Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көчмөн «аскерлер»

Көчмөн «аскерлер»

Көчмөн «аскерлер»

«Биз Белиздеги жаңыдан эл отурукташып аткан айылдардын биринде жашайбыз. Айлана-тегерегибиз жыш өсүмдүк.Бир күнү эле эртең мененки тогуздарда үйүбүздү аскер кумурскалар каптай баштады. Ач кумурскалар эшиктин астынан, деги эле жылчык аттуунун баарынан кирип жатты. Алар «басып алып аткан» үйдөн аттап-буттап чуркап чыгып кетиштен башка аргабыз калган жок. Анан бир-эки сааттан кийин кайра үйгө кирсек — курт-кумурска, майда-барат жандыктардын бири да жок».

БЕЛИЗ өңдүү тропик өлкөлөрүндө ошентип кумурскалардын капташы боло жүргөн көрүнүш. Жергиликтүү калк ага кайгырбайт — керек болсо, кубанат: алар үйдү таракан жана башка зыянкеч мите-курттардан тазалап кетишет. Артынан эч кандай кир-кок да калтырышпайт.

Кеп кылынып аткан кумурскалардын (Eciton burchelli) жүрүм-туруму кадимки аскерлерге окшош болгондуктан, аларды аскер кумурскалар деп атап коюшат *. Жүз миңдеген кумурскалардан турган «аскер колу» уюк салбайт, убактылуу «кош жайып» гана токтойт. Алар үйүлүп, бири-бирине буттары менен чырмалышат да, ургаачысынын жана анын балдарынын айланасын курчап, тирүү чеп болуп беришет. Коштон бөлүнүп кумурскалардын айрымдары кыркаар тартып, олжо (мисалы, кескелдирик өңдүү ар кандай майда-барат жандыктарды) издеп кетишет. Алар душманды курчап алыш үчүн ыңгайлуу флангалык жүрүш менен жөнөшөт. Алдыңкы катарда келаткан жумушчу кумурскалар жеминин изин жоготуп токтоп калышканда, артындагылар алдыга жыла беришет да, катардын чет-жакалары кеңейип олтуруп өзүнчө флангалык кыймылга окшоп калат.

Бул кумурскалардын жашоосу 36 күндүк циклдан турат: алар болжол менен 16 күн көчүп-жүрүп олтурушат да, ургаачысы жумуртка таштагыча гана «кош жайып», 20 күнчө токтошот. Анан кумурсканын «дуулаган колу» кайрадан түп көтөрө жолго чыгат. Катарынын жоондугу 10 метрге жеткен андай «аскер колу» келатканда, корккон жөргөмүш, чаян, доңуз, бака, кескелдирик дебей туш тарапка качат. Кумурскалардыкы аз келгенсип, алардын артынан канаттуу-куштар аңчылык кылышат. Бирок канаттуулар кумурскалардын өзүлөрүнө тийбейт көрүнөт.

Ыйык Китептеги Накыл сөздөр 30:24, 25-аяттарда айтылгандай, инстинкт түрүндө «акылы» бар кумурскалар — жаратылыш кереметтеринин бири.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул макалада Борбордук жана Түштүк Америкада жашаган эцитон түрүнө кирүүчү кумурскалар жөнүндө айтылууда.

[11-беттеги сүрөт]

Аскер кумурска.

[Булак жөнүндө маалымат]

© Frederick D. Atwood

[11-беттеги сүрөт]

Бири-бири менен чырмалышып, тирүү көпүрө «куруп» жатышкан кези.

[Булак жөнүндө маалымат]

© Tim Brown/www.infiniteworld.org