Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суу — баа жеткис суюктук

Суу — баа жеткис суюктук

Суу — баа жеткис суюктук

БИР жолу Ыйса кудуктан суу алганы келген самариялык аялга элдерге түбөлүк өмүр бере турган суу жөнүндө айтып берет (Жакан 4:14). Ал ошондо каймана суу тууралуу кеп кылган. Өмүр үчүн кадимки суунун да мааниси зор: маанилүүлүгү жагынан ал кычкылтектен кийинки эле орунду ээлейт. Адам тамак ичпей-жебей бир нече жума жашай алса, суусуз баш-аягы беш гана күн чыдайт!

Биздин организмибиздин төрттөн үч бөлүгү суудан турат. Мисалы, мээбиздин — 75—85 пайызы, булчуңдарыбыздын 70 пайызы суу. Суунун аткарган көптөгөн кызматтарына тамак-ашты эритип-сиңирүү, азык заттарды клеткаларга жеткирүү да кирет. Ал денеден токсиндерди (уу заттарды) жана башка артык баш заттарды чыгарып турат. Муундар менен жоон ичегини нымдап, дененин жылуулугун жөнгө салууда катышат. Сууну тийиштүү өлчөмдө ичүү арыктоого да жардам берерин билесиңерби?

Арыкташ үчүн суу ичкиле

Биринчиден, сууда майлар менен холестерин жок, натрий аз. Экинчиден, ал тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Үчүнчүдөн, организмдеги топтолгон майды иштетүүгө катышат. Кандайча? Суу жетишсиз болгондо бөйрөк өз кызматын жакшы аткара албай калат да, анын кызматын боор аткарууга киришет. Натыйжада, боордун майларды сиңирүү жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Ошондуктан организмде май топтолуп, адам семире баштайт. Скотсдейлдеги (АКШ, Аризона штаты) Диетология жана семирүүнү дарылоо боюнча түштүк-батыш борборунун дабагери Доналд Робертсондун айтымында, «сууну жетиштүү өлчөмдө ичүү — салмакты азайтуунун негизги шарты. Эгер арыктоого максат койгондор сууну аз ичишсе, организм майды туура иштете албайт».

Бирок организмден суунун чыгышынын начарлашына байланыштуу да адамдардын салмак кошкон учурлары көп кездешери чын. Ошондуктан организми сууну кармап калууга жакын адамдардын көбү кыйынчылыкты суюктукту аз ичүү менен чечсе болот деген ойдо. Бирок бул тескери натыйжа берет. Себеби организмде суу жетишсиз болсо, ал суюктуктун ар бир тамчысын кармап калууга, аны таман, бут жана алакан-манжаларга «сактап коюуга» аракеттенет. Ошол себептүү диетологдор денебизди зарыл нерсе — суу — менен тийиштүү өлчөмдө камсыз кылууну сунуш кылышат. Тузду канчалык көп жесеңер, аны эритиш үчүн, сууну ошончолук көп ичүү талап экенин да унутпагыла.

Организмиңерди сууга кандыргыла

Күн сайын организмден тери, өпкө, ичеги-карын жана бөйрөктөр аркылуу орто эсеп менен 2 литр суу сыртка чыгат. Демибиз менен эле күнүнө жарым литрге чейин суюктук сарпталып турат. Эгер анын ордун толтуруп турбаса, организмде суунун жетишсиздиги пайда болот. Баштын, булчуңдардын оорушу, чарчап-чаалыгуу, зааранын түсүнүн кочкул сарыланышы, ысыкка чыдамсыздык, ооз ичинин жана көз челинин кургашы — булар суунун жетишсиздигинин айрым белгилери.

Анда сууну канча ичиш керек? «Ден соолугу чың адам күнүнө, жок дегенде, 8—10 стакан суу ичиши зарыл. Эгер спорт менен машыксаңар же климаты ысык өлкөлөрдө жашасаңар, мындан да көп суу ичүү талап. Ал эми толук адамдарга ар бир 10 килограмм артык баш салмагына 1 стакан кошумча суу ичүү керек»,— дейт семирүүнү дарылоо боюнча адис-дабагер Хауард Флэкс. Айрымдар суусаганда эле суу ичсе жетиштүү деп ырасташат. Бирок адамдын чаңкашы кээде организминде суюктуктун эбак азайганынын белгиси болушу мүмкүн.

Суунун ордуна башка суусундуктарды ичсе жетиштүүбү? Суу кошулган жер-жемиш ширелери организмдин суюктукка болгон муктаждыгын канааттандыра алганы менен, аларда калория бар. Анын үстүнө, курамында кант же сүт бар суусундуктарды сиңирүү үчүн, организм суу керектейт. Ичкиликтердин же чай менен кофе сыяктуу кофеини бар суусундуктардын бир аз заара айдама өзгөчөлүктөрү бар. Ошон үчүн аларды ичкенден кийин организмге, корогон суунун ордун толтуруш үчүн, кошумча суу керек. Суу деген мына ушундай баалуу суюктук! Анда азыр эле бир стакан суу ичип жиберсек кантет?

[13-беттеги кутуча/сүрөт]

Сууну көбүрөөк ичиш үчүн

● жаныңарга суу куюлган бөтөлкө ала жүргүлө;

● тамактанган сайын, бир стакан суу кошо ичкиле;

● спорт менен машыгардын алдында, машыгып жаткан маалда, бүткөндө суу ичкиле;

● жумуштан тыныгуу маалында кофенин ордуна суу ичкиле;

● чоргодон алынган суунун даамын жакшыртыш үчүн, лимондун ширесин кошуп койгула же фильтрден өткөргүлө.

[12-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Photo: www.comstock.com