Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«Океан түпкүрү эң катаал шарттар өкүм сүргөн... жактардын бири болсо да, анда тирүү организмдердин абдан көп түрү кездешет... Океанда тирүү организмдер жолукпаган жер жокко эсе; кээ бир жерлерде алардын санына эсеп жетпейт» («НЬЮ САЙЕНТИСТ», УЛУУ БРИТАНИЯ).

▪ Жакында эле Гаррисберг шаарындагы (Пенсильвания штаты, АКШ) федералдык сот тарабынан каралган иштердин биринде «мектептен эволюция теориясынын ордуна [аң-сезимдүү долбоорчу] жөнүндө окутуу конституцияны бузууга жатат» деген токтом чыгарылган («НЬЮ-ЙОРК ТАЙМС», АКШ).

▪ 2005-жылы жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон «америкалыктардын 51 пайызы эволюция теориясын жактабаары» аныкталган («НЬЮ-ЙОРК ТАЙМС», АКШ).

Австралиянын Брисбен шаарындагы зоопарктын «тургуну» Харриет 175 жашта. Бул салмагы 150 килограммдык Галапагос пил ташбакасы — «дүйнө жүзүндөгү жаныбарлардын эң карысы» («АВСТРАЛИЯ РАДИОБЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫ»).

▪ Швейцария изилдөөчүлөрү жүгөрүнүн айрым түрлөрү батыш жүгөрү коңузунун малактарынан коргонууга жөндөмдүү экенин байкашкан. Ал жүгөрүлөрдүн тамыры жумуру курттарды өзүнө тартып турган өзгөчө бир жыт чыгарат. Ал эми жумуру курттар жүгөрү коңузунун малактарын жок кылат («ВЕЛЬТ», ГЕРМАНИЯ).

Алп кальмарды сүрөткө тартуу

Окумуштуулар жапайы табияттан, Жапониянын түштүгүндөгү Бонин аралдарына жакын жерден, тирүү алп кальмарды биринчи жолу сүрөткө тартышкан. Алар илмектерге майда кальмарлар менен креветкаларды илип, үстүнө камераларды жайгаштырышкан. Натыйжада 900 метр тереңдиктен сүрөткө тартылган алп кальмардын узундугу 8 метрге жетери аныкталган.

«Динозаврлар чөп жеген»

«Ассошиэйтед пресс» тарабынан «динозаврлардын чөп жегени» «окумуштуулар үчүн чоң жаңылык болгондугу» белгиленет. Мындай ачылыш Индиядан табылган динозаврдын каткан кыгынын курамын анализдөөнүн натыйжасында жасалган. Анын эмнеси таң калтырган? Билдирүүдө белгиленгендей, буга чейин «чөп-чар динозаврлар тукум курут болгондон бир кыйла убакыт өткөндөн кийин пайда болгон» деп эсептелип келген. Окумуштуулар ал сойлоп жүрүүчүлөрдүн «кесек чөптү чайноого ылайыктуу тиши болгон эмес» деп болжошкон. «Көптөр [динозаврларды] чөп жейт деп элестетишкен да эмес»,— дейт ачылышты жасаган топтун жетекчиси палеоботаник Каролина Стромберг.

Аарылар кантип учат?

Инженерлер аарылардын уча албасын далилдеди деген ырастоо тамашадай сезилиши мүмкүн. Мындай жандыктын кыска канаттары, анын «оор» денесин көтөрүү үчүн, жетишерлик күч пайда кыла албачудай көрүнгөн. Анын «сырын» ачуу үчүн, инженерлер «учуп бараткан аарыларды секундуна 6 000 кадр жасаган видеотасмага тартышкан»,— деп маалымдалат «Нью сайентист» журналында. Аарынын кыймылы «адаттагыдан тыш» деп сыпатталган. «Анын канаты артка 90 градуска серпилип, баштапкы ордуна келатканда оодарылат, бул секундуна 230 жолу кайталанат... Анын канаттарынын иштеши канатчалары айлануучу желдеткичти элестетет»,— деп түшүндүрөт изилдөөчү топтун мүчөсү. Алардын ачылышы инженерлерге пропеллерлердин сапатын жакшыртууга жана багытын тез өзгөрткөн жаңы самолётторду курууга мүмкүндүк берет.

«Ырчы» чычкандар

«Чычкандар „ырдай“ алышат... алардын түгөй издеген маалда аткарган „ыры“ чымчыктардын „ырындай“ татаал»,— деп маалымдалат «Нью сайентистте». Чычкандардын „ыры“ ультраүн жыштыгында, адамдын кулагы кабыл алалбай турган жогорку жыштыкта, аткарылган себептүү мурдатан байкалган эмес. Сент-Луистин (Миссури штаты, АКШ) изилдөөчүлөрү чычкандын эркектери белгилүү бир фразалар менен добуштардан турган «ырды» түзүүчү үн чыгарарын байкашкан. Ошондуктан чычкандар өзгөчө «ырчылардын» тобуна кирет дешке болот. Ал «топко» киттер, дельфиндер, жарганаттар сыяктуу сүт эмүүчүлөр жана албетте, адамдар кирет.