Эмне үчүн согуш-жаңжалдар токтобой келет?
Ыйык Китепте согуш-жаңжалдардын эмне үчүн болуп жатканы жана адамдар аларды эмне үчүн токтото албай келатканы түшүндүрүлөт.
КҮНӨӨ
Кудай түпкү ата-энебизди — Адам ата менен Обо энени — өзүнө окшош кылып жараткан (Башталыш 1:27). Башкача айтканда, алар Кудайда бар тынчтык, сүйүү сыяктуу сапаттарды оңой эле чагылдыра алмак (Корунттуктарга 1-кат 14:33; Жакандын 1-каты 4:8). Бирок Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин албай күнөө кетиришкен. Анын кесепетинде баарыбызга күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн (Римдиктерге 5:12). Күнөө тукум кууп өткөндүктөн, көптөр жаман ойлорго алдырганга, зордук-зомбулук кылганга жакын келет (Башталыш 6:5; Марк 7:21, 22).
АДАМДАР БАШКАРГАН ӨКМӨТТӨР
Кудай адамдарды өзүн өзү башкаргыдай кылып жараткан эмес. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «[Адам] атүгүл басып баратканда кадамын багыттай албайт» — деп жазылган (Жеремия 10:23). Ошол себептен адамдар башкарган өкмөттөр согуштарды толугу менен жоё албайт, зордук-зомбулукту да токтото албайт.
ШАЙТАН ЖАНА АНЫН ЖИН-ПЕРИЛЕРИ
Ыйык Китепте «бүт дүйнө Шайтандын бийлиги астында экени» айтылат (Жакандын 1-каты 5:19). Шайтан болсо кара өзгөй, мыкаачы киши өлтүргүч (Жакан 8:44). Ал жин-перилери менен адамдарды бири бирине кайраштырып, согуш отун тутантат, зордук-зомбулукту жайылтып келет (Аян 12:9, 12).
Адам баласы согуштун, зордук-зомбулуктун тамырын эч качан жула албайт. Бул Кудайдын гана колунан келет.