Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Балдары өспүрүм куракка келгенде көптөгөн ата-энелер мурда кезикпеген кыйынчылыктарга кабылышат. Ушул куракта балдар эмне болуп жатканын өздөрү да, ата-энелери да түшүнбөшү мүмкүн. Балаңардын өткөөл курагында ага кантип жардам бере аласыңар? Буга байланыштуу айрым ата-энелердин эмне дегенине көңүл бурсаңар.

ӨЗГӨРҮҮЛӨР

«Балам кичирээк кезинде айткан кеңешимди укчу. Бирок өспүрүм куракка келип калганда мурункудай болбой, атүгүл айткан кебимди да жактырбай калды» (Франк, Канада).

«Уулум мени менен мурункудай сүйлөшпөй калды. Ошондуктан оюндагысын качан айтат деп күтүп отура бербей, демилгени колго алып, өзүм суроо берем. Суроолорума оңой менен жооп бербейт. Жооп берсе да, сүйлөгүсү келбей жатып, араң жооп берет» (Фрэнсис, Австралия).

«Чыдамдуу болуу абдан маанилүү. Кээде балдарыбызды урушуп салгыбыз келет, бирок анткендин ордуна, сабырдуу болуп, алар менен сүйлөшсөк, натыйжасы жакшы болот» (Фелише, Кошмо Штаттар).

ПИКИР АЛЫШУУ

«Кээде кызым мен ага каршы чыгып жаткандай ойлоп алат. Бир нерсе айтсам, жөнү жок эле сындап жаткандай кабыл алып алат. Ошон үчүн ага аны жакшы көрөрүмдү, ага жардам бергим келерин дайыма айтып турам» (Лиза, Кошмо Штаттар).

«Балдарыбыз кичинекей кезинде оюнда эмне бар экенин билүү оңой болчу. Алар бизден эч нерсесин жашырбай, баарын ачык айтып беришчү. Азыр болсо алардын сезимин эске алганга жана аларды баласынтпай, чоң кишидей мамиле кылганга аракет кылам. Ушундай кылганымда гана алар ичиндегисин айтышат» (Нан-хи, Корея).

«Өспүрүм балдарга „болот“ же „болбойт“ деп эле айтып коюу жетишсиз. Биз алар менен сүйлөшүп, эмне үчүн болбой турганын түшүндүрүп беришибиз керек. Ушундай кылуу менен аларга иш-аракет кылууга түрткү бере алабыз. Алар өз оюн ачык айта алышы үчүн, ата-энелер уга билиши керек. Атүгүл бизге жакпаган нерселерди айтышса да, кунт коюп угушубуз зарыл» (Далила, Бразилия).

«Кызыма кеңеш бериш керек болгондо элдин көзүнчө эмес, эч ким жокто айтканга аракет кылам» (Эдна, Нигерия).

«Кээде уулум менен сүйлөшүп жатканда үй иштерине алаксып кетип, аны кунт коюп уга албай калам. Балам муну байкабай койбойт. Анын мени менен сүйлөшкүсү келбей калганынын бир себеби ушунда болуш керек деп ойлойм. Ал ичиндегисинин баарын айта алышы үчүн, мен бүт көңүлүмдү ага буруп, кунт коюп угушум керек экенин жакшы түшүнөм» (Мириам, Мексика).

ЭРКИНДИК

«Өспүрүм балдарыма көбүрөөк эркиндик бергенден корко берем. Ушунун айынан келишпестиктер болуп кетет. Бир жолу алар менен бул тууралуу ачык сүйлөшүп, эмне үчүн эркиндик бергенден коркорумду түшүндүрүп бердим. Алар болсо эмне үчүн эркин болгусу келерин айтышты. Аларга мурдагыдан көбүрөөк эркиндик берип, бирок мен койгон чектен чыкпашы керектигин түшүндүрдүм. Ошондон кийин бир пикирге келип, урушпай калдык» (Эдвин, Гана).

«Бир жолу балам мотоцикл сатып бер деп кыйнады. Анын айтканына караманча каршы чыгып, ага өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бербей, мотоцикл айдагандын терс жактарын айтып, урушуп кирдим. Ал аябай жини келип, „сатып бер“ деп ого бетер көгөрүп туруп алды. Ошондо башкача кылайын деп чечтим. Баламды мотоцикл алуунун жаман-жакшы жактарын таразалап көрүүгө, мисалы, кандай коркунучтары бар экени, канча турары, майга жана оңдогонго канча акча кетери жөнүндө ойлонуп көрүүгө үндөдүм. Биз Жахабанын Күбөсү болгондуктан, балама ишенимдештерибиздин айрымдары менен кеңешип көр дедим. Өзүңдүкүн эле таңуулай бербей, баланы өз оюн, каалоосун ачык айтууга үндөгөн алда канча жакшы экен. Ушундай кылганда балам тил аларын байкадым» (Хе-яң, Корея).

«Балдарыбызга чектөөлөрдү койгонбуз, бирок убакыттын өтүшү менен аларга көбүрөөк эркиндик бере баштадык. Алар ишенимибизди актап, тилибизди алган сайын, мурункудан да көбүрөөк эркиндик бере баштадык. Ушундай кылуу менен аларга эркиндик бергибиз келерин көрсөтөбүз. Бирок койгон талаптарды бузушса, жазалайбыз» (Дороти, Франция).

