Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эволюция далилдерге негизделгенби?

Эволюция далилдерге негизделгенби?

Эволюция далилдерге негизделгенби?

БЕЛГИЛҮҮ эволюционист, биология профессору Ричард Докинс: «Күндүн жылытары талашсыз болгондой эле, эволюциянын болгону да талашсыз»,— деп ырастаган. Күндүн абдан ысык экени тажрыйбалар, түздөн-түз байкоо жүргүзүүлөр аркылуу далилденген. Эволюция теориясын да ушундай жолдор менен далилдөөгө болобу?

Бул суроого жооп берерден мурун, бир нерсени аныктап алуу зарыл. Окумуштуулар байкагандай, убакыттын өтүшү менен тирүү организмдердин тукумдары анча-мынча өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ал процессти Чарльз Дарвин «модификациялык жол менен жаралуу» деп атаган. Андай өзгөрүүлөр түздөн-түз байкоо жүргүзүү аркылуу, тажрыйба жүзүндө далилденип, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана жаныбарлардын аргындаштырылган түрлөрүн чыгарууда колдонулган *. Ал өзгөрүүлөрдү илимий факты деп эсептөөгө болот. Бирок андай билинер-билинбес өзгөрүүлөрдү окумуштуулар микроэволюция деп аташат. Бул терминдин өзү алардын көзкарашын айгинелейт: алар алиги майда өзгөрүүлөрдү таптакыр башка, эч ким эч качан көрбөгөн, макроэволюция деген процесстин далили деп эсептешет.

Дарвин ошондой көзгө көрүнгөн өзгөрүүлөрдүн негизинде гана тыянак чыгарган эмес. Өзүнүн «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген белгилүү китебинде ал: «Мен бардык тирүү организмдер бири-биринен обочо пайда болгон эмес, алар бир нече түрдүн тукумдары деп эсептейм»,— деп жазган. Анын ою боюнча, ошол алгачкы «бир нече түр» же тиричиликтин жөнөкөй формалары «болор-болбос модификациялык өзгөрүүлөр» аркылуу бара-бара жер жүзүндөгү миллиондогон башка түрлөрдүн пайда болушуна алып келген. Эволюцияны жактаган окумуштуулардын ырастоосу боюнча, ал майда өзгөрүүлөр топтолуп отуруп, балыктан — жерде-сууда жашоочулар, маймылдан киши пайда болушу үчүн керектүү олуттуу өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн шарттаган. Бул болжолдуу өзгөрүүлөрдү макроэволюция деп аташат. Көптөргө мындай ырастоо ишенимдүү көрүнөт. Алар: «Бир түрдүн ичинде андай майда өзгөрүүлөрдүн болушу эволюциянын узак убакыт ичинде олуттуу өзгөрүүлөрдүн болушун шарттай аларын көрсөтпөйбү?» — деп ойлошот *.

Макроэволюция теориясы негизги үч божомолдоого негизделген.

1. Мутациялар жаңы түрлөрдүн пайда болушуна керектүү баштапкы материал менен камсыз кылат *.

2. Табигый тандалуу жаңы түрлөрдүн пайда болушун шарттайт.

3. Палеонтологиялык билдирүүлөр өсүмдүктөр менен жаныбарлар арасында макроэволюциялык өзгөрүүлөрдүн болгонун тастыктайт.

Макроэволюциянын далилдери аны илимий факты катары кабыл алууга негиз береби?

Мутация жаңы түрлөрдү пайда кылабы?

Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүнүн көбүн генетикалык коддогу — клетканын ядросунда камтылган планындагы — маалымат шарттайт *. Окумуштуулар мутациялар же генетикалык коддогу күтүлбөгөн өзгөрүүлөр өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын кийинки муундарына таасир тийгизиши мүмкүн экенин байкашкан. Нобель сыйлыгынын лауреаты, мутациялык генетиканын негиздөөчүсү Герман Мюллер 1946-жылы мындай деген: «Көп сандаган сейрек, негизинен, болор-болбос өзгөрүүлөрдүн топтолушу жаныбарлардын түрлөрүнүн жана өсүмдүктөрдүн сортторунун сапатын жасалма жол менен жогорулатуунун негизги ыкмасы гана эмес, баарынан мурда, табигый тандалуу маалында эволюциянын жүрүшүнүн жолу».

