Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жол тыгыны эмне кылууга болот?

Жол тыгыны эмне кылууга болот?

Жол тыгыны эмне кылууга болот?

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

БЕЛГИЛЕНГЕН убакытта догдурга барышың керек дейли. Үйдөн эрте эле чыккандай болгонсуң, бирок жол тыгынын эсепке албай калыптырсың. Ошонун айынан жай жүрүүгө туура келди. Убакыт өткөн сайын чыйпыйың чыга баштады. Акыры догдурга жарым саат кечигип бардың.

Ооба, шаарлардагы эң жагымсыз көрүнүштөрдүн бири — автоунаанын көптүгү. Көчөлөргө жык толгон автоунаалардан улам пайда болгон жол тыгыны, ошондой эле абанын булганышы өзгөчө иренжитет. Шаарларда жашаган миллиондогон адамдар мындай көйгөйгө күн сайын учурашат. Андыктан жагдай оңолот деп үмүттөнүү кыйын.

Техастагы транспорт институту Кошмо Штаттар тууралуу: «Жол тыгыны бардык жерде, жолдордун тар-кененине карабай, боло берет»,— деп билдирген. Ошондой эле алардын билдирүүсүндө бийлик башчылары жүргүнчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыра турган чечим чыгара албай жаткандыгы айтылган. Мындай жагдай дүйнө жүзү боюнча өкүм сүрүүдө. Маселен, жакында эле Кытайда бир нече миң айдоочу 100 километрге созулган жол тыгынында калып калган. Полиция кызматкерлери жол кыймылын бир нече күн дегенде араң жөнгө салышкан. Ал эми Мехико шаарынын негизги көчөлөрүнүн биринде айдоочулар 20 километрге чубалган жол тыгынынын айынан төрт саат жолдо турушкан. Бул убакыттын ичинде жөө жүргөн киши андан да көп аралыкты басып өтө алмак.

Жол тыгыны эмне себептен болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Азыр жер калкынын жарымы шаарларда отурукташкандыктан, шаарлар тез чоңоюуда. Ан сайын машинелердин саны да көбөйүүдө. Бир журналдын жазуучусу бул тууралуу мындай деген: «Эл көп, машине андан да көп, анан ошончо машине бир жолдо жүрүп баратканын элестетсең».

Көйгөйлөрдүн себеби

Азыр автоунаасыз жумуш бүтпөйт. Бул болсо шаарларга кыйынчылык туудурат. Кошмо Штаттардагы калкы төрт миллиондой Лос-Анжелесте автоунаанын саны кишинин санынан ашып эле түшпөсө, кем эмес. Башка шаарларда машине салыштырмалуу аз болсо да, алардын саны күн санап көбөйүүдө. Мадриддин шаардык комиссиясынын президенти Карлос Гузман: «Шаарлар автоунаалар үчүн салынган эмес»,— деген. Жол тыгыны өзгөчө көчөлөрү тар келген байыркы шаарларда болот, анткен менен учурдагы чоң жолдор деле, айрыкча, эл көп боло турган убакта, эртең менен жана кечинде, машинелерге жык толуп калат. «Шаардагы транспорт көйгөйлөрү» аттуу билдирүүсүндө Жан-Поль Родрег: «Азыр чоң шаарларда убакыттын көбү жол тыгынында өтөт. Мындай жагдай барган сайын оорлоп барат»,— деп айткан.

Автоунаалардын саны жаңы жолдор салынганча эле өсүп кетүүдө. Анын кесепетинен жакшы жолдор да бат бузулуп жатат. Буга карата бир китепте мындай делген: «Жаңы жолдор курулуп, эскилери оңдолуп жатса да, эл өзгөчө көп боло турган маалда жол тыгыны дагы деле азайган жок» («Stuck in Traffic—Coping With Peak-Hour Traffic Congestion»).

Көчөлөрдө токтоочу жерлердин жетишсиздиги — жол тыгынынын дагы бир себеби. Кээде айдоочулардын каякка токтоорун билбей, шаарды айланып жүрө берген учурлары да болот. Абанын булганышынан улам жыл сайын 400 миңге жакын киши каза табат. Алардын көпчүлүгү шаардын тургундары. Бир билдирүүгө ылайык, Миланда (Италия) аба ушунчалык булгангандыктан, бир күн кечке көчөдө жүргөн киши 15 тамеки чеккендей эле болот.

Андан тышкары, айдоочулардын кеткен убактысын, стресске кабылып, эмоциялык жактан жабыр тартканын эсепке алганда жол тыгынынын канчалык залакалуу экенин көрүүгө болот. Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн бир изилдөө көрсөткөндөй, 75 өлкөнүн чоң шаарларындагы жол тыгынына коротулган убакыт менен күйүүчү майды эсептей келгенде, жылына 70 миллиард доллар чыгымдалары анык болгон. Жол тыгынына карата кандай чара көрүүгө болот?

Көйгөйдү чечүүнүн жолдору

Айрым шаарларда жол тыгынын азайтыш үчүн көптөгөн чаралар көрүлгөн. Алсак, дүйнө жүзү боюнча автоунаалар эң эле көп деп эсептелген өлкөлөрдүн биринде, Сингапурда, ар бир киши канча машине сатып алса болоруна карата мыйзам чыгарылган. Италиянын кээ бир тарыхый шаарларынын негизги көчөлөрүндө болсо автоунаа менен белгилүү бир убакытта гана жүрүүгө болот.

