Мазмунун көрсөтүү

Деннис Кристенсен түрмө кызматкерлеринин коштоосунда Орёлдогу Железнодорожный райондук сотуна баратат

2019-ЖЫЛ, 31-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: Деннис Кристенсен түзөтүү абагына которулгандан кийин да туруктуу бойдон калууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: Деннис Кристенсен түзөтүү абагына которулгандан кийин да туруктуу бойдон калууда

2019-жылдын 6-июнунда, сот Деннис Кристенсендин доо-арызын канааттандырбай койгондон эки жума өткөндөн кийин, Орусия өкмөтү аны Орёл шаарындагы тергөө камак жайынан Льгов шаарындагы № 3 түзөтүү абагына которгон. Льгов шаары Деннис бир туугандын аялы, достору жашаган Орёл шаарынан 200 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Деннис бир тууган № 3 түзөтүү абагына келип түшкөндө, башкалар аны сөз менен кордоп, кынтыксыздыгынан жаздырууга аракет кылышкан. Ошого карабай ал Жахабага толугу менен таянып, күчтүү, эр жүрөк киши экенин көрсөтүүдө (1 Петир 5:10).

Финляндияда (солдон оңго): Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон, Ирина Кристенсен, финляндиялык Томми Кауко

Деннис бир тууган камакка алынгандан тартып бир туугандар анын жубайы Иринаны колдоп, кам көрүп келишет. Июнь айында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон менен башка жооптуу бир туугандар Ирина бир тууган менен Финляндияда жолугуп, аны кубаттап-бекемдешкен.

Деннис бир туугандын түзөтүү абагында отурганына бир айдан ашты. Ирина бир тууганга жакында эле күнүнө бир жолу жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө, ошондой эле түрмөдөн аны менен жолугуп турууга уруксат берилди.

Ирина бир тууган жолдошунан келген катты окуп жатат

Деннис бир туугандын камакка алынганына эки жылдан ашып баратат. Ошол убакыт аралыгында ал жубайы экөө эмнелерди гана башынан өткөрүшкөн жок. Ошого карабай алар бекем болуп, кубанычын сактап келишет. Ирина жолдошунан жума сайын алып турган каттары ага өзгөчө күч-кубат берерин айткан. Андан алган каттардын арасында өзгөчө жакшы көргөндөрү бар. Алардын биринде жолдошу мындай деп жазган: «Оң маанай сактоо ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет. Бизде болсо кубанууга көп себептер бар. Биз Жахабанын эгедерлигин колдош үчүн жашашыбыз керек. Биздин сапарыбыз — узак сапар. Биз дагы деле жеңишке жете элекпиз. Бирок, акыр-аягы, жеңишке сөзсүз жетебиз. Мен буга жүз пайыз ишенем».

21-июлда Данияда өткөн эл аралык жыйында Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт бир тууган Деннис бир тууган жазып жиберген каттан үзүндү окуп берген. Ал мындай деп жазыптыр: «Мен силер менен чогуу жыйынга аябай катышкым келди. Бирок азыркы дайындоомдон бошой албай калгандыктан келе албай калдым. Келечекте сөзсүз жолугабыз. Мен ошол учурду чыдамсыздык менен күтүп жатам».

Римде камакта отурган элчи Пабыл: «Силерди эстеген сайын Кудайыма ыраазычылык билдирем, баарыңар үчүн дайыма жалынам. Мен кубаныч менен жалындуу тиленем,.. силер менин жүрөгүмдөсүңөр. Кишенделгенимде да, жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргогонумда да баарыңар мени менен ырайымга ортоктошсуңар»,— деп жазган (Филипиликтер 1:3, 4, 7).