Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билишибиз керек болгон пайдалуу кеңештер. Энергияны үнөмдөө

Билишибиз керек болгон пайдалуу кеңештер. Энергияны үнөмдөө

ЭЛЕКТР тогу менен күйүүчү заттар жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Алсак, алардын жардамы менен үйүбүздү жылытабыз, муздатабыз, унаа айдайбыз жана башка көп иштерди бүтүрөбүз. Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча энергияга байланыштуу олуттуу көйгөйлөр туулууда.

Күйүүчү заттардын баасы улам кымбаттап баратканы түштүк африкалык Гэри үчүн чоң эле көйгөй. Жарык, жылуулук бирде бар, бирде жок болгону жалпы көйгөй болгондуктан, филиппиндик Женифер энергиянын ишеничтүү булагы болор-болбосуна абдан кабатырланат. Эль-сальвадордук Фернандо болсо экологиянын бузулуп жатканына тынчсызданат. Себеби дүйнөнүн туш тарабында энергия чыгарган ишканалар айлана-чөйрөнү булгоодо.

Ушундан улам: «Энергияга байланыштуу кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болот?» — деп ойлонушуңар мүмкүн.

Кызыктуусу, энергияны акылдуулук менен колдонуу баарыбыздын тең колубуздан келет. Энергияны үнөмдөөнүн, натыйжалуу колдонуунун көп пайдалуу жактары бар. Мисалы, азыраак колдонсок, энергияга кетирген акчабызды үнөмдөй алабыз. Айлана-чөйрөнүн булганбашына салым кошобуз, ансыз деле тартыш болуп жаткан энергиянын текке кетишине бөгөт коёбуз.

Келгиле, энергияны үйдө, унаа айдаганда, күнүмдүк иштерди кылып жүргөндө канткенде акылдуулук менен колдоно аларыбызды карап чыгалы.

ҮЙ

Жылытуу жана муздатуу жабдыктарын ченеми менен колдонгула. Европадагы бир өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөдө жылуулукту аз колдонуш үчүн кышкысын термостатты эки эле градуска азайтуу бир жыл бою энергияны үнөмдөөнүн эң эле натыйжалуу ыкмасы болгону аныкталган. Буга Канадада жашаган Дерек толук кошулат. Ал: «Биз үй-бүлөбүз менен кышында жылуулукту көбөйткөндүн ордуна, жылуу кийинип алабыз. Ошентип, энергияны үнөмдөйбүз»,— дейт.

Аба ырайы ысык келген жерлерде да ушундай эле ыкманы колдонсо болот. Филипиндик Рудольфо үйдөгү абанын температурасы өтө эле ылдый түшүп кетпеши үчүн, аба кондиционерине термостатты орнотуп койгон. Эмне үчүн? Ал: «Биз акчабызды да, энергияны да үнөмдөйбүз»,— деген.

Үйдү жылытып же муздатып жатканда эшик-терезелерди жабуу маанилүү *. Жылытылган же муздатылган абаны сыртка чыгарбаганга аракет кылсак, энергияны куру бекер кетирбейбиз. Маселен, аба ырайы суук мезгилде эшикти ачып койсок, имаратты жылытууга көбүрөөк энергия сарпталат.

Эшик-терезелерди жаап тургандан тышкары, айрымдар энергияны үнөмдөш үчүн дубалдарды жылуулап, жылчыгы жок терезелерди колдонушат.

Энергияны үнөмдөгөн жарыктандыргычтарды колдонгула. «Кадимки электр шамдарын эмес, энергияны үнөмдөгөн заманбап электр шамдарын колдоно баштадык»,— дейт жогоруда айтылган Женифер. Энергияны үнөмдөгөн шамдар кымбатыраак турганы менен, колдонулган жалпы мөөнөтүндө энергияны бир топ аз сарптайт. Бул болсо, акыр-аягы, акчаны бир топ үнөмдөйт.

УНАА

Мүмкүн болсо, коомдук унаа колдонгула. Улуу Британияда жашаган Эндрю: «Мүмкүн болушунча жумушка трамвай же велосипед менен барып келем»,— дейт. Бир китепте: «Автобустарга жана кыска аралыкка жүргөн поезддерге караганда, жеке унааларга, ар бир кишини алганда, бери дегенде, үч эсе көп энергия сарпталат»,— деп айтылган («Energy: What Everyone Needs to Know»).

Сапарыңарды уюштургула. Алдын ала ойлонуштуруу сапарыңардын санын азайтат. Мунун аркасында күйүүчү майды да, акчаны да, убакытты да үнөмдөй аласыңар.

Филиппинде жашаган Жетро ай сайын күйүүчү майга белгилүү бир өлчөмдө гана акча бөлүп турат. Ал: «Мунун аркасында сапарымды жакшыраак уюштура алам»,— дейт.

КҮНҮМДҮК ИШТЕР

Ысык сууну азыраак колдонгула. Бир изилдөөгө ылайык, «Австралиянын шаарларындагы үйлөрдөгү сууну ысытууга өлкөдө колдонулган энергиянын жалпы санынын орто эсеп менен 1,3 пайызы сарпталат. Бул болсо үйлөрдө колдонулган энергиянын жалпы санынын 27 пайызын түзөт».

Сууну ысытууга көп энергия кеткендиктен, жылымык сууну колдонуу энергияны бир топ үнөмдөйт. Ушундай жүйөлүү себептен улам түштүк африкалык Виктор: «Биз жуунганда ысык сууну мүмкүн болушунча аз колдонууга аракет кылабыз»,— деген. Стивен Кенвей деген окумуштуу: «Ысык сууну үнөмдөө үч жактан пайдалуу: суу менен энергия үнөмдөлөт, суу менен энергиянны иштеп чыгарган ишканалар каражатын үнөмдөшөт, үй ээси да акчасын үнөмдөйт»,— деп жазган.

Өчүрүп тургула. Электр шамдары, үй тиричилигинде колдонулган жабдыктар, телевизор, компьютер сыяктуу электрондук каражаттарды өчүрүп тургула. Өчүрүлгөн күндө деле, токтон суурулбаган электр шаймандары энергияны сарптай берет. Айрым адистер электр шаймандарын сууруп турууну же электр шаймандары сайылган узарткычты өчүрүп турууну сунуш кылышат. Жогоруда айтылган ушуну адат кылып алган Фернандо: «Мен жарыкты жана колдонулбаган электр шаймандарын өчүрүп турам»,— дейт.

Энергиянын канчалык деңгээлде көп королуп жатканын, айлана-чөйрөнүн канчалык деңгээлде булганып жатканын көзөмөлдөй албасак да, ар бирибиз энергияны акылдуулук менен колдоно алабыз. Дүйнөнүн чар тарабындагы көптөгөн адамдар так ушундай кылып жатышат. Энергияны үнөмдөш үчүн күч-аракет, уюштуруу талап кылынат, бирок мунун пайдасы тууралуу ой жүгүртүп көргүлө. Мексикалык Валерия: «Мен акчамды да үнөмдөйм, айлана-чөйрөнүн таза сакталышына да салым кошом»,— дейт.

^ 10-абз. Жылытуу жана муздатуу жабдыктарынын коопсуздукка байланыштуу завод камсыз кылган көрсөтмөлөрүнө кылдат кармангыла. Мисалы, айрым жабдыктарды таза аба менен камсыз кылыш үчүн же желдетип туруш үчүн эшикти же терезени ачык коюу талап кылынат.