Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биринчи байлык денсоолук!

Биринчи байлык денсоолук!

Биринчи байлык денсоолук!

МЫНДАН дээрлик 2 700 жыл мурун бир пайгамбар оору-сыркоо болбой турган заман келерин алдын ала айткан. Анын пайгамбарлыгы Ыйык Жазмадагы Ышайа деп аталган, биздин күндөргө чейин сакталып келген байыркы китепте жазылган. Ал жерде мындай делет: «Тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт... Ошондо сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат. Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт» (Ышайа 33:24; 35:5, 6). Ыйык Жазмадагы башка пайгамбарлыктарда да ушундай келечек келери баяндалат. Мисалы, Аян китебинде Кудайдын оору аттуунун баарын жок кылары сүрөттөлгөн (Аян 21:4).

Бул убадалар аткарылабы? Адамдардын баары чың денсоолукта болгон, оору дегенди унуткан убак келеби? Ырас, азыр адамзаттын басымдуу бөлүгүнүн денсоолугу өткөн муундардыкына караганда кыйла жакшырган. Бирок бул алардын эч качан оорубасын билдирбейт: түрлүү кесел азыр да кендирди кесип келет. Көптөр катуу ооруга чалдыгууну ойлогондон да коркот. Өкүнүчтүүсү, азыркы медицина өнүккөн заманда денелик жана психикалык ооруларга кабылуу ыктымалдыгы дагы деле жогору.

Оорунун залакасы

Денсоолукка байланыштуу көйгөйлөр көп жактан зыян тарттырат. Алардын бири — коомдун материалдык абалына тийгизген залалы. Мисалы, былтыр Европада оору-сыркоонун айынан 500 миллион жумуш күнү текке кеткен. Мындай жагдай, чынында, дүйнө жүзү боюнча байкалууда. Ошондой эле, медициналык тейлөөнүн кымбатташынан сырткары, жумушчулардын оорунун айынан ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү экономикалык кыйынчылыктарды жаратып, кесепетин ар бирибиз тартабыз. Ишканалар менен өкмөт көп каражат уттургандыктан, анын ордун толтуруу үчүн, продукциялардын баасын кымбаттатып, салыкты жогорулатат. Анан кимдин чөнтөгү жукарат? Жалпынын.

Тилекке каршы, жакырларга, адатта, сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүн эмес. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн миллиондогон тургундарынын акыбалы кейиштүү: алардын адистештирилген медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү же аз, же жок. Жадагалса бай өлкөлөрдө да сапаттуу дарыланууга жетпегендер бар. Алсак, Кошмо Штаттардагы медициналык камсыздандыруусу жок 46 миллион адамдын көбүнүн абалы ушундай.

Денсоолукка байланыштуу көйгөйлөр материалдык зыян менен эле чектелбейт. Айыкпас дарттын же өнөкөт оорунун азабын тартуу, кимдир бирөөнүн катуу ооруп кыйналганын көрүү, жакын адамыңды жоготуп күйүт тартуу да жагдайды оорлотот.

Оору-сыркоосуз жашоого болгон үмүт көптөрдү кызыктырат. Ооба, «биринчи байлык — денсоолук» дегендей, ар бир адам чың денсоолукта жашоону каалайт. Андай үмүт куру кыялдай сезилеттир. Бирок көптөр анын ишке ашарына ишенет. Алар Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар аткарылып, Кудай оору-дартты биротоло жок кыларына шектенишпейт. Ал эми айрымдар илимий жетишкендиктердин аркасында келечекте дээрлик бардык оорудан арылуу мүмкүн болот деген ойдо. Анда оору аттууну ким жок кылат: адамбы же Кудайбы? Бизди кандай келечек күтүп турат?