Мурун согушка катышкандар азыр тынчтыкты жакташууда
Мурун согушка катышкандар азыр тынчтыкты жакташууда
«ОЙГОНГУЛА!» журналынын 2003-жылдын январь—март айларындагы санына Тосиаки Ниванын баяны чыккан. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалында атайы тапшырма аткарууга даярдалып жаткан жапон учкуч-камикадзеси болгон. Ниванын айтымында, ал 1945-жылы августта Киото шаарына жакын жердеги авиация базасында АКШнын аскер кемелерине чабуул коюп курман болууга буйрук күтөт. Бирок ал буйрук ошол бойдон берилбей калган, себеби бир нече күндөн кийин эле согуш басылган. Арадан жылдар өткөн соң Нива Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Ошонун аркасында ал Кудайдын жактыруусуна ээ болгусу келгендер согушка катышпай турганын жана башка адамдарды, кай жакта жашашпасын, кайсы улуттан болушпасын, биртууган катары көрүшөрүн билген (1 Петир 2:17). Ошентип, мурун согушка катышкан Нива азыр тынчтыкты жактап, Кудайдын Сөзүндө камтылган, адамдарды бириктирүүчү кабар таратууда.
АКШлык Расселл Уертс Ниванын баянына абдан таасирленгенин айтат, себеби ал да ошол согушка катышыптыр, бирок каршылаш тарабында болгон экен. Уертс: «Сен 1945-жылдын августунда Киотого жакын жерде чабуулдун башталышын күтүп жатканыңды айткан экенсиң,— деп Нивага кат жазган.— Дал ошол маалда мен да ошол чабуулга каршылык көрсөтүүгө даярданып бүтүп калгам. Эгер согуш тигинтип басылбаса, экөөбүз эки жакта жантаслим болмок экенбиз да. Үй-бүлөң менен Жахабанын Күбөсү болуптурсуң, биз да аялым экөөбүз кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына кошулдук. Бир кездерде бири-бирибизди өлтүрүүдөн кайра тартпаган душмандар болсок, эми дос эле эмес, биртууган да болуптурбуз... Муну аңдоого эмне жетсин?!»
Тосиаки Нива менен Расселл Уертске окшоп, көптөр мурун айыгышкан душмандардан болуп келишсе, азыр Кудайдын Сөзүн — Ыйык Китепти — изилдеп, андагы кеңештерди колдонуунун аркасында бейкуттукта жана биримдикте жашашат. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасындагы эврейлер менен арабдар, армяндар менен түрктөр, немистер менен орустар, хутулар менен тутсилер чын ниеттен Кудайга ишенерин далилдеп келишет. Анткени Ыйса: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35).
[16-беттеги сүрөт]
Тосиаки Нива менен Расселл Уертс Экинчи дүйнөлүк согуш маалында.