«Мен балдарыма койгон эреже-талаптарга бекем карманганга аракет кылам. Эгер тилимди алышса, кээ бир нерселерди кылганга уруксат берем. Мисалы, кээде үйгө адаттагыдан кечирээк келгенге уруксат берем. Бирок менин уруксатымсыз бир нече жолу кеч келишсе, сөзсүз жазалайм» (Ил-кан, Корея).

«Жумушчу жоопкерчиликтүү, ишеничтүү болсо, жумуш берүүчүсү ага көбүрөөк ишеним артат. Ушул сыяктуу эле, уулум коюлган чектен чыкпай, жоопкерчиликтүү болуп, ишенимибизди актаса, акырындык менен көбүрөөк эркиндикке ээ боло аларын түшүнөт. Ошондой эле жумушчу жумушун жакшы аткарбаганы үчүн кандайдыр бир жоопкерчиликтеринен айрылып калган сыңары, уулум да биздин ишенимибизди актабаганы үчүн ага мурункудай көбүрөөк эркиндик бербей коёрубузду жакшы билет» (Рамон, Мексика).

[22-беттеги кыстырма]

«Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

[23-беттеги кутуча/сүрөт]

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТАРЖЫМАЛЫ

«Өспүрүм балдарды тарбиялоонун өзүнчө кубанычы бар»

Жозеф: «Эки улуу кызым өспүрүм куракка келип калды. Ушул куракта аларды кунт коюп угуп, көз карашын сыйлаганың абдан маанилүү экенин түшүндүм. Кетирген каталарыңды мойнуңа алганың, алар сыйлаганың дайыма ачык пикир алышканга шарт түзөт экен. Өспүрүм балдарды тарбиялоонун өзүнчө кубанычы бар. Кыздарымды ушинтип тарбиялаганга жардам берип жаткан Кудайга Ыйык Китепке жаздырып койгон кеп-кеңештери үчүн абдан ыраазымын».

Лиза: «Улуу кызым бойго жетип калган маалда ага көбүрөөк көңүл бурушум керектигин байкадым. Кызым экөөбүздүн көпкө чейин отуруп, чечилише сүйлөшкөн күндөр эсимде. Ошондой учурларда анын айткандарын кунт коюп угуп, аны жакшы көрөрүмө ынандырчумун. Жозеф болсо кыздарыбыз биз менен бардык нерсе жөнүндө ачык сүйлөшө аларын жана алардын көз карашын, сезимин абдан сыйлаарыбызды билдирчү. Мен Ыйык Китепте жазылган: „Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын“,— деген кеңешти колдонгонго аракет кылам (Жакып 1:19)».

Виктория: «Апам экөөбүз аябай жакынбыз. Апам аябай боорукер, камкор. Ал баарына ушундай мамиле кылат. Апамдын ушунчалык сонун адам экенин сөз менен айтып жеткире албайм. Ал мен үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, асыл адам».

Оливия: «Атам аябай камкор, берешен киши. Кимдир бирөө кыйналып жатса, акча жагынан жардам бергенге даяр. Ал олуттуу болчу жерден олуттуу болот, бирок эс алып, көңүл ачуунун да маанилүүлүгүн эсинен чыгарбайт. Мен атамды аябай жакшы көрөм жана аны менен сыймыктанам».

«Убактыбызды кызыктуу өткөрөбүз»

Сани: «Кыздарыбыз кыйынчылыкка туш болгондо, дайыма үй-бүлөбүз менен чогуу талкуулайбыз. Ичибиздегини ачык айтып, Кудайдын мыйзамдарына ылайык чечим чыгарганга аракет кылабыз. Зайыбым Яниз экөөбүз кыздарыбыздын жакшы балдар-кыздар менен дос болушун каалагандыктан, кимдер менен дос болуп жүргөнүнө көңүл буруп турабыз. Кыздарыбызга биздин досторубуз менен дос болгонго жардам берип, өзүбүз да алардын достору менен достошконго аракет кылабыз».

Яниз: «Убактыбызды текке кетирбейбиз, көп нерселерди чогуу кылабыз. Жахабанын Күбөсү болгондуктан, адамдарга Кудай жөнүндө айтууга, Кудай Сөзүн өз алдынча да, үй-бүлөбүз менен да изилдөөгө убакыт бөлөбүз. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам беребиз жана Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары өткөрүлгөн имараттарды курууга да катышабыз. Ошондой эле көңүл ачып, жакшы эс алганга убакыт табабыз. Кыскасы, убактыбызды кызыктуу өткөрөбүз».

Келси: «Атам бизди дайыма кунт коюп угат. Олуттуу чечим чыгарарда сөзсүз биз менен кеңешет. Апам болсо дайыма мага жардам бергенге даяр. Кээде жөн эле сүйлөшкүм келген учурларда да кунт коюп угат».

Саманта: «Апам мени дайыма эркелетет. Ал аябай камкор; дайыма кунт коюп угат. Экөөбүз аябай жакынбыз».

[сүрөттөр]

Жозеф, Лиза, Виктория, Оливия жана Изабелла

Келси, Яниз, Сани, Саманта

[22-беттеги сүрөт]

Ата-энелер балдарына эркиндик беришет, ошол эле учурда акылга сыярлык чектөөлөрдү коюшат