Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табият «учактарынын» канаты

Табият «учактарынын» канаты

Өзү жаралганбы?

Табият «учактарынын» канаты

▪ Кандай деп ойлойсуңар, абада учак жакшы учабы же жарганат, курт-кумурска, чымчык сыяктуу жандыктарбы? Ишенесиңерби, жокпу, учакты табияттын бул кереметтүү кичинекей жандыктарына салыштырып болбойт. Мичиган университетинин авиакосмостук техника куруу боюнча профессору Уей Шэ айткандай, «алар катуу шамалга, жаан-чачынга жана кар жааганына карабай абада туруктуу бойдон калууга укмуштуудай жөндөмдүү» *. Мунун сыры эмнеде? Кеп алардын канат кагышында жатат. Адам баласы асман мейкиндигине учууга алгачкы жолу аракет жасагандан тартып эле, учкучтар буга көз артып келишет.

Кызыктуусу. Кээ бир чымчыктар менен курт-кумурскалар учуп баратканда сырткы шарттарга жараша дайым канаттарынын формасын өзгөртүп турушат. Бул аларга абада калкып турууга жана тез, ыкчам кыймыл-аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет. «Сайенс ньюс» журналында жарганат тууралуу мындай маалымат жазылган: «Жарганат секундасына 1,5 метрге жакын ылдамдык менен жай учуп баратканда канаттарынын уч жагын өйдө көздөй кайрып, кайра артка тез серпип турат. Окумуштуулар мындай ыкма... көтөрүү жана алдыга жылдыруу күчүн пайда кылат деп божомолдошкон».

Арийне, табият «учактары» тууралуу дагы көп нерсе белгисиз. Флоридадагы университеттин машина жана авиакосмостук техника куруу боюнча профессору Питер Ифью мындай деп сурайт: «Физикалык жактан алганда, көтөрүү күчүн пайда кылуу үчүн алар абага кандайча таасир этип жатышат?» Анан мындай деп кошумчалайт: «Биз аба агымынын учуп бараткан нерсени кантип айланып өтүп жатканын жана ал нерсенин формасынын көтөрүү жана алдыга жылдыруу күчүн кандайча пайда кылып жатканын толук түшүнбөйбүз. [Чымчыктардын жана курт-кумурскалардын] эмне кылып жатканын көрө алганыбыз менен, алардын кыймыл-аракеттеринин аба менен кантип өз ара аракеттешип жатканын билбейбиз».

Кандай деп ойлойсуңар? Табият «учактарынын» өзгөрүүгө эптүү келген канаттары кокустуктан пайда болгонбу? Же алар жаратылганбы?

[Шилтеме]

^ 3-абз. Көп канаттуулар жаанда уча алса да, алардын көбү баш калкалоого жай издешет.

[23-беттеги сүрөт]

Жазы тумшуктуу колибри

[Булак жөнүндө маалымат]

Laurie Excell/Fogstock/ age fotostock

[23-беттеги сүрөт]

Түнкү жарганат

[Булак жөнүндө маалымат]

© Delpho, M/age fotostock