Римдиктерге 5:1—21
5 Ошентип, ишенимибиздин негизинде адил деп эсептелгендиктен+ Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкта бололу.+
2 Исага ишенгенибиз үчүн Кудайга жакындашыбызга жана анын бизге ырайым кылышына жол ачылды.+ Эми Кудай бизди даңкка бөлөй турганына үмүттөнүп жатабыз. Ошон үчүн кубаналы*.
3 Буга эле эмес, кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызга да кубаналы*.+ Анткени кыйынчылыктар туруктуу кыларын,+
4 туруктуулук болсо Кудайга жакканга жардам берерин,+ ал эми Кудайга жаксак, үмүткө ээ болорубузду билебиз.+
5 Үмүтүбүз болсо сөзсүз ишке ашат.+ Себеби Кудай бизге берген ыйык руху аркылуу+ бизди сүйөрүн көрсөтүп келди*.
6 Машаяк белгиленген убакта ыймансыздар үчүн өлгөн.+ Ал биз үчүн күнөөкөр* кезибизде эле өлгөн.
7 Кимдир бирөө адил киши үчүн өз жанын кыяры күмөн, ал эми жакшылык кылган киши үчүн өлгөнгө даяр болушу мүмкүн.
8 Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн.+ Бул аркылуу Кудай бизди жакшы көрөрүн көрсөткөн.
9 Кудай Машаяктын төгүлгөн канынын негизинде азыр бизди адил деп эсептейт.+ Ошон үчүн анын каары төгүлгөндө, Иса аркылуу сөзсүз куткарылабыз деп ишенсек болот.+
10 Эгер Кудайдын душманы болуп жүргөн кезибизде эле Уулунун өлүмү аркылуу аны менен элдешкен болсок,+ анда азыр, анын досу болгондон кийин, Уулунун тирилгени* аркылуу куткарыларыбыз шексиз.
11 Мындан сырткары, Кудайдын Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу биз үчүн кылган иши бизди кубанычка бөлөйт. Себеби ал аркылуу Кудай менен элдешип, дос болуп жатабыз.+
12 Күнөө адамзатка бир киши аркылуу өткөн, ал эми күнөө аркылуу өлүм өткөн,+ ошентип, өлүм баарына тараган, себеби баары күнөөкөр болуп калган*.+
13 Анткени күнөө дүйнөдө Мыйзам берилгенге чейин эле бар болгон, бирок мыйзам жок болсо, адамдар күнөөлүү деп эсептелбейт.+
14 Ошентсе да өлүм Адам атадан Муса пайгамбарга чейин баарынын, атүгүл Адам атаныкындай күнөө кылбагандардын да үстүнөн падыша сыяктуу бийлик кылып келген. Адам ата келечекте келе турган бирөөгө окшош болгон.+
15 Бирок Кудайдын бизге берген белеги Адам атанын күнөөсүнөн айырмаланат. Анын күнөөсүнүн айынан көптөр өлүмгө дуушар болуп келишет. Ал эми Кудайдын ырайымынын аркасында жана анын ырайымдуу болгон бир адам+ — Иса Машаяк — аркылуу берген белегинин аркасында адамзатка мол бата төгүлүп жатат!+
16 Мындан тышкары, Кудайдын белеги адамзатка пайдасын тийгизип жатса, Адам атанын күнөөсү кесепетин тийгизип жатат.+ Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөр күнөөкөр деп жарыяланса,+ адамдар күнөө кетиргенден кийин берилген белектин аркасында көптөр адил деп жарыяланып жатат.+
17 Эгер бир кишинин күнөөсүнүн айынан өлүм падыша сыяктуу бийлик кылып жатса,+ анда Кудайдын ырайымына бөлөнгөндөр жана анын белегин алгандар, тактап айтканда, адил деп эсептелгендер+ бир киши аркылуу — Иса Машаяк аркылуу+ — өмүр сүрүп, падыша катары+ бийлик кылары ого бетер шексиз!
18 Ошондуктан, бир күнөөнүн айынан бардык адамдар өлүмгө өкүм кылынгандай эле,+ адилдикке жаткан бир иштин натыйжасында ар кандай адамдар+ өмүр сүрүш үчүн адил деп табылат.+
19 Бир адамдын Кудайга баш ийбестигинен улам көптөр күнөөкөр болуп калгандай эле,+ бир адамдын Кудайга баш ийгенинен улам көптөр адил болушат.+
20 Мыйзам адамдардын канчалык күнөөкөр экени айкын болушу үчүн берилген.+ Бирок адамдар канчалык көп күнөө кылса, Кудай аларга ошончолук көбүрөөк ырайым кылган.
21 Эмне үчүн? Күнөө падышадай бийлик кылып,+ адамдар өлүмгө дуушар болуп келаткандай эле, Кудайдын ырайымынын да падышаныкындай бийлиги бар болгондуктан, Кудай адамдарды адил деп эсептеп, Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жеткириш үчүн ырайым кылган.+

