Мазмунун көрсөтүү

Эстен кеткис саякат

Эстен кеткис саякат

Жыл сайын он миңдеген адамдар Жахабанын Күбөлөрүнүн Нью-Йоркто жайгашкан филиалына жана бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына экскурсияга барышат. Андай жерлер «Бейтел» деп аталат. Мааниси, еврей тилинен которгондо, «Кудайдын үйү» дегенди билдирет. Ал жакка дүйнөнүн чар тарабынан баргандар адабияттардын кандайча басылып чыгарыларын, ишибиздин кандайча жүргүзүлөрүн көрө алышат, айрымдар болсо достору менен көрүшүү үчүн барышат. Жакында эле ошол жакка экскурсияга бир киши барган.

Ал Алясканын (АКШ) Анкориж шаарында жашаган Марселлус деген Жахабанын Күбөсү. Марселлус бир нече жыл мурун инсульт болгондуктан жакшы сүйлөй албайт. * Ал майыптар коляскасында отурат, бирөөнүн жардамысыз эч нерсе кыла албайт. Ушундай оор абалда болгонуна карабай, ал Бейтелди көрүп келүүнү аябай каалаган. Бактыга жараша, анын тилеги жакында эле орундалды.

Ага оюн ишке ашырууга жардам берген Кори деген досу мындай дейт: «Ал багынбай эле аракет кыла берди. Даярдыктар кандай болуп жатканын билиш үчүн мага бат-баттан чалып турчу. Бирок Марселлус „ооба“ же „жок“ деген эле сөздөрдү айта алчу, ошондуктан ал мага телефон чалганда, эмне дегиси келип жатканын билиш үчүн мен ага бир нече суроо берчүмүн». Алар минтип сүйлөшүшчү:

«Меникине кел деп чалып жатасыңбы?»

«Жок».

«Доктурга чал деп жатасыңбы?»

«Жок».

«Бейтелге баруу жөнүндө сурайын дедиң беле?»

«Ооба».

Кори: «Ошондо мен ага даярдыктар кандай болуп жатканын айтып берчүмүн. Мен анын тилеги орундалганына аябай сүйүндүм»,— дейт.

Бирок Марселлуска ал максатына жетүү оңойго турган эмес. Алсак, өзү жашаган шаардан 5 400 километр алыстыкта жайгашкан Нью-Йоркко барып келиш үчүн ага 2 жыл акча чогултканга тура келген. Ошондой эле ден соолугу начар болгондуктан, жанында болуп, ага жардам бере ала турган бирөөнү табышы керек болгон. Андан тышкары, доктурунан алыскы сапарга чыгууга уруксат беришин суроо талап кылынган. Доктуру ага уча турган күнүнө бир нече эле күн калганда уруксат берген.

Ошентип, Марселлус, акыры, көздөгөнүнө жетип, Бруклиндеги, Патерсондогу, Уолкиллдеги Бейтелге барган. Марселлус ал жерден китептерди жана Ыйык Китепти басып чыгарган чоң-чоң басма машинелердин кантип иштээри, кабар айтуу ишибиздин кандайча уюшулганы жөнүндө көбүрөөк биле алган. Ошондой эле «Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы», «Жахабанын ысмы менен аталган эл» деген аталыштагы көргөзмөлөрдү көргөн. Экскурсия учурунда көп кишилер менен да таанышкан. Ал үчүн бул чынында эле эстен кеткис саякат болгон!

Бейтелди көрүп келгендердин көпчүлүгү ал жерден көргөндөрү сөз менен айтып жеткире алгыс экенин айтышат. Марселлустан Бейтелди көрүп келиш үчүн жумшаган күч-аракети арзырлык болгон-болбогонун сурашканда, ал жакшы сүйлөй албагандыктан кубанычын тек гана: «Ооба! Ооба! Ооба!» — деп билдире алган.

Бейтелди көрүп келүү, Марселлус үчүн эстен кеткис саякат болгондой эле, силер үчүн да, үй-бүлөңөр үчүн да ошондой болору шексиз. Биздин филиалдарыбызга дүйнө жүзүнөн көп киши келип кетип турат. Биздин эшигибиз силер үчүн да дайыма ачык!

^ 3-абз. Марселлус 2014-жылдын 19-майында, ушул макала даярдалып жатканда каза болгон.