КЕНДИРДИ КЕСКЕН КЫМБАТЧЫЛЫК. КАНТИП ЖАН БАГАБЫЗ?
Акчаңарды эстүүлүк менен короткула
Кымбатчылыктын азабын баарыбыз эле тартып келатабыз. Бирок кол куушуруп отуруп да калбашыбыз керек. Жагдайды жакшыртыш үчүн көп нерсе кылсаңар болот.
МУНУ ТҮШҮНГӨНҮБҮЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Эгер акчаны эстүүлүк менен колдонгонго аракет кылбасаңар, акчанын айынан улам эле көйгөйлөргө туш болуп, сарсанаанын желесине чырмала бересиңер. Капчыгыңар калың болбосо да, жагдайыңарды жакшыртыш үчүн айрым нерселерди кыла аласыңар.
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
Кирешеге жараша чыгаша кылгыла. Эгерде ушундай кылсаңар, эмнеге канча акча кетип жатканын көзөмөлдөп, көп сарсанаа болбойсуңар. Ошондой эле күтүүсүздөн болгон чыгымдарга даяр болосуңар.
Кирешеңерге жараша чыгаша кылыш үчүн бюджет түзүп алгыла. Бул силерге каякка канча акча кетип жатканын аныктаганга жардам берет. Бюджет түзүп алгандан кийин акчаңарды чындап керектүү нерселерге коротуп жатканыңарга ынангыдай болгула. Андан соң чыгарган чечимиңерге тыгыз кармангыла. Бирок кирешеңер же баалар өзгөрө турган болсо, бюджетти ошого жараша өзгөрткүлө. Эгер үй-бүлөлүү болсоңор, жарыңар менен кеңешип, чечимди чогуу чыгаргыла.
Колдонуп көргүлө: Мүмкүн болсо, бир нерсени насыяга албай, дароо төлөп сатып алгыла. Мындай кылуу айрымдарга түзүп алган бюджетине карманып, карызга батпаганга жардам берет. Ошондой эле банктан келген билдирүүлөргө маани берип, окуп тургула. Чынында канча акчаңар бар экенинен кабардар болуп турсаңар, көп стресс болбойсуңар.
Кирешеге ылайык жашаш оңой болбошу мүмкүн. Анткен менен жакшы ойлонуштурулган бюджет түзүп алганыңар жана эмне керек, эмне кереги жок экенин туура таразалаганыңар чоң жардам болот. Ошондо акчаны ойлоп көп түйшөлбөйсүңөр.
Жумушуңардан айрылып калбаганга аракет кылгыла. Ал үчүн эмне кылсаңар болот? Жумушуңарга кечикпей баргыла. Жумушуңарга карата туура көз карашта болгула. Башкаларга урмат-сый менен мамиле кылгыла, жардам бергенге ынтызар болгула. Күжүрмөн эмгектенгиле. Жумуштагы эрежелерге, көрсөтмөлөргө кармангыла жана чеберчилигиңерди арттыра бергиле.
Кереги жок нерселерди сатып ала бербегиле. «Акчамды анча зарыл эмес, атүгүл өзүмө зыян келтире турган нерселерге коротпоймбу?» — деп ойлонуп көргүлө. Мисалы, көптөр маңдай тери менен тапкан акчасын баңгизатка, кумар оюндарына, тамекиге же ченемсиз ичкенге коротуп коюшат. Ушунун айынан алар ден соолугун талкалагандан тышкары, жумушунан да айрылышат.
Күтүлбөгөн жагдайларга акча бөлүп койгула. Мүмкүнчүлүгүңөр болсо, күтүлбөгөн жагдайларга деп бир аз акча топтоп койгула. Өзүңөр же үйүңөрдөгүлөрдөн бирөө кокус ооруп калганда, жумушуңардан айрылып калганда же башка күтүлбөгөн жагдайларга туш болгондо ошол акчанын пайдасы тиет.

