Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-сыры. Бири-бирин урматтоо

4-сыры. Бири-бирин урматтоо

4-сыры. Бири-бирин урматтоо

«Кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла» (Эфестиктер 4:31).

Бул эмнени билдирет? Пикир келишпестиктер болбогон үй-бүлө жок. Бирок үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү келишпестиктерди какшык сөздөр, заар тил менен эмес, сүйүү менен чечет. Себеби андай үй-бүлөнүн мүчөлөрү өздөрүнө кандай мамиле жасалышын кааласа, бири бирине да ошондой мамиле кылышат (Матай 7:12).

Бул эмне үчүн маанилүү? Ойлонбой айтылган сөздөр көп учурда кылычтай эле жаралайт. Ыйык Китепте: «Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы»,— делет (Накыл сөздөр 21:19). Албетте, бул сөздөр чучукка жеткире сүйлөгөн эркектерге да тиешелүү. Ал эми ата-энелерге Ыйык Китепте: «Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла»,— деген кеңеш берилет (Колосалыктар 3:21). Ата-энесинен дайыма жеме сөз угуп чоңойгон балдар «ата-энеме жагуу мүмкүн эмес» деген ой менен калыптанышат. Андай сөздөр атүгүл алардын көңүлүн калтырышы мүмкүн.

Кеңеш. Төмөндөгү суроолордун жардамы менен үй-бүлөңдө бири-бириңерди канчалык урматтап-сыйлаарыңарды текшерип көр.

Үй-бүлөмдө пикир келишпестиктер, адатта, эшикти тарс жаап чыгып кетүү менен аяктайбы?

Жубайымды же балдарымды «келесоо», «акмак» деген сыяктуу сөздөр менен тилдебейминби?

Мен чоңойгон чөйрөдө заар тил, кемсинтерлик сөздөр боло жүргөн нерсе беле?

Сөздөн ишке. Кемсинтерлик сөздөрдү сүйлөбөшүң үчүн кандай максаттарды коё аларың тууралуу ойлонуп көр. (Мисалы, ой-сезимиңди билдирип жатканда, «сен» деген сөздүн ордуна, «мен» деген сөздү колдонууга аракет кыл. Балким, «сен дайыма ушинтесиң...» дегенге караганда, «ушинтип айткан сөздөрүң мага катуу тиет» десең жакшыраак болоттур.)

Койгон максаттарың тууралуу жубайыңа айтууга эмне үчүн болбосун? Үч айдан кийин кандай ийгиликтерди жасаганыңды жубайыңдан сурап көр.

Балдарың менен пикирлешкенде кемсинтерлик кандай сөздөрдөн качышың керектигин ойлонуп көр.

Мурда балдарыңа орой, какшык сөздөрдү айтып жүрсөң, алардан кечирим суроого эмне үчүн болбосун?

[6-беттеги сүрөт]

Толкундар асканы жемиргендей эле, заар тил үй-бүлө түйүнүнө доо кетирет