Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КҮЙҮТ ТАРТКАНДАРГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Күйүт тарткандарды жубаткан кабар

Күйүт тарткандарды жубаткан кабар

АКЫРКЫ МААЛДАРДА ОКУМУШТУУЛАР КҮЙҮТ ЖӨНҮНДӨ КӨП ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ. Буга чейинки макалада айтылгандай, эң мыкты адистердин кеңеши көп учурда байыркы китеп деп эсептелген Ыйык Жазмадагы даанышман кеңештерге шайкеш келет. Бул Ыйык Китептеги кеңештердин канча убакыт өтсө да, адамдарга зор пайда алып келерин далилдеп турат. Бирок Ыйык Китепте эң сонун кеңештер эле эмес, күйүт тартып жүргөндөрдү сооротуп, кайраттандыра турган жакшы кабар да жазылган.

  • Өлгөн жакындарыбыз кыйналбайт

    Насаатчы 9:5те: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп айтылат. Алардын «ойлору ойрон болот» (Забур 146:4). Ыйык Китепте өлүм тынч уйкуга салыштырылат (Жакан 11:11).

  • Кудайга болгон күчтүү ишеним сооротуп-жубатат

    Забур 34:15те: «Жахабанын * көзү адил адамдарды көрүп, кулагы алардын зар-муңун угат»,— деп айтылат. Кудайдан тиленип, ичибиздеги муңду төгүү жөн гана жан дүйнөнү сакайта турган терапия же ойлорубузду иреттөөгө жардам берген ыкма эмес. Тиленүү кайгырганыбызда күчүн бизди сооротуп-жубатууга колдонгон Жаратканыбыз менен жекече мамиле түзүүгө жардам берет.

  • Жаркын келечек

    Мүрзөдө жаткандар тирилген убакты элестетсеңер. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө көп жазылган. Ошол убак келгенде, жер бетинде жашоо кандай болору тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4).

Жахаба Кудайга ишенген көптөгөн адамдар кайтыш болгон жакындарын кайра көрөм деген үмүтүн үзбөгөндүктөн, кайрат байлап, күйүтүн көтөрүүгө күч алып жатышат. Эннди мисал кылалы. Анын күйөөсү 65 жыл чогуу жашагандан кийин каза болуп калган. Энн мындай деген: «Ыйык Китепте өлгөн жакындарыбыздын кыйналбай турганы жана Кудайдын эсинде болгондордун баарын тирилтери жазылган. Жолдошумду ойлоп катуу кайгырганда ушул эсиме түшөт. Ошондо башыма түшкөн бул оор мүшкүлдү көтөрүп кеткенге күч алып калам».

Буга чейинки макалалардын биринде айтылып өткөн Тина мындай дейт: «Тимо каза болгон күндөн бери Жахаба Кудай мени колдоп, жардам берип келатат. Жүрөгүм сыздап катуу кайгырган учурларда анын жөлөп-таяганын сезем. Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндөгү Ыйык Китептеги убаданын аткарыларынан эч шектенбейм. Бул мага Тимону кайра көрө турган убак келгенге чейин багынбаганга түрткү берип келет».

Бул сөздөр миллиондогон адамдардын Кудай Сөзүнүн ишенүүгө татыктуу экенине толук кошуларын тастыктап турат. Ыйык Китепте айтылгандар куру кыялдай сезилсе же алардын аткарыларынан күмөн санасаңар, андагы кеңештердин пайдалуу экенинин жана Кудайдын убадаларынын аткарыларына эмне үчүн ишенсе болорунун далилдерин изилдеп көргүлө. Ошондо Ыйык Китепте айтылгандар күйүт тартып жүргөндөрдү сооротуп-жубатарына ынанышыңар мүмкүн.

ӨЛГӨНДӨРДҮН ТИРИЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

jw.org веб-сайтыбыздагы тасмаларды көргүлө

Ыйык Китепте тирилген жакындарыбызды тосуп ала турган замандын келери айтылат

АДАМ ӨЛГӨНДӨ ЭМНЕ БОЛОТ?

Ыйык Китепте адам өлгөндө эмне болоруна байланыштуу жубатарлык, үмүт берерлик кабар камтылат

КИТЕПКАНА > ВИДЕОТАСМАЛАР дегенди карагыла (Жолу: Ыйык Китеп)

ЖАКШЫ КАБАР УККУҢУЗ КЕЛЕБИ?

Учурда жалаң эле жаман кабар угуп калдык. Анда жакшы кабарды кайдан уксак болот? Бул тасма «Кудайдан келген жакшы кабар» китепчесин окуп көрүүгө үндөйт

КИТЕПКАНА > ВИДЕОТАСМАЛАР дегенди карагыла (Жолу: Жолугушууларыбыз жана кызматыбыз)

^ 7-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысмы Жахаба экени айтылат.