Исанын жашоосунда болгон окуялар
Жүрөк толкуткан көп сериялуу бул видеодон Кудайдын Уулу жана адамзаттын Куткаруучусу Иса Машаяк тууралуу көбүрөөк биле аласыңар.
«Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген көп сериялуу драмага сереп
Иса пайгамбар жөнүндөгү драманы көрүп, Инжилде жазылгандарды көз алдыңызга тартып көрүңүз.
Дүйнөнүн чыныгы жарыгы (1-серия)
Адам атадан өткөн күнөөдөн адамзат кантип куткарылат? Машаяк — адам баласынын жалгыз үмүтү.
«Бул — менин Уулум» (2-серия)
Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаякка жол даярдайт. Исанын жердеги кызматынын башында болгон укмуштуудай окуяларды көргүлө.
«Дал ошонун өзүмүн» (3-серия)
Иса өзүнүн Машаяк экенин Никедимге, самариялык аялга жана Назарет шаарынын элине ачып берет. Анткен менен буга айрым гана адил адамдар ишенишет. Иса момун балыкчыларды анын жолдоочусу болгонго чакырарда алардын жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн керемет жасайт.
«Себеби ошон үчүн келгем» (4-серия)
Иса өзүнүн күчүн көрсөтүп оорулууларды айыктырат жана жиндерди кууп чыгарат. Бирок ага бут тосуп, анын көзүн тазалагысы келгендер да чыгат. Боорукердик көрсөтүп, чебердик менен окутуп Иса шакирттерин даярдайт да, арасынан 12син элчи кылып дайындайт.
«Эл анын кантип окутканына аябай таң калды» (5-серия)
Көптөрдү ооруларынан айыктырган соң Иса элди окута баштайт. Ага чейин бир да киши антип окуткан эмес. Ошон үчүн анын бийлиги, мисалдары жана күнүмдүк турмушта колдонорлук кеңештери элди абдан таң калтырат.
«Келе турган Машаяк сенсиңби?» (6-серия)
Иса өлгөндөрдү да тирилте аларын көрсөтөт. Анын кереметтери жана окуткандары аны угуп тургандардын ниеттери кандай экенин ачыкка чыгарат. Иса мисалдарды келтирип Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин түшүндүрүп берет.
Исанын жашоосунда болгон окуялар. Көп сериялуу драманын трейлери
Инжилде жазылгандарга жан киргизген драманын трейлерин көрүңүз.

