Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жезекиел пайгамбар каймана мааниде Иерусалимди курчоого алган

Пайгамбарлардан үлгү ал

Пайгамбарлардан үлгү ал

СЕНИН байыркы убактагы пайгамбарлар менен кандай жалпылыгың бар? Англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» «Сөздүгүндө» берилген аныктамага ылайык, пайгамбар — бул «Кудай өзүнүн ой-ниетин ачып берүүдө колдонгон киши. Пайгамбарлар келечекти алдын ала айткандан сырткары, Жахабанын окуулары, буйруктары, өкүмдөрү жөнүндө башкаларга жарыялап, анын өкүлү катары кызмат кылышкан». Сен пайгамбарлык кылбасаң да, Ыйык Китепте жазылгандарды башкаларга айтып, Кудайдын атынан сүйлөп жатасың (Мт. 24:14).

Жахаба Кудайыбыз жана анын адамзатка байланышкан ой-ниети тууралуу башкаларга айтуу биз үчүн баа жеткис сыймык! Биз ал ишти аткарууда «асмандын ортосунда учуп бараткан» периште менен кызматташып жатабыз (Аян 14:6). Бирок, сак болбосок, кыйынчылыктардан улам ошондой зор сыймыкка ээ экенибизди унутуп коюшубуз мүмкүн. Биз кабылып жаткан кыйынчылыктардын айрымдары кайсылар? Кээде чарчап-чаалыгышыбыз, көңүлүбүз чөгүшү же өзүбүздү эч нерсеге жараксыз сезишибиз мүмкүн. Байыркы убактагы ишенимдүү пайгамбарлар да биздикиндей жагдайларга кабылышкан, бирок багынышкан эмес. Жахаба аларга тапшырмасын аткарганга жардам берген. Анда эмесе, алардын айрымдарынын үлгүсүнө токтолуп, эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү.

ЖАН АЯБАС БОЛУШКАН

Кээде күнүмдүк түйшүктөр менен алпурушуп жүрүп чарчап калгандыктан өзүбүздү кабарга чыга албачудай сезишибиз мүмкүн. Албетте, Иса Машаяк менен элчилери эс алууга муктаж болгондой эле, биз да эс алууга муктажбыз (Мр. 6:31). Бирок Бабылда жүргөн Жезекиел пайгамбар жөнүндө жана анын Иерусалимден туткундалып кеткен ысрайылдыктардын арасында аткарган кызматы тууралуу ойлонуп көрсөң. Бир жолу Кудай ага кыш алып, анын бетине Иерусалим шаарынын чиймесин түшүрүүнү айткан. Анан пайгамбар сол кырынан 390 күн, оң кырынан 40 күн жатып, каймана мааниде аны курчоого алган. Жахаба ага: «Курчоо күндөрүң бүтмөйүнчө, бир кырыңан экинчи кырыңа оодарылбашың үчүн, сени аркан менен байлап коём»,— деген (Жез. 4:1—8). Жезекиел пайгамбардын кылганы туткунда жүргөн ысрайылдыктардын көңүлүн бурдурганы шексиз. Ал дене бойду талыткан ошондой абалда бир жылдан ашуун убакыт жаткан. Ага тапшырмасын аткарууга эмне жардам берген?

Жезекиел өзүнүн эмне үчүн пайгамбар катары жөнөтүлгөнүн жакшы билген. Анткени Жахаба аны жөнөтүп жатып: «Алар [ысрайылдыктар]... угабы же укпайбы, өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин»,— деген (Жез. 2:5). Жезекиел максатын эсинде бек сактагандыктан, каймана мааниде Иерусалимди курчоого алып, тапшырмасын чын жүрөктөн аткарган. Кийинчерээк анын чыныгы пайгамбар экени айкын болгон. Себеби ага жана туткундагы башка ысрайылдыктарга: «Шаар талкаланды!» — деген кабар жеткен. Ошондо ысрайылдыктар өздөрүнүн арасында пайгамбар бар экенин түшүнүшкөн (Жез. 33:21, 33).

Бүгүнкү күндө биз башкаларга Шайтандын дүйнөсү түп-тамыры менен жок болорун эскертип жатабыз. Чарчаган учурларыбыз болсо да, күчүбүздү кабар айтууга, кайра жолугууга барууга, изилдөөлөрдү өткөрүүгө колдонуудабыз. Бул дүйнөнүн акырына байланыштуу айтылган пайгамбарлыктар аткарылып жаткандыктан, Кудай бизди «өзүнүн ой-ниетин ачып берүүдө колдонуп» келатканына абдан кубанычтабыз.

КӨҢҮЛ ЧӨГӨТТҮКТҮ ЖЕҢИШКЕН

Жахабанын рухунун жардамы менен ага жаныбызды аябай кызмат кылып жатсак да, айрымдар кабарга кулак какпагандыктан, кээде көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Андайда Жеремия пайгамбардын үлгүсүн эстегенибиз жакшы. Кудайдын кабарын айтканы үчүн, ысрайылдыктар аны шылдыңдап, мазакташкан. Жеремия атүгүл бир жолу: «Мындан ары аны сөз кылбайм, анын атынан сүйлөбөйм»,— деген. Ал биздикиндей эле сезимдери бар пенде болгон. Анткен менен Кудайдын кабарын жарыялай берген. Эмне себептен? Пайгамбар өзү: «Бирок анын сөзү жүрөгүмдө алоолонуп күйгөн, сөөктөрүмдө камалган оттой болду. Мен аны ичимде кармап жатып чарчадым, чыдабай кеттим»,— деп түшүндүргөн (Жер. 20:7—9).

