса, ал жакшылап текшерилиши керек. Өмүргө коркунуч туудурган геморрагиялык лихорадка же денге шок синдрому, адатта, денге лихорадкасынын алгачкы белгилери басаңдап, бейтап айыгып калгандай сезилгенден кийин күчөшү мүмкүн. Муну кантип аныктаса болот? Бейтаптын ичи катуу ооруп, тынбай куса баштайт, мурду, бүйлөсү канайт, заңы кара түстө болуп, денесине кочкул кызыл ыйлаакчалар чыгат. Андан тышкары, тынчы кетип, таңдайы кургайт, купкуу болуп, денеси муздап, кан басымы төмөндөп кетет.
Денге лихорадкасын антибиотиктер менен дарылоо мүмкүн эмес, себеби бул ооруну бактериялар эмес, вирустар чакырат. Бейтаптын сезгенүүгө каршы колдонулган аспирин, ибупрофен сыяктуу дарыларды ичпей эле койгону дурус. Анткени андай дарылар мурдунун, бүйлөсүнүн канаганын күчөтүшү мүмкүн. Денге вирусунун төрт түрү бар жана аны менен ооруган киши кийин да ал вирусту жуктуруп алышы ыктымал.
Денге лихорадкасын жуктуруп алган болсоңор, көбүрөөк эс алып, суусундук көп ичкиле. Ошондой эле желимчи силерди чагып алып, вирусту башкаларга да жуктурбашы үчүн желимчиден коргой турган тордун ичинде уктагыла.
Желимчи чакпашы үчүн эмне кылсаңар болот? Шым, жеңи узун кийим же узун көйнөк кийип жүргүлө жана желимчиден коргой турган ар кандай чачма заттарды колдонгула. Желимчи кайсы учурда болбосун чагып алышы мүмкүн. Алар, өзгөчө, күн чыккандан кийин эки саат өткүчө жана күн батканга чейин эки саат калганда абдан көп болот. Мындан сырткары, тордун ичинде уктай турган болсоңор, ага желимчилерди жолотпой турган чачма заттарды чачып койгула.
Денге лихорадкасынын дарысы табылабы, табылбайбы, убакыт көрсөтөт. Кандай болбосун, Кудай башкарган убакта бир да оору, анын ичинде денге лихорадкасы болбойт. Жакында «Кудай алардын [адамдардын] көзүнөн бардык жашты аарчый» турган жана өлүм, кайгы, өкүрүк, оору да болбой турган заман келет. Ошондо мунун «баары өтүп кетет» (Аян 21:3, 4).
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Айрым жерлерде желимчилердин денге лихорадкасынын вирусун алып жүргөн (мисалы, Aedes albopictus) дагы башка түрлөрү бар.
^ 4-абз. Желимчилердин айрым түрлөрү, адатта, жумурткадан чыккан жеринен жүздөгөн метрдей аралыктан алыс учпайт.
[Шилтемелер]
(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)
Желимчилер
1. эски дөңгөлөктөрдөгү...
2. чатырдан аккан сууну тоскон түтүкчөлөрдөгү...
3. гүл челектердеги...
4. желим идиштердеги...
5. темир идиштердеги
туруп калган сууга жумуртка ташташат
Желимчи чакпашы үчүн...
а. Шым, жеңи узун кийим же узун көйнөк кийип жүргүлө. Ар кандай чачма заттарды колдонгула.
б. Тордун ичинде уктагыла.
[14-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
Source: Courtesy Marcos Teixeira de Freitas

