Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү ажырашууга кандай карашат?

Жахабанын Күбөлөрү ажырашууга кандай карашат?

 Биз Ыйык Китептеги никеге жана ажырашууга байланыштуу нормаларга карманабыз. Кудайдын ниетине ылайык, нике — аял менен эркектин ортосундагы түбөлүккө созула турган түзүлүш. Ыйык Китепте жыныстык адеп-ахлаксыздыктан улам гана ажырашууга жол берилет (Матай 19:5, 6, 9).

Жахабанын Күбөлөрү жубайларга никедеги кыйынчылыктарды чечкенге жардам береби?

 Ооба. Алар муну бир нече жол менен кылышат.

Аксакалдар Жахабанын Күбөлөрүнө ажырашкыла деп айтышабы?

 Жок. Жубайлар аксакалдарга үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарын чечүүгө жардам беришин сурап кайрылышса да, аксакалдарга мындай кылгыла, тигиндей кылгыла деп айтууга бийлик берилген эмес (Галатиялыктар 6:5). Бирок кимдир бирөө Ыйык Жазмада жол берилген себептен башка себеп менен ажырашууну чечсе, жыйналыштарда сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалай албайт жана башка бирөө менен баш кошконго ыйык китептик негизи болбойт (1 Тиметей 3:1, 5, 12).

Жахабанын Күбөлөрү бөлөк жашоого кандай карашат?

 Ыйык Китеп жубайларды, кыйын жагдайларга туш болушса да, чогуу жашоого үндөйт (1 Корунттуктар 7:10—16). Көп көйгөйлөрдү Кудайдан жалындуу тиленүү, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу жана сүйүү көрсөтүү менен чечүүгө болот (1 Корунттуктар 13:4—8; Галатиялыктар 5:22).

 Ошентсе да төмөндө келтирилген өтө оор жагдайларда Кудайдын айрым кызматчылары эки бөлөк жашоону чечиши мүмкүн.

  •   Үй-бүлөнү багуудан атайлап баш тартуу (1 Тиметей 5:8).

  •   Катуу кордук көрсөтүү (Забур 11:5).

  •   Рухийликке чоң коркунуч туудуруу. Мисалы, кимдир бирөө жубайын Кудайдын мыйзамын кандайдыр бир жол менен бузууга мажбур кылышы мүмкүн. Андайда жабыр тарткан тарап «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийиш» үчүн бөлөк жашаганым туура болот деп чечиши мүмкүн (Элчилер 5:29).