Ал эми башка шаарларда айдоочулар шаардын борборуна акы төлөп киришет. Мындай чара Лондондо жол тыгындарынын 30 пайызга азайышына өбөлгө түзгөн, башка шаарларда да ушундай эреже колдонуу пландаштырылууда. Мехикодо шаардын борборунда белгилүү бир күндөрү автоунааны каттоодон өткөргөндөн кийин гана айдоого болот.

Андан сырткары, бийлик башчылары жолдорду оңдоого жана айланма жолдорду курууга бир топ каражат жумшап, коомдук транспорт системасын жакшыртууда. Шамбелгилердин тийиштүү түрдө иштеши, ошондой эле жол тыгынынын айынан, кокус кырсык болсо, полиция кызматкерлеринин тез арада чара көрүшү үчүн заманбап компьютерлер колдонулууда. Ошондой эле жол тыгындарын азайтуу үчүн автобустар гана жүрө турган тилкелер жана белгилүү бир убактарда багыты өзгөрүлүп турган жолдор караштырылган. Анткен менен шаар тургундарынын кызматташуусунан да көп нерсе көзкаранды.

Сен эмне кылсаң болот?

Ыйса Машайак адамдардын бизге кандай мамиле кылышын кааласак, биз да аларга ошондой мамиле кылышыбыз керектигин айткан (Матай 7:12). Бул кеңешти колдонуп, жол тыгынындагы көйгөйлөрдүн айрымдарын чечүүгө болот. Эгер ар ким өзүн гана ойлосо, эң жакшы эрежелер да жардам бере албайт. Төмөндө жол тыгынына байланыштуу айрым пайдалуу кеңештер берилет.

Мисалы, анча алыс эмес жерлерге велосипед менен же жөө барууга болоттур. Себеби бул машине менен жүрүүгө караганда ары тезирээк, ары оңоюраак болот, денсоолукка да пайдалуу. Ал эми алыс жактарга кээде коомдук унаа менен баруудан өтөрү жок. Көпчүлүк шаарларда эл коомдук унаага көбүрөөк түшүшү үчүн автобус, метро же поезд менен жүрүү шарттары жакшыртылууда. Коомдук унаа менен жүрсөң, акчаң да үнөмдөлөт. Ошондой эле шаардын борборуна жетүү үчүн жарым жолго чейин машинең менен барып, андан ары коомдук унаага түшсөң болот.

Эгер машинеңди айдай турган болсоң, үйүңдөгүлөрдүн бирин ала кетип, барчу жерине таштап коёттурсуң. Бул, айрыкча, жолдо машине көп боло турган убактарда жөндүү. Кошмо Штаттарда элдин 88 пайызы жумушка автоунаа менен барат, алардын үчтөн экиси жалгыз жүрөт. Бир китепте белгиленгендей, жумушка бир машине менен баруу «өзгөчө, эл көп боло турган маалда, жол кыймылын бир топ жеңилдетет» («Stuck in Traffic»). Ошондой эле көп жерлерде айрым жолдор эки же андан көп кишиси бар машинелердин жүрүшү үчүн гана караштырылган. Жалгыз жүргөн айдоочуларга андай жолдо жүрүүгө уруксат берилбейт.

Убактыңды үнөмдөгүң келсе, машинелер көп боло турган маалда жолго чыкпоого аракет кыл. Ошондо сага да, башка айдоочуларга да көп кыйынчылык туулбайт. Ошондой эле туура жерге токтосоң, башка унаанын өтүшүнө жолтоо болбойсуң. Бирок баарын мыкты пландаштырган күндө да, жол тыгынында калышың мүмкүн. Мындай учурларда оң маанай сактасаң, ачууга алдырбайсың. (Кутучаны кара.)

Эгер чоң шаардын тургуну болсоң, жол тыгынында калышың толук ыктымал. Анткен менен колуңан келгендин баарын кыл: сылык бол, башкаларга чыдамдуулук менен мамиле кыл. Ошондо жол тыгыны менен коштолгон кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөнөсүң.

[23-беттеги кутуча]

Оң маанай сакта

Хайме, Мадридде (Испания) 30 жылдан ашуун убакыттан бери такси айдайт. Ал жол тыгыны деген эмне экенин жакшы билет. Хайме жол тыгынына кабылганда оң маанай сактоого ага эмне жардам берери тууралуу төмөнкүдөй ой бөлүшкөн:

▪ Мен окуганга жаныма дайыма бир нерсе ала жүрөм. Андыктан жол тыгынына калганда, көп деле капаланбайм.

▪ Тыгындан улам жай жүрүп жатканымда радиодон жаңылыктарды же кассетага жаздырылган Ыйык Китепти угам. Бул мага алаксып отурууга жардам берет.

▪ Адатта, мен сигнал бербейм, себеби бул башкалардын кыжырына тиет. Анын үстүнө, андан эч кандай деле майнап чыкпайт. Ошондой эле башка айдоочуларга сылык-сыпаа мамиле кылууга аракет кылам. Анын аркасында өзүмдү да, башкаларды да стресске дуушар кылбайм.

▪ Ал эми өзүн өзү кармай албаган айдоочуларга кабылсам, аларга теңелбейм. Мындайда сабырдуу болуудан өтөрү жок.

▪ Жол тыгыны көп болбой турган көчөлөр менен жүрүүгө аракет кылам. Ошентсе да кардарларыма жол тыгынынан улам кечигип калышыбыз мүмкүн экенин эскертип коём. Жол тыгынынын айынан шаарда кечикпей жүрүү дээрлик мүмкүн эмес.