Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Электрондук каражаттар жана ой жүгүртүүңөр

Электрондук каражаттар жана ой жүгүртүүңөр

Адамдар каякта болбосун, дайыма билим алышат. Электрондук каражаттардын аркасында бул оңой болуп калды. Азыр үйдөн чыкпай эле, ал тургай ордуңан турбай эле каалаган маалыматыңды таба аласың. Тарыхта мындай болуп көргөн эмес.

Бирок электрондук каражаттарды өтө көп колдонгондор төмөнкүлөрдү байкашкан:

  • окуп жатканда көңүл топтош кыйынга турат

  • бир учурда көп нерсеге алаксышат

  • жалгыз болгондо тез эле зеригип кетишет

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

ОКУП ЖАТКАНДА

Айрымдар электрондук каражаттардан окуп жатканда сүңгүп киргенге аракет кылышпайт. Жөн гана үстүртөдөн көз жүгүртүп коюшат.

Сурооңо тез жооп тапкың келгенде мындай кылуунун эч жаман жери жок. Бирок кайсы бир нерсени жакшы түшүнгүң келсе, аны шашпай окушуң керек.

ОЙЛОНУП КӨР: Узун абзацтарды канчалык көңүл коюп окуйсуң? Мындай кылганың кайсы бир нерсени жакшы үйрөнгөнгө кандайча жардам берет? (НАКЫЛ СӨЗДӨР 18:15).

КӨҢҮЛ ТОПТОО

Көптөр электрондук каражаттардын аркасында бир ок менен эки коён атса болот деп ойлошот. Мисалы, бирдеме окуп жатып эле досум менен жазыша алам дешет. Бирок көңүлдү топтош керек болгон нерселер да бар. Андайда алар экөөнү тең чала кылып коюшу мүмкүн.

Көңүл топтоо оңойго турбаса да, анын акыбети сөзсүз кайтат. «Андайда азыраак жаңыласың, анан стресс да болбойсуң. Бир эле нерсеге көңүл топтогон жакшы экен. Ошондо башкасына алаксыбайт экенсиң»,— дейт Грейс деген өспүрүм.

ОЙЛОНУП КӨР: Бир эле учурда бир нече иш менен алектенгендиктен көңүл топтоо жана маалыматты эстеп калуу кыйынга турбайбы? (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:24).

ЖАЛГЫЗ БОЛУУ

Көптөр жалгыз болгонду жакшы көрүшпөйт. Ошон үчүн телефон чукулап отура беришет. «Мен кимден эмне келди болду экен деп бат-баттан телефонумду же планшетимди текшере берем. Телевизордогу каналдарды да которуп турам. Болбосо, бат эле зеригип кетем»,— дейт Оливия деген аял.

Бирок жалгыз болуунун жакшы жактары да бар. Себеби андайда шашпай ой жүгүртө аласың. Бул кайсы бир нерсени үйрөнүп жаткандарга, жаш-кары дебей, пайдалуу.

ОЙЛОНУП КӨР: Жалгыз болгондо шашпай отуруп ой жүгүртөсүңбү? (1 ТИМЕТЕЙ 4:15).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП КӨР

Жакшыраак ой жүгүртүп, эстеп калыш үчүн электрондук каражаттарды кантип колдонсоң болот? Алар окуганга, көңүл топтогонго кандайча тоскоол болушу мүмкүн?

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сакта» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 3:21).