Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мындайды көргөн эмеспиз!»

«Мындайды көргөн эмеспиз!»

ТҮШТҮК КОРЕЯДА жашаган жогорку класстын методисти Су-Жуң сабакта jw.org сайтындагы тасмаларды колдонуп келет. Ал мындай дейт: «Балдарга „Чыныгы дос кандай болот?“ деген тасма аябай жакты. Тасманы көрүп бүткөндөн кийин алар ушунчалык таасирленип: „Чыныгы достук кандай болуш керектиги жөнүндө такыр ойлонуп көрбөптүрбүз. Мындайды көргөн эмеспиз!“ — деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Айрымдары кеңеш керек болгондо ал сайтка кирип турарын айтышты». «Тасманы кесиптештериме да сунуш кылдым. Алар аны жактырып, сабактарында колдонуп жатышат»,— деп кошумчалайт Су-Жуң.

«Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген жандандырылган сүрөт да Түштүк Кореядагы окуучуларга пайдасын тийгизүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту токтотуу максатында уюштурулган уюм менен иштешкен лектор бир класска ал тасманы көрсөткөн. Лектор: «Тасма сонун тартылгандыктан жаштардын көңүлүн дароо байлап алат. Андан тышкары, анда зомбулукка туш болгондо эмне кылса болору эле эмес, аны кантип алдын алса болору да көрсөтүлөт»,— деген. Ал уюм баштапкы жана жогорку класстарга лекция окуганда ал тасманы көрсөтүүгө уруксат алган. jw.org сайтындагы тасмаларды атүгүл полиция кызматкерлери да колдонуп жатышат.

Эгер ал сайтка кире элек болсоңор, кирип көрүүгө чакырабыз. Сайттан макалаларды, адабияттарды табуу оңой жана ал жактан аудиожаздырууларды, тасмаларды, Ыйык Китепти жана башка адабияттарды акысыз жүктөп алсаңар болот.