Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алтындан да кымбат кенчти изде

Алтындан да кымбат кенчти изде

Уюган алтын тапкан учуруң болду беле? Андай алтын тапкандар чанда эле кездешет. Бирок миллиондогон адамдар андан алда канча баалуу кенч табышкан. Ал — Кудайдан келген акылмандык. Аны «таза алтынга алмаштырып» болбос (Аюп 28:12, 15).

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдегендер кандайдыр бир мааниде алтын издегендерге окшош. Кудайдын Сөзүндө жашырылган баа жеткис акылмандыкты табыш үчүн алар талыкпай изденип, күжүрмөн эмгектениши керек. Анда эмесе, алтын табуунун үч жолун карап чыгып, мындан эмнеге үйрөнө аларыбызды талкуулайлы.

СЕН УЮГАН АЛТЫН ТАПКАНСЫҢ!

Дарыяны бойлоп баратып күн нуруна жылт-жулт эте чагылышкан бир нерсени көзүң чалып калды дейли. Эңкейип карасаң — уюган алтын экен! Ошондо көргөн көзүңө ишенбей, сүйүнүп кетесиң. Ширеңкенин башынан да кичинекей келген андай алтын жогорку сапаттагы алмаздан сейрек кездешет. Албетте, сен дагы жок бекен деп, тегерек-четти карай баштайсың.

Анын сыңарындай, мындан бир нече убакыт мурун сен алтындан да баалуу кенч тапкансың: Жахабанын кызматчысы сага Ыйык Китепте камтылган үмүт жөнүндө айтып берген. Эң алгачкы жолу каймана мааниде уюган алтын тапкан ошол учуруң күнү бүгүнкүдөй эсиңде болуш керек. Балким, ошондо биринчи жолу Ыйык Китептен Кудайдын ысмы Жахаба экенин окугандырсың (Заб. 83:18). Же Кудайдын досу боло аларыңды билгендирсиң (Жкп. 2:23). Анан алтынга алмаштыргыс кенч тапканыңа дароо эле көзүң жетип, дагы көбүрөөк табуу үчүн издене баштагансың.

ДАГЫ КӨП АЛТЫН ТАБА АЛАСЫҢ!

Алтындын майда-майда бүртүкчөлөрү көбүнчө дарыялар менен алардын салааларына чогулуп калат. Аны «чачынды алтын» деп коюшат. Кара жанын карч уруп иштеген алтын издөөчүлөр андай жерлерден жылдын бир эле мезгилинде бир нече килограмм алтын табышат. Анын наркы он миңдеген долларларга жетет.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда өзүңдү алтынга бай жерде алтын чайкаган кишидей сезгендирсиң. Аяттардын улам бири жөнүндө ой жүгүртүү менен билим казынаңды толтуруп, рухий жактан байыганың шексиз. Ошондой эле Ыйык Китептеги баа жеткис чындыктардын улам бирин сузуп алуунун аркасында канткенде Жахабага жакындап, анын сүйүүсүнөн айрылбай, түбөлүк өмүргө ээ боло аларыңды билгенсиң (Жкп. 4:8; Жүй. 20, 21).

Алтын издеген кишиге окшоп, Ыйык Китептеги баа жеткис чындыкты казып алууга бүт күчүңдү жумшап жатасыңбы?

Чачынды алтын көбүрөөк кездешкен жерди издеген кишидей болуп, сен да теңдеши жок рухий асыл таштарды тыным албай издегениң күмөнсүз. Ал эми Ыйык Китептеги негизги окууларды түшүнгөндөн кийин өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлүүгө түрткү алгансың (Мт. 28:19, 20).

ТАЛЫКПАЙ ИЗДЕЙ БЕР!

Жанар тоо тектеринин арасынан кенедей эле алтын табылышы мүмкүн. Бирок кээде алардын арасында казып алууга арзырлык өлчөмдө алтын кездешкен учурлар болот. Андайда алтын издегендер кенди казып алып, андан алтынды бөлүп алыш үчүн талкалашат. Адегенде алтын анча деле көзгө уруна бербейт. Анткени бир тоннадай килейген кендин ичинде 10 эле грамм алтын болушу мүмкүн. Ошентсе да алтын издеген киши аны казып алууга күч-аракет жумшоо арзырлык деп эсептейт.

Ыйык Китептен «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды» билгенден кийин да андан ары каза бергениң маанилүү (Евр. 6:1, 2). Өздүк изилдөө учурунда иш жүзүндө колдонорлук жаңы ойлорду «бөлүп алыш» үчүн баш көтөрбөй эмгектенишиң керек. Ыйык Китепти бир топ жылдан бери изилдеп келатсаң да, өздүк изилдөөң жемиштүү болушу үчүн, эмне кылсаң болот?

Окуп-үйрөнгөнгө дайыма дилгир бол. Майда-чүйдө маалыматтарга көңүл бур. Талыкпай күч жумшай берсең, Ыйык Жазмадан каймана маанидеги уюган алтындарды — Кудайдан келген акылмандык менен жетекчиликти — таба аласың (Рим. 11:33). Ыйык Жазманы дагы тереңирээк түшүнө бериш үчүн эне тилиңдеги изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдарды жакшы колдон. Туура чечим чыгарууга жардам берген кеңештерди, Ыйык Китепти окуп жатканда пайда болгон суроолоруңдун жообун табыш үчүн кылдат изилде. Башкалардан аларга кайсы аяттар жана макалалар өзгөчө жардам бергенин, бекемдегенин сура. Андан тышкары, Кудайдын Сөзүн изилдеп жатканда тапкан кызыктуу ойлорду башкалар менен бөлүш.

Албетте, максатың тек гана билимиңди арттыруу болбошу керек. Элчи Пабыл: «Билим текебер кылат»,— деп эскерткен (1 Кор. 8:1). Ошол себептен момун болуп, ишенимиңди бек сактоого умтул. Үй-бүлө менен сыйынуу кечин, өздүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпай өткөрүү Жахабанын мыйзам-принциптерине ылайык жашоого көмөк кылат жана башкаларга колдоо көрсөтүүгө түрткү берет. Баарынан маанилүүсү, алтындан да кымбат кенч тапкандыктан жүрөгүң кубанычка толот (Накыл 3:13, 14).