Антакьядагы урап калган имарат, Түркия

10-ФЕВРАЛЬ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 17-ФЕВРАЛЬ, 2023
Түркия

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Түркиядагы катуу жер титирөөдөн он миңдегендер жабыр тартты

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Түркиядагы катуу жер титирөөдөн он миңдегендер жабыр тартты

2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында кубаттуулугу 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Кийинчерээк ошол аймакта жер дагы бир жолу катуу силкинип, кубаттуулугу 7,5 баллга жетти. Жер андан кийин да бир нече жолу катуу термелди. 38 000ден ашык киши каза таап, 108 000ден ашууну жапа чекти.

Түркиядагы ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Өкүнүчтүүсү, Аданадагы бир улгайган ишенимдешибиз (аял) каза болду. Андан тышкары, Адыямандагы бир ишенимдешибиз аялы жана жашы жете элек эки баласы менен өмүрүнөн айрылды

  • 3 үй талкаланды

  • 17 үйдүн бир топ жери жабыркады

  • 22 үй бир аз талкаланды

  • 1 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 2 Падышалык залы бир аз талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Жоопкерчилик артылган ага-инилер зилзаладан жабыр тарткандарды Кудайдын Сөзү менен сооротуп-жубатып жатышат

  • Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 2 комитет түзүлүп, жардам берүү ишин көзөмөлдөп жатышат

Филиалдын комитетинин мүчөсү ишенимдештерибизди, анын ичинде үйү урап же такыр эле талкаланып калгандарды Ыйык Китепти колдонуп жубатып-кайраттандырып жатат

Жердин катуу титирегенине жана андан кийин да силкине бергенине карабай, бир туугандар Жахабанын «баш маанабыз, күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» экенин билгендиктен сооронуп жатышат (Забур 46:1).