Ошо сыяктуу эле, эгер айткандарыбызды башкалар укпай койгонуна көңүлүбүз чөксө, жарыялап жаткан кабарыбыз тууралуу ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Анын аркасында ал кабар сөөктөрүбүздө «камалган оттой болуп», терс сезимдерден арылганга көмөк кылат. Ыйык Китепти күндө окусак, ал от өчпөй, ичибизде алоолонуп күйө берет.

ТЕРС СЕЗИМДЕРГЕ АЛДЫРЫШКАН ЭМЕС

Кайсы бир тапшырма берилгенде, Кудайдын кээ бир кызматчылары анын себебин түшүнбөгөндүктөн же аны кантип аткарууну билбегендиктен тынчсызданышат. Ошуя пайгамбар да ошондой сезимде болгон болуш керек. Жахаба ага: «Бар да, аял ал, ал аял бузуктук кылат, сен бузуктуктан төрөлгөн балдарга ата болосуң»,— деген (Ош. 1:2). Өзүңдүн турмуш курганы жатканыңды элестетсең. Эгер Кудай сага жарыңдын ойноштук кыларын айтса, кандай сезимде болот элең? Ошуя пайгамбар Кудайдын тилин алып, Гомерге үйлөнгөн. Аялы ага уул төрөп берген. Кийинчерээк ал бир кыз, анан дагы бир уул төрөгөн. Кыязы, ошол эки баласы никесиз төрөлгөн. Жахаба Ошуя пайгамбарга аялы «ойношторунун артынан чуркаарын» айткан. «Ойношторунун» деген сөздүн көптүк санда берилгенине көңүл бурсаң. Кийин аялы Ошуяга кайтып келгенге аракет кылган. Эгерде сен Ошуя пайгамбардын ордунда болсоң, аялың менен кайра жашайт белең? Жахаба пайгамбарына дал ошондой кылууну буйруган. Ошуя аялын атүгүл кымбат баага сатып алган (Ош. 2:7; 3:1—5).

Балким, Ошуя пайгамбар ал тапшырманы аткарганы кандай пайда алып келерин түшүнбөй, түпөйүлдөнсө керек. Ошентсе да ал өзүнө берилген ошол оор ишти ишенимдүүлүк менен аткарган. Анын жашоосунда болгон кейиштүү окуя бизге ысрайылдыктар туура жолдон чыгып, ишенимсиздик кылышканда, Жахабанын жүрөгү канчалык сыздаганын түшүнүүгө жардам берет. Бактыга жараша, айрым жүрөгү таза ысрайылдыктар Кудайга кайтып келишкен.

Азыркы убакта Жахаба эч кимге: «Сойку аялга үйлөн»,— деп айтпайт. Бирок Ошуя пайгамбардын ошондой тапшырманы даярдуулук менен аткарганынан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Алсак, анын үлгүсү бизге, кээде кыйын болгонуна карабай, Падышалык жөнүндөгү кабарды «эл алдында жана үймө-үй» айтууга түрткү берет (Элч. 20:20). Балким, жакшы кабарды жарыялоонун кээ бир ыкмалары сен үчүн оңой эместир. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегендердин көптөрү изилдөө абдан жагарын, бирок эч качан үймө-үй кыдырып кабар айтпай турганын айтышат. Ошентсе да алардын көбү кийинчерээк колунан келбечүдөй сезилген ал ишти аткара башташкан. Сен да ошенте аласың.

Ошуянын оор тапшырманы аткарууга макул болгонунан дагы бир нерсеге үйрөнө алабыз. Ал каймана мааниге ээ болгон ошол тапшырмадан баш тартып деле коё алмак. Бирок Ошуя аны аткарбай койсо жана башынан өткөн окуяны жазбай койсо, башкалар бул тууралуу биле алат беле? Бизде да кимдир бирөөгө Жахаба жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн учурлар болот. Андайда унчукпай койсок, алар жакшы кабарды укпай калышы мүмкүн. АКШдагы бир мектептин жогорку классында окуган Эннанын окуясына токтололу. Мугалими окуучуларга бекем ишенген нерсеси жөнүндө же дагы башка темада дил баян жазып келип, класстагыларды ошого ынандырышы керектигин айткан. Энна кабар айтууга түзүлгөн андай мүмкүнчүлүктү колдонбой деле коё алмак. Бирок ал аны Жахаба түзүп берип жатканын сезген. Жазгандарын башкалар ар кандай кабыл алышы мүмкүн экенин түшүнгөндүктөн ал Жахабадан жардам сурап тиленген жана анын аркасында мүмкүнчүлүктү колдонууга болгон каалоосу өскөн. Анан эволюция жөнүндө дил баян жазган.

Жаш ишенимдештерибиз пайгамбарлардан үлгү алып, Жахабанын Жараткан экенин кайраттуулук менен далилдөөдө

Энна дил баянын классына окуп бергенде, эволюцияга ишенген бир кыз анын жазгандарын төгүнгө чыгаруу үчүн ага суроолорду жаадырган. Бирок Энна өзүнүн көз карашын ийгиликтүү жактай алган. Мугалими анын ушундай ынандырарлык дил баян жазганына абдан таасирленип, ага сыйлык берген. Энна өзүнө каршы чыккан кыз менен жаратуу жөнүндө дагы көп жолу сүйлөшкөн. Жахаба берген «тапшырманы» аткаруудан Энна кандай пайда алган? Ал: «Азыр мен кабарды коркпой, ишенимдүү айтам»,— дейт.

Биз сөздүн түз маанисинде пайгамбар болбосок да, Жезекиел, Жеремия жана Ошуя сыяктуу пайгамбарлардай жан аябас болсок, Жахабанын эркин ийгиликтүү аткара алабыз. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде же өздүк изилдөөңдө байыркы убактагы башка пайгамбарлар жөнүндө да окуп, алардан эмнеге үйрөнө аларың тууралуу ой жүгүртүп көр.