Мазмунун көрсөтүү

28-МАРТ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Чыгыш Африканы чоң зыянга учураткан «Фредди» циклону

Чыгыш Африканы чоң зыянга учураткан «Фредди» циклону

Чыгыш Африка жакында эле «Фредди» циклонунан чоң зыянга учурады. Бул өлкөнүн тарыхында болгон узакка созулган тропикалык шамал деп катталды. Шамал 2023-жылдын февраль айынын башында башталган. Кесепетинде көп жерлерде жер көчкү болгон. 2023-жылдын 21-февралында шамал Мадагаскардын таш-талканын чыгарып, андан ары бир нече күндө Мозамбик каналына жеткен. Андан соң Мозамбик менен Малавини зыянга учураткан. Шамал улам күчтөнүп отуруп, Мозамбикте экинчи жолу жер көчкү болгон. Ал 2023-жылдын 11-мартында катталган. Шамал Мадагаскардагы, Малавидеги, Мозамбиктеги бир канча шаарларга бүлгүн салган. Ошол аймактарда катуу шамалдан, нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 500дөн ашык киши каза тапкан. Алардын ичинде бир нече ишенимдешибиз да бар. Миңдегендер болсо башка жакка көчүрүлгөн.

Төмөндө 2023-жылдын 27-мартына чейинки отчёт камтылды. Ал жергиликтүү ишенимдештерибиз берген маалыматка негизделип түзүлдү. Чынында, көрсөтүлгөн сандар мындан да башкача болушу мүмкүн, себеби ишенимдештерибиз келтирилген зыянды дагы деле талдап жатышат. Анын үстүнө, кээ бир жерлерге жетиш азырынча мүмкүн болбой жатат.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

Мадагаскар

  • 256 жарчы жана алардын тууган-туушкандары башка жакка көчүрүлдү

  • 8 үй талкаланды

  • 29 үй зыянга учурады

  • 3 Падышалык залы зыян тартты

Малави

  • Өкүнүчтүүсү, 8 жарчы каза тапты, 6 жарчы табыла элек

  • 3 жарчы жаракат алды

  • Бери дегенде, 4 300 жарчы жана алардын туугандары башка жакка көчүрүлдү

  • 821 үй талкаланды

  • 174 үй жабыркады

  • 20 Падышалык залына зыян келди

Мозамбик

  • Кейиштүүсү, 1 жарчы каза болуп калды, дагы бирөө табыла элек

  • 880 жарчы жана алардын туугандары башка жакка көчүрүлдү

  • 248 үй талкаланды

  • 185 үй зыян тартты

  • 7 Падышалык залы зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Таш-талканы чыккан аймактардын кээ бирлерине жетиш дагы деле кыйын болуп жатат

  • Кырсык болгондо жардам берген комитеттер жапа чеккендерди баш калкалай турган жай, тамак-аш, суу жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылып жатат

  • Филиалдын комитетинин мүчөсү башка жакка көчүрүлгөн ишенимдештерибизди сооротуп-жубатып жатат (Мозамбик, Чокве шаарына жакын жер)

    Мозамбиктин Газа шаарында атайын чатырлар тигилди. Аларда убактылуу 167 жарчы жана алардын үй-бүлөлөрү жашап жатат. Ага чейин алар жыйын залында баш калкалап жатышкан. Дагы жүздөгөн ишенимдештерибиз Падышалык залдарында жана ошол аймактагы башка ишенимдештеринин үйлөрүндө жашап жатышат

  • Ушул убакка чейин, бери дегенде, 16 үй оңдолду

  • Филиалдын комитеттеринин мүчөлөрү, райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткан үй-бүлөлөргө барып, зарыл жардам көрсөтүп жатышат. Ошондой эле жылуу сөздөрүн айтып, жубатууда

Ушундай оор кырдаалдарда да ал жактагы боордошторубуз мүмкүн болгон жерлерде жолугушууларды өткөрүп, бири-бирин бекемдеп-кубаттап жатышат. Биз Жахаба аларга «адаттан тышкаркы күч» берип, баарына чыдаганга колдоо көрсөтөт деп бекем ишенебиз (2 Корунттуктар 4:7).