Чынында, макроэволюция теориясынын негизинде мутациялар өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жаңы түрлөрүнүн гана эмес, жаңы тукумдарынын пайда болушуна да өбөлгө түзөт деген ырастоо жатат. Мындай чечкиндүү ырастоо далилдүүбү? Бул боюнча дээрлик 100 жыл аралыгында генетика тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр төмөнкүдөй натыйжа берген.

1930-жылдардын аягында окумуштуулар табигый тандалуу маалында күтүлбөгөн мутациялардан улам өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрү пайда болсо, жасалма, адам тарабынан жүргүзүлгөн мутациялык тандалуу аркылуу жаңы түрлөрдүн чыгышы кыйла натыйжалуураак болууга тийиш деген көзкарашты ынталуулук менен кабыл алышкан. «Ойгонгула!» журналынын кабарчысы менен курган дилмаегинде Германиядагы Макс Планк атындагы коомдун өсүмдүктөр селекциясы боюнча институтунун профессору Вольф Эккехарт Лённиг мындай дейт: «Биолог, генетик жана өзгөчө, селекционерлердин көбү „төбөсү көккө жете“ сүйүнгөн». Эмне үчүн? «Ал окумуштуулар өсүмдүктөрдү кайчылаштыруу менен жаныбарларды аргындаштыруунун адаттагы ыкмаларын түп-тамырынан өйдө өзгөртүүнүн убагы келди деп эсептешкен. Алар мутацияларды жүргүзүп, арасынан оң натыйжа бергендерин тандоо менен өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы, жакшыртылган түрлөрүн алууга болот деген ойдо болушкан»,— деп түшүндүрөт мутациялык генетиканы дээрлик 28 жыл изилдеген Лённиг *.

Кошмо Штаттардагы, Азиядагы жана Европадагы окумуштуулар эволюциянын жүрүшүн тездетчүдөй көрүнгөн ыкмаларды колдонуп, кымбатка турган изилдөө программалары боюнча иштей башташкан. Изилдөөлөр 40 жылдан ашуун жүргүзүлгөн. Андан кандай натыйжа чыккан? «Көп каражаттар сарпталса да, радиациялык селекция ыкмасы менен мыкты сорттуу өсүмдүктөрдү жана жаныбарлардын асыл тукумдарын чыгарууга жасалган иш-аракеттерден эч кандай майнап чыккан жок»,— дейт окумуштуу Петер фон Зенбух. «1970-жылдардын аягында баягы кубаныч жоголуп, окумуштуулардын үмүтү ойрон болгон,— деп белгилейт Лённиг.— Батыш өлкөлөрү мутациялык селекциядан, аны өз алдынча изилдөө тармагы катары өркүндөтүүдөн толугу менен баш тартышкан. Дээрлик бардык учурларда мутанттардан „терс натыйжалуу өзгөрүүлөр“ байкалган: алар же кырылып калган, же баштапкы түргө караганда шартка начар ыңгайланышкан» *.

Мутация боюнча — дээрлик 100 жыл бою, мутациялык селекция тармагында болсо 70 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы окумуштууларга мутация жолу менен жаңы түрлөрдүн пайда болор-болбосуна байланыштуу тийиштүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берди. Фактыларды карап чыккан Лённиг мындай дейт: «Мутациялар [өсүмдүктүн же жаныбардын] алгачкы түрүн таптакыр жаңы түргө айландырып жибербейт. Муну мутацияга байланыштуу XX кылымдагы бардык тажрыйбалардын жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгынан жана ыктымалдуулук мыйзамдарынан улам көрүүгө болот. Мисалы, рекурренттик вариация мыйзамына ылайык, генетикалык өзгөчөлүктөрү бар түрлөр күтүлбөгөн мутация аркылуу өзгөрүп кетүүгө жол бербеген өзүнчө чектөөлөргө ээ».

