Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм курактын кубанычтары жана кыйынчылыктары

Өспүрүм курактын кубанычтары жана кыйынчылыктары

Өспүрүм курактын кубанычтары жана кыйынчылыктары

ӨСПҮРҮМ курак, көптөрдүн ою боюнча, өмүрдүн эң бир сонун маалы. Жашап калган адамдардын арасында жаш кезин өзгөчө жылуу сезим менен эстегендер көп.

Анткен менен азыр абдан «оор күндөрдө» жашап жатканыбызды эч кимибиз тана албайбыз (2 Тиметейге 3:1). Ошол себептүү эмки жаштар туш болуп жаткан кыйынчылыктар мурунку муундардыкынан кыйла татаал. Өспүрүмдөргө арналган журналдын башкы редактору Сабрина Солин Вайлл дал ошол себептен өспүрүмдүк куракты басып өтүүнү «асма аркандан эч таяныч-таканычсыз басып өтүүгө» салыштырса керек. Жаш кезде баланын оңтойсуздануу, тынчсыздануу жана толкунданууга окшогон сезимдери өзгөчө курч болот. «Өспүрүм деген же бала эмес, же чоң киши эмес,— деп жазат Вайлл,— ошондуктан ал эки курактын азабын бирдей тартууга аргасыз болот».

Эгер сен өспүрүм болсоң, алдыңан чыккан кыйынчылыктар менен күрөшүүгө эмне жардам берет? А эгер өспүрүм баланын энеси же атасы болсоң, өзүңдүн өспүрүм кезиңди эстеп, балаңды түшүнүшүңө эмне көмөк кылат? Ушул катар макалалар аркылуу биз жаштарды да, чоң адамдарды да өспүрүм кезде кандай кыйынчылыктар болорун карап чыгууга чакырабыз. Бул жаштарга ал кезди кубаныч менен басып өтүүгө жардам берерине ишенебиз.