Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5. Азап-кайгыдан арыла турган күн келеби?

5. Азап-кайгыдан арыла турган күн келеби?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

Эгер буга ишенүүгө негиз бар болсо, бул үмүтүбүздү жандырып, жашоого болгон көз карашыбызга оң таасир этет жана Кудай жөнүндөгү терс ойлорубузду өзгөртөт.

Ойлонуп көргүлө

Көптөр азап-кайгыны жок кылууну эңсейт, бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жумшаган күч-аракетинен эч майнап чыкпай келет. Төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар:

Медицинанын өнүгүп жатканына карабай,..

  • Жүрөк оорулары дагы деле өлүмдүн негизги себептеринин бири болууда.

  • Рактан жыл сайын миллиондогондор каза табууда.

  • Дэйвид Блум деген профессор бир журналда белгилегендей, «дүйнө оңой менен айыкпаган, жаңы пайда болгон жана кайрадан кайтып келип жаткан эски жугуштуу оорулар менен алпурушуп келет» («Frontiers in Immunology»).

Айрым өлкөлөрдүн гүлдөп-өсүп жатканына карабай,..

  • Өлүм жыл сайын миллиондогон балдардын, өзгөчө, жакыр өлкөлөрдө жашагандарынын өмүрүн алып кетүүдө.

  • Миллиарддаган адамдар санитардык талаптарга жооп бербеген шарттарда жашоодо.

  • Жүз миллиондогондор таза сууга жетпей күн көрүүдө.

Адам укуктары жөнүндө барган сайын көптөр маалымдар болуп жатса да,..

  • Көптөгөн аймактарда жана өлкөлөрдө адам уурдоо кылмыштары катталууда жана андай ишке баргандар жазага тартылбай келет. Себеби, Бириккен Улуттар Уюмунун бир отчётунда айтылгандай, бийликтегилер «көйгөйгө көз жумду мамиле кылышат же алардын кылмышкерлерге каршы чара көрүүгө кудурети жетпейт».

    КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

    jw.org/ky сайтынан «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген тасманы көргүлө.

Ыйык Китепте эмне делет?

Кудай бизге кам көрөт.

Ал азап тартып, жан дүйнөбүздүн кыйналып жатканына кайдыгер карабайт.

«[Кудай] кыйналгандын азап-кайгысына кайдыгер караган жок, андан жийиркенген жок, жүзүн жашырган жок, жардамга чакырганда, үнүн укту» (ЗАБУР 22:24).

«Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 ПЕТИР 5:7).

Азап-кайгы түбөлүккө созула бербейт.

Ыйык Китепте Кудайдын адамдарга байланыштуу ой-ниети сөзсүз ишке ашары жазылган.

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (АЯН 21:3, 4).

Кудай адамдарды азапка салып жаткан көйгөйлөрдүн тамырын жок кылат.

Муну ал өзүнүн Падышалыгы аркылуу жүзөгө ашырат. Ыйык Китепте ал Падышалыктын асмандагы чыныгы өкмөт экени айтылат.

Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт... Түбөлүк турат» (ДАНИЕЛ 2:44).