Мексикадагы жаңы алыскы котормо кеңселери жана турак жайлар. Солдон оңго: цоциль, сапотек (истмус), отоми (Мескиталь өрөөнү)

31-АВГУСТ, 2022
МЕКСИКА

Борбордук Америкада алыскы котормо кеңселеринин саны 25ке жетти

Борбордук Америкада алыскы котормо кеңселеринин саны 25ке жетти

2022-жылдын январынан июлуна чейин Мексикада беш алыскы котормо кеңсеси (АКК) ишке киришти. Ошентип, Борбордук Америкадагы филиалга караштуу аймакта АККнын саны бардыгы болуп 25ке жетти. Адабияттарыбызды тараскан, цоциль, сапотек (истмус), отоми (Мескиталь өрөөнү), чоли тилдерине которгон котормочулар ошол тилдерде сүйлөгөн элдин арасында жашай алышат. Жакынкы айларда Борбордук Американын филиалына караштуу 8 АКК ачылат, ал эми келечекте дагы 34 АКК ачылат деп күтүлүүдө.

Котормочулардын элдин көбү алардын тилинде сүйлөгөн аймакта жашап, иштегенинин көп жакшы жактары бар. Цоциль тилине которгон Марсела Эрнандес мурун бир нече жыл бою филиалда жашап, кызмат кылган. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Бул жакка көчүп келе электе которгондорум өтө татаал болуп калчу. Азыр болсо жыйналыштагылардын кантип сүйлөп, кантип кабар айтып жатканын угуп, которулган материал кадимкидей жөнөкөй, табигый болуп калды».

АККнын жөнөкөй имараттарынын таза, тыкан болгону жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурдуртпай койбойт. Көптөр токтоп, имараттарды карап суктанышат, атүгүл сүрөткө тартышат. Бир аялдын АКК кеңсесинен алыс эмес жайгашкан жерде чакан дүкөнү бар. Ал жерде кандай жумуш аткарыларын уккандан кийин ал ушунчалык таасирленгендиктен, ал дүкөнүн дайыма жууп-тазалап, эшиктин алдын шыпыра баштаган. Мунун себебин ал: «Мен Кудайга арналган имараттын жанында жашайт турбаймынбы! Ошон үчүн таза болушум керек» — деп түшүндүргөн.

Бул АККлардын Жахабанын жардамынын аркасында иштей баштаганы айдан ачык. Котормо ишине батасын берип жатканы үчүн ага ыраазыбыз (Забур 127:1).