Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 2 (2015-жыл, сентябрь—2016-жыл, август)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 2 (2015-жыл, сентябрь—2016-жыл, август)

Улуу Британиядагы Жахабанын Күбөлөрү филиалын Лондондун чет жакасындагы Милл-Хиллден чыгышты көздөй 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Челмсфорд шаарына (Эссекс графтыгы) жакын жерге көчүрүп жатышат. Бул сүрөт галереясынан 2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын августуна чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

2015-жыл, 29-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жумушчулар курулуш материалдары сактала турган кампанын кире беришине бетон куюп жатышат.

2015-жыл, 9-декабрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Келишим боюнча иштегендер убактылуу кеңселер жана ашкана катары колдонула турган имараттын чатырын жаап жатышат.

2016-жыл, 18-январь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Дарак кыя турган шайманы бар экскаваторду айдаган жумушчу негизги кире бериштеги дарактарды кыйып жатат. Кыя турган шайман даракты биринчи кармап туруп, анан кыят. Андан соң экскаватор кыйылган даракты көтөрүп, четке коёт. Кыйылган дарактардын ордун толукташ үчүн долбоор аяктаганга чейин жашылдандырууга жооптуу болгондор миңдеген дарактын көчөттөрүн отургузушат.

2016-жыл, 31-март. Филиал курула турган жер

Жумушчулар топуракты акыр-чикирлерден тазалап жатышат. Топурак тазаланып, кайра иштетилет.

2016-жыл, 14-апрель. Филиал курула турган жер

Жумушчулар убактылуу колдонула турган кабиналарды кран менен көтөрүп койгону жатышат. Ал кабиналарды туруктуу курулуш кызматкерлери менен келишим боюнча келип-кетип иштегендер кеңсе жана тейлөө иштерин аткарууда колдонушат.

2016-жыл, 5-май. Филиал курула турган жер

Жумушчулар кайра иштетсе боло турган материалдарды атайын караштырылган идиштерге салып жатышат. Курулуш долбоор комитети казылып алынган зыянсыз таштандылардын 95 пайызын кайра иштетүүнү максат кылган. Бирок кайра иштетүүгө жарактуу материалдар андан көп болуп чыккан. Андан тышкары, уратылган имараттардан калган кыш, бетон, жыгач сыяктуу материалдардын 89 пайызы курулушка колдонулуп жатат.

2016-жыл, 23-май. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жумушчу түтүк өткөрүлгөн чуңкурду көөмп жатат. Мындай чуңкурларга куруучулардын убактылуу турак жайына бара турган суу түтүктөрү же электр чубалгылары көмүлөт.

2016-жыл, 26-май. Филиал курула турган жер

Келишим боюнча иштеген жумушчу филиал курула турган жердин айланасына жол салса болор-болбосун аныкташ үчүн текшерүүгө топурак алып жатат.

2016-жыл, 31-май. Филиалдын долбоору

2016-жылдын 31-майында Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши бул долбоорду ишке ашырууга уруксат берген. Жетектөөчү Кеңештин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн долбоордун алгачкы чиймесине берген уруксаты менен долбоор ишке ашырыла баштады.

2016-жыл, 16-июнь. Филиал курула турган жер

Жумушчулар казылып алынган топуракты акыр-чикирден тазалап жатышат. Бул топурак кайра иштетилет. Мунун аркасында курулуш жүрүп жаткан жердеги казылган топуракты башка жерге ташуунун жана ордуна башка топурак түшүрүүнүн зарылдыгы болбой калат. Натыйжада каражат бир топ үнөмдөлөт.

2016-жыл, 20-июнь. Филиал курула турган жер

Жумушчу негизги кире беришке алып бара турган жол салына турган жерди тазалап, даярдап жатат. Бир ай бою жаан нөшөрлөп жаап, жер эзилип, баткак болуп калганына карабай, жумуш токтогон жок.

2016-жыл, 18-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Чаң көтөрүлбөшү үчүн жолго суу чачып жатышат. Курулуш долбоор комитети курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөгөн «Консидирэйт констракторс скиим» уюму менен келишим түзүп, анын жазуу түрүндөгү эрежелерине, жергиликтүү көрсөтмөлөргө карманууга милдеттенме алган. Ал уюмдун эрежелерине ылайык, курулуш жүрүп жаткан жерде тазалык сакталышы керек. Уюм карманууга үндөгөн жазуу түрүндөгү ал эрежелерге кармануу башкаларга урмат көрсөтүүгө жана жакыныңдын жыргалчылыгын ойлоого байланыштуу Ыйык Китептеги принциптерге шайкеш келет.

2016-жыл, 18-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Темир кесип иштеген жумушчу кондиционердин түтүктөрүн кесип жатат.

2016-жыл, 22-июль. Филиал курула турган жер

Жумушчулар 20 000 куб/метр жерден казылып алынган топуракты таштардан иргеп жатышат. Сүрөттүн ортосунда көрсөтүлгөндөй, таштардан иргелген топурак жүк ташуучу машинеге жүктөлүп жатат. Чоң жана орточо көлөмдө болгон бир катар электерден өткөн топурак акырында толук иргелет. Топурак иргеген машине бир эле учурда чоң таштарды өзүнчө, орточо таштарды өзүнчө, топуракты өзүнчө унааларга жүктөп берет.

2016-жыл, 22-июль. Филиал курула турган жер

Келишим боюнча иштеген жумушчу имарат курула турган жерди түздөп жатат.

2016-жыл, 18-август. Филиал курула турган жер

Сүрөттүн ортороок жеринин сол жагында келишим боюнча иштегендер жерди түздөп, имараттардын пайдубалын курганга даярдап бүткөнү көрсөтүлгөн. Арыраак жактын сол жагынан 118 куруучу жашай турган, курулуп бүткөн турак жайларды көрүүгө болот.