Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 6-ОКТЯБРЬ
ЖАҢЫЛАР

«Ыйык Китептеги окуулар» куржуну өзгөрүүдө

«Ыйык Китептеги окуулар» куржуну өзгөрүүдө

jw.org сайтындагы «Ыйык Китептеги окуулар» деген куржун өзгөрүүдө. Эми маалыматты тема боюнча оңой табууга болот. Төмөндөн эмнелер өзгөргөнүн биле аласыңар.

  • «Тарых жана Ыйык Китеп» деген жаңы бөлүктөн Ыйык Китептин кандайча сакталып калганы, которулганы, таратылганы жана жаңы илимий ачылыштар анын тарыхый жактан так экенин кандайча тастыктаары жөнүндө биле аласыңар.

  • «Тынтчык жана бакыт» деген жаңы бөлүктөн күнүмдүк түйшүктү көтөрүүгө жана толгон токой көйгөйлөргө карабай жан дүйнө тынчтыгына ээ болуп, бактылуу болууга Ыйык Китеп кандайча жардам берери талкууланат.

  • «Илим жана Ыйык Китеп» деген жаңы бөлүктөн Ыйык Китептин илимий жактан так экенин табият кандайча тастыктап турарын биле аласыңар.

  • «Суроолор жана жооптор» деген бөлүк суроолорду тема боюнча оңой таба алгыдай болуп өзгөрүүдө.

  • «Жубайлар жана ата-энелер» деген бөлүк «Нике жана үй-бүлө» деп өзгөрөт. Бул бөлүктөн нике түйүнүн бекемдегенге жана бала тарбиялоого жардам берген принциптерди биле аласыңар.