Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жаштарга бейбаштык менен күрөшүүгө жардам берген видео

Жаштарга бейбаштык менен күрөшүүгө жардам берген видео

Он жаштагы Хуго деген балага мектебиндеги окуучуларга бейбаш балдарга каршы турууга жардам бергени үчүн, Британия кайрымдуулук фонду Диана сыйлыгын ыйгарган.

Хуго мындай деген: «Мен „Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур“ деген видеонун аркасында гана бул сыйлыкка ээ болдум. jw.org сайтындагы ошол видеодон көп нерсени билгендиктен бейбаштыкка каршы туруу үчүн уюштурулган иш-чарага салым кошо алдым».

«Бейбаш балдардын коркутуп-үркүткөнү — дүйнө жүзүндөгү балдардын баары күн сайын кабылып жаткан көйгөй... бирок сен аны менен күрөшө аласың» («Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген видеодон үзүндү).

Хуго ал видеону адегенде мугалимдерине көрсөткөн. Видео мугалимдерге абдан таасир эткендиктен, алар окуучулардын jw.org сайтына киришине мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Азыр Хугонун мектебиндеги 8—10 жаштагы окуучулардын көбү jw.org сайтына бат-баттан кирип турушат. Алар сайтыбыздан бейбаштык жана башка кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болоруна байланыштуу кеңештерди эле билбестен, «Чыныгы досторду кантип тапсам болот?» деген сыяктуу суроолоруна да жооп алып жатышканын айтышкан.

Жаштарга жардам берген пайдалуу кеңештер

Британиядагы дагы бир мектепте окуган сегиз жаштагы Илайжаны бейбаш балдар коркута берчү. Ата-энеси аны менен «Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген видеодогу ойлорду талкуулаган. Анан балдар тийишкенде эмне десе болорун жана эмне кылса болорун сахналаштырып көнүгүшкөн. Бул Илайжага өзүн ишенимдүү сезип, көйгөйдү чечкенге жардам берген. Кийинчерээк, мектепте бейбаштыкка каршы күрөшүү боюнча иш-чара уюштурулган жумада, Илайжа окуган мектептин деректири ал видеону окуучулардын баарына көрсөткөн.

Албетте, мектептеги бейбаштык Британияда эле кездешпейт. Ал дүйнөлүк көйгөйгө айланып баратат. Бул видео дүйнө жүзүндөгү жаштарга жардам берүүдө.

Кошмо Штаттарда жашаган Айве бир классташ кызынан аябай коркчу. Бирок «Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген видеону көргөндөн кийин ал кайраттанып, ошол кыз менен сүйлөшүүнү чечкен. Айве көйгөйү тууралуу мугалимине да айткан. Ошондо мугалими ал кыйынчылыкты чечкенге жардам берген. Кийин анын классташ кызы кечирим сурап, экөө жакшы сүйлөшүп калышкан.

Жахабанын Күбөлөрү жаштардын жыргалчылыгына абдан кызыкдар. Биз жаштарга мектептеги бейбаштык сыяктуу күндө кездешкен кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам берген пайдалуу макалаларды мындан ары да чыгара беребиз.

 

Көбүрөөк билиңиз

Мектептеги кордук. Эмне кылсам болот?

Кордук көргөндөрдүн көбү өздөрүн жарга такалгандай сезишет. Бул макалада андай жагдайдан кантип чыкса болору айтылат.