29-НОЯБРЬ, 2019
АВСТРАЛИЯ
Мельбурн, Австралия. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
Күнү: 22—24-ноябрь, 2019-жыл
Өткөрүлгөн жери: «Марвел» стадиону, Мельбурн, Австралия
Жыйын өткөн тилдер: австралия жаңдоо тили, англис, вьетнам, испан, корей, кытай (кантон), кытай (мандарин), тагал
Катышкандардын жогорку саны: 46 582
Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 407
Эл аралык делегаттардын саны: 6 083
Чакырылган филиалдар: Аргентина, Гонконг, Индия, Италия, Жапония, Канада, Корея, Кошмо Штаттар, Соломон аралдары, Тайвань, Түштүк Африка, Филиппин
Жергиликтүү окуялар: Балларат шаарындагы «Жырткычтар дүйнөсү» деп аталган коруктун башчысы мындай деген: «Бул паркта 15 жылдан бери иштеп келатам. Чынын айтсам, силердей мыкты уюшкан элди биринчи жолу жолуктуруп жатам. Силер менен кызматташкан аябай жагымдуу болду. Силерге миң мертебе ыраазымын. Экскурсия өткөргөндөргө да рахмат айткым келет».
Ал эми конокторду жайгаштыруу боюнча бир башчы анын мейманканасына токтогон 340тай делегат тууралуу: «Көйгөйлөрдү чечиш керек болгондо баары эриш-аркак иш кылып жатышты. Мага бир чоң үй-бүлө келгендей эле болду. Баары бири-бири-менен сонун пикирлешип, бири-бирине колдоо көрсөтүп жатышты. Алар менен кызматташуу аябай жеңил болду. Конокторду жайгаштыруу тармагында 11 жылдан бери эмгектенип келатам. Мындай элди эзели көргөн эмесмин»,— деген. Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташуунун аркасында ал жыйындын ишемби күнкү программасына катышкан.