Эми ойлонуп көрөлү. Жасалма жол менен, оң натыйжалуу мутацияларды тандоо аркылуу адистер да жаңы түрлөрдү чыгара алышпаса, эч ким башкарбаган күч чыгара алат беле? Мутациялар, изилдөөлөрдөн аныкталгандай, алгачкы түрдү таптакыр жаңы түргө айландырып жибербесе, макроэволюция процесси кандайча жүргөн?

Табигый тандалуу жаңы түрлөрдү пайда кылабы?

Дарвин табигый тандалуу деп атаган процесстин жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөдө жашоого жөндөмдүү болгон особдор аман калып, чөйрөгө ыңгайланыша албагандары акыры тукум курут болот деп божомолдогон. Бүгүнкү күндө эволюцияны жактагандардын ою боюнча, түрлөр жайылып, обочолонгон сайын, табигый тандалуу аркылуу гендик мутациянын таасиринен улам жаңы шарттарга ылайыкташуунун белгилери өрчүгөн особдор калган. Алар ошол обочолонгон топтор акырындык менен таптакыр жаңы түрлөргө айланган деп эсептешет.

Анткен менен, жогоруда айтылгандай, изилдөөлөрдөн мутациялар өсүмдүктөр менен жаныбарлардын таптакыр жаңы түрлөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзбөөрү айкын көрүндү. Эволюцияны жактагандар оң натыйжалуу мутациялардын табигый тандалуу процессинде жаңы түрлөр пайда болгонун ырастаган кандай далилдерди келтиришет? АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан 1999-жылы чыгарылган китепчеде мындай деп белгиленген: «Түрдүн келип чыгышынын көрүнүктүү мисалы болуп Дарвин Галапагос аралдарынан байкоо жүргүзгөн мукур чымчыктардын 13 түрү эсептелет. Алар Дарвин мукурлары деп аталып калган».

Питер жана Розмари Гранттардын жетекчилиги астында 1970-жылдары окумуштуулар тобу мукур чымчыктарды изилдеп, бир жылга созулган кургакчылыктан кийин кичинекей тумшуктуу чымчыктардын саны азайганын, ал эми чоңураак тумшуктуу мукурлар жаңы шартка жакшыраак ыңгайланышып кеткенин байкаган. Алардын тумшуктарынын көлөмү жана түзүлүшү мукурлардын 13 түрүн айырмалоого жардам берген башкы белги болгондуктан, ал ачылышты абдан маанилүү деп эсептешкен. «Гранттар аралдардагы кургакчылык он жылда бир кайталанып турса, мукурлардын жаңы түрү болжол менен 200 жылдан кийин гана пайда болмок экенин эсептеп чыгышкан»,— деп белгиленет китепчеде.

Ошол эле учурда, китепчеде айрым маанилүү, бирок эволюцияны жактагандар үчүн пайдасы аз фактылар көмүскөдө калтырылган. Кургакчылык баскан маалдан кийинки жылдары кичинекей тумшуктуу мукурлардын саны кайрадан көбөйүп кеткен. Ошондуктан 1987-жылы Питер Грант менен аспирант Лиль Гиббс «Нейчер» журналына «селекциялык процесстин кайра артка тартышына» күбө болушканын билдиришкен. 1991-жылы Грант «мукурлардын саны табигый тандалуунун жүрүшүндө» табигый шарттардын таасири астында «көбөйүп же азайып» турарын белгилеген. Окумуштуулар мукурлардын айрым «түрлөрү» өз ара аргындашкандыктан, ар кандай шарттарга мурункуларынан жакшыраак ыңгайланыша алган муундардын пайда болорун да байкашкан. Питер жана Розмари Гранттар түр аралык аргындашуу улана берсе, 200 жыл аралыгында эки түр бир түргө айланып кетмек деген тыянакка келишкен.

1966-жылы биолог-эволюционист Жорж Уильямс мындай деп жазган: «Табигый тандалуу теориясынын эволюция процессиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрүш үчүн колдонулуп калганы абдан өкүнүчтүү. Ал теорияны, чынында, организмдердин ылайыкташуу жөндөмдүүлүгүн түшүндүрүш үчүн колдонуу орундуу болмок». 1999-жылы эволюционист Жеффри Шварц Уильямстын тыянактары туура болсо, табигый тандалуу түрлөргө чөйрөдөгү шарттардын өзгөрүшүнө ыңгайланышууга жардам берерин, бирок «жаңы эч нерсе чыгарбаарын» жазган.

Ооба, Дарвин мукурлары кандайдыр бир «жаңы жандыкка» айланып кеткен эмес. Алар мукур сымалдар бойдон эле калды. Ал эми түр аралык аргындашуу эволюционисттердин кээсинин түрлөрдү аныктоо принцибин туура колдоноруна шек туудурат. Андан тышкары, мукур чымчыктардын мисалы «абройлуу» илимий академиялар да фактыларга калыс баа бербеши мүмкүн экенин көрсөтөт.

Палеонтологиялык билдирүүлөр макроэволюция теориясын тастыктайбы?

АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан чыгарылган жогорудагы китепче окурмандарын окумуштуулар казуу маалында тапкан табындылар макроэволюциянын ишенимдүүлүгүн тастыктаган далил болоруна ишендирет. «Балыктар менен — жерде-сууда жашоочулардын, жерде-сууда жашоочулар менен — сойлоочулардын, сойлоочулар менен — сүт эмүүчүлөрдүн, ошондой эле приматтардын ортосундагы түрлөрдүн көптүгүнөн, бир түрдөн экинчисине кайсы баскычта өткөнүн так аныктоо көбүнесе оор»,— деп айтылат китепчеде.

Бул — кыйла шектүү ырастоо. Эмне үчүн? 2004-жылы «Нэшнл жиогрэфик» журналында палеонтологиялык билдирүүлөр «ар бир миң кадрдан бири гана алынып кураштырылган эволюция жөнүндөгү тасмага» салыштырылган. Анан ошол тандалган «кадрлар» макроэволюция теориясынын ишенимдүү экенин көрсөтөбү? Палеонтологиялык билдирүүлөр чынында эмнени тастыктайт? Эволюционист Найл Элдриж белгилегендей, алар узак убакыт аралыгында «түрлөрдүн басымдуу бөлүгү эч кандай эволюциялык өзгөрүүлөрдү топтобогонун» далилдейт.

Учурда окумуштуулар болжол менен 200 миллиондогон чоң жана миллиарддаган майда табындыларды таап, каттоого алышкан. Көптөгөн изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ал билдирүүлөр жаныбарлардын негизги топторунун баары капысынан пайда болгонун жана эч кандай деле өзгөрүүгө дуушар болбогонун көрсөтөт. Ал эми көптөгөн түрлөр болсо капысынан пайда болуп, капысынан жок болуп кеткен. Палеонтологиялык билдирүүлөрдүн далилдерин карап чыккан биолог Жонатан Уэллс: «Дүйнө, тип жана класс деңгээлдеринде түрлөр модификация аркылуу жалпы „ата-тектен“ пайда болгон деген ырастоону төгүндөлгүс факты катары кабыл алууга болбойт. Палеонтологиялык билдирүүлөрдү жана молекулалык татаал механизмдерди эсепке алганда, ал теорияны негиздүү дешке да болбойт»,— деп жазат.

Эволюция далилге негизделгенби же ойдон чыгарылганбы?

Бирок эмнеге эволюцияны жактаган белгилүү окумуштуулар макроэволюцияны далилденген факты деп ырастап келишүүдө? Ричард Докинстин айткандарын сынга алып, беделдүү эволюционист Ричард Левонтин окумуштуулардын көбү акылга сыйбас илимий ырастоолорду «ар дайым материализм теориясына карманып келишкендиктен» * гана кабыл алууга даяр экенин жазган. Көптөр, Левонтин жазгандай, «тек гана Жараткандын бар экенин кабыл ала албагандыктан гана» аң-сезимдүү Башталыш болгон деген ойду жакын жуутпайт.

«Сайентифик америкэн» журналында социолог Родни Старктын айткандары келтирилген. «200 жыл бою бизди,— деген ал,— окумуштуу болгуң келсе, диний түшүнүктөр менен башыңды маң кылба деп ишендирип келишкен». Ал изилдөө институттарында «дин туткан окумуштуулар үн дебөөгө» аракеттенишсе, «Кудайга ишенбегендер ишенгендерге сын көзкарашта болорун» белгилеген. Старктын айтымында, «жогорку чөйрөлөрдө [окумуштуулар арасында] Кудайга ишенбегендик туура көрүлөт».

Эгерде макроэволюция теориясын далилденген факты катары кабыл алсаңар, агностик жана атеист окумуштуулардын илимий далилдерге жеке көзкараштарын аралаштырып жиберген эмес деп ишенүүгө тийишсиңер. Жүз жыл бою миллиарддаган мутацияларды изилдөө бир дагы түр таптакыр жаңы түргө айланып кетпегенин көрсөтсө да, тиричиликтин татаал формаларынын баары мутация менен табигый тандалуунун натыйжасында пайда болгонуна ишенишиңер керек. Палеонтологиялык билдирүүлөрдүн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын негизги түрлөрү капилеттен пайда болгонун жана миллиарддаган жылдар өтсө да, башка түрлөргө айланып кетпегенин айкын көрсөтүп турганына карабастан, тирүү организмдердин баары бир жалпы «ата-тектен» эволюция жолу менен келип чыкканына ишенишиңер талап. Силердин оюңар боюнча, андай ишеним далилденген фактыларга негизделгенби? Же ойдон чыгарылган теорияга негизделгенби?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ит баккандар иттердин түрлөрүн тандап, аргындаштырып, мурункуларына салыштырмалуу буттары кыска же жүнү узун күчүктөрдү алышат. Андай өзгөрүүлөр көп учурда гендердин иш-аракетиндеги каталарга байланыштуу. Мисалы, таксанын боюнун кыскалыгы — кемирчектердин туура эмес өрчүшүнүн натыйжасы.

^ 4-абз. Бул макаладагы «түр» деген сөз Ыйык Китепте колдонулган «түр» деген сөздөн айырмаланат: Ыйык Китепте ал сөз кеңирээк — «уруу» — деген мааниге ээ. Көп учурда окумуштуулар жаңы түрлөрдүн эволюциясы деп атаган түшүнүк «уруулардын» чегинде гана болуучу өзгөрүүлөргө таандык.

^ 6-абз. «Тирүү организмдердин класстарга бөлүнүшү» деген кутучаны карагыла.

^ 11-абз. Изилдөөлөрдөн аныкталгандай, тирүү организмдердин өрчүшүндө цитоплазма, мембраналар жана клетканын башка бөлүктөрү маанилүү роль ойнойт.

^ 13-абз. Бул жерде Лённиг Макс Планк атындагы коомдун өсүмдүктөр селекциясы боюнча институтундагылардын эмес, жеке көзкарашын билдирди.

^ 14-абз. Мутациялык өзгөрүүгө байланыштуу тажрыйбалар окшоштук белгилери мезгил-мезгили менен пайда болуп турса да, көбүнчө жаңы өзгөрүүлөрдүн санынын кескин азайганын көрсөткөн. Лённиг ал кубулуштун «рекурренттик вариация мыйзамына» байланыштуу экенин белгилейт. Андан тышкары, изилдөөлөрдү улантуу үчүн тандалып алынган мутант-өсүмдүктөрдүн саны бир пайызга да жеткен эмес, алардын арасынан коммерциялык максатта пайдаланууга жарактуусунун саны да бир пайызды түзө алган эмес. Жаныбарларды мутациялык жол менен аргындаштыруу андан да натыйжасыз болгон, ошондуктан, акыры, ал ыкмадан толук баш тартышкан.

^ 29-абз. Бул жерде материализм деген сөз бар нерселердин негизин материя түзөт, Аалам жана андагы тиричилик формаларынын бардыгы табияттан тыш кийлигишүүсүз пайда болгон деген теорияга таандык.

[15-беттеги сүрөт]

«Мутациялар [өсүмдүктүн же жаныбардын] алгачкы түрүн таптакыр жаңы түргө айландырып жибербейт»

[16-беттеги сүрөт]

Дарвин мукурлары, эң эле жакшы дегенде, түрдүн чөйрөдөгү шарттын өзгөрүшүнө ыңгайланыша аларын көрсөтөт

[17-беттеги сүрөт]

Палеонтологиялык билдирүүлөр көрсөткөндөй, жаныбарлардын негизги топтору капысынан пайда болгон жана өзгөрүүгө деле дуушар болгон эмес

[14-беттеги таблица]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ТИРҮҮ ОРГАНИЗМДЕРДИН КЛАССТАРГА БӨЛҮНҮШҮ

Бардык организмдер өзүнчө түрлөрдөн тартып дүйнөлөргө чейинки чоң топторго бөлүнгөн *. Төмөндө киши менен мөмөчүл майда чымындардын класстарга бөлүнүшүнүн мисалы берилди.

КИШИ МӨМӨЧҮЛ МАЙДА ЧЫМЫН

Түрү sapiens melanogaster

Уруусу Homo Дрозофила

Тукуму Гоминилер Мөмөчүл майда чымындар

Түркүмү Приматтар Кош канаттуулар

Классы Сүт эмүүчүлөр Курт-кумурскалар

Тиби Хордалуулар Муунак буттуулар

Дүйнөсү Жаныбарлар Жаныбарлар

[Шилтеме]

^ 49-абз. Башталыш китебинин 1-бөлүмүндө өсүмдүктөр менен жаныбарлар «түр-түрү менен» көбөйүүгө тийиш экени айтылат (Башталыш 1:12, 21, 24, 25). Бирок бул жерде колдонулган «түр» деген сөздү «түр» деген илимий термин менен чаташтырууга болбойт.

[Булак]

Таблица Жонатан Уэллстин эмгегинин негизинде түзүлдү («Icons of Evolution—Science or Myth? Why Much of What We Teach About Evolution Is Wrong, by Jonathan Wells»).

[15-беттеги сүрөт]

Мутант мөмөчүл майда чымын (жогоруда) өзгөрсө да, мөмөчүл майда чымын бойдон калат

[Булак]

© Dr. Jeremy Burgess/​Photo Researchers, Inc.

[15-беттеги сүрөт]

Өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн тажрыйбалар түрлөрдүн окшоштук белгилери мезгил-мезгили менен пайда болуп турса да, көбүнчө жаңы өзгөрүүлөрдүн саны кескин азайганын көрсөткөн (Чоң гүл — мутант)

[13-беттеги булак]

From a Photograph by Mrs. J. M. Cameron/​U.S. National Archives photo

[16-беттеги булак]

Finch heads: © Dr. Jeremy Burgess/​Photo Researchers, Inc.

[17-беттеги булак]

Dinosaur: © Pat Canova/​Index Stock Imagery; fossils: GOH CHAI HIN/​AFP/​Getty Images