Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Негизги диндердин дээрлик баары адамдын жаны өлбөйт деп окутат

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Баш катырган суроо

Баш катырган суроо

ӨМҮР менен өлүм тууралуу ар түрдүү көз караштар бар. Айрымдар адам өлгөндө жашоосу башка бир түргө өтүп, кайсы бир жакта уланат десе, кээ бирлер адам өлгөндө кайра башка бирөө болуп жаралат деп ойлошот. Дагы бирөөлөр болсо өлүм менен баары бүтөт деп эсептешет.

Силердин да алган тарбияңарга, маданиятыңарга жараша калыптанган кандайдыр бир жеке көз карашыңар болсо керек. Бул жөнүндөгү ойлор бири-биринен ушунчалык айырмалангандыктан: «Табышмактуу бул суроого так жооп табыш үчүн кимге же каякка кайрылыш керек?» — деген суроо туулат.

Кылымдар бою диний жетекчилер элди жандын өлбөстүгүнө байланышкан ар кыл окууларга окутуп келишкен. Дүйнөдөгү негизги диндердин дээрлик баарында, алсак, христиан, индуизм, иудаизм жана башка диндерде адам өлгөндө жаны башка жакта жашай берерине ишенишет. Ал эми буддизм дининде адам өлгөндөн кийин кайра башка бир жан болуп жаралып отуруп, акыры, бүт азабынан арылып, нирвана деп аталган, жанды жыргалга бөлөгөн өзгөчө абалга жетет дегенге ишенишет.

Ушундай окуулардан улам дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар өлүм жашоонун башка бир түрүнө жол ачат деп эсептешет. Ошондуктан көптөр өлүм бул жашоонун маанилүү бир баскычы жана Кудайдын буйругу деп түшүнүшөт. Бирок бул туурасында Ыйык Китепте эмне делет? Бул суроонун жообу силерди таң калтырышы мүмкүн.