Мазмунун көрсөтүү

Адабияттардын квебек жаңдоо тилине которулушу көптөрдү кубанычка бөлөөдө

Адабияттардын квебек жаңдоо тилине которулушу көптөрдү кубанычка бөлөөдө

Канаданын чыгышындагы француз тилинде сүйлөгөн эл жашаган аймактагы кулагы укпаган адамдардын көбү квебек жаңдоо тилинде сүйлөшөт *. Ал аймакта 6 000 эле кулагы укпаган адам жашагандыктан, квебек жаңдоо тилинде бир нече эле адабият бар. Бирок Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бериш үчүн бекер бериле турган квебек жаңдоо тилиндеги жогорку сапаттагы адабияттарды чыгарууга көп күч жумшай башташты.

Адабияттарды жаңдоо тилине которууга эмне үчүн мынчалык көп маани берилип жатат? Бул суроого жооп алыш үчүн Марселдин мисалын карап көрөлү. Ал 1941-жылы Канаданын Квебек деген провинциясында жарык дүйнөгө келген. Эки жашында минингит оорусунан улам кулагы укпай калган. Марсел мындай дейт: «Тогуз жашымда кулагы укпагандардын мектебине бара баштагам. Квебек жаңдоо тилин ошол жактан үйрөнгөм. Мектепте жаңдоо тилинде негизги эле нерселерди үйрөткөн бир нече китеп болгону менен жаңдоо тилинде адабияттар жок болчу».

Адабияттарды квебек жаңдоо тилине которуу эмне үчүн маанилүү? Марсел мындай дейт: «Кулагы укпагандар маалыматты жакшы түшүнбөгөн тилде эмес, өздөрү толук түшүнгөн тилде алууну аябай каалашат. Адабияттар квебек жаңдоо тилинде жок болсо, кулагы уккан адамдар үчүн чыгарылган адабияттарды окуганга аргасыз болобуз, бирок көп нерседен кур калабыз».

Марселдин жана дагы башка квебек жаңдоо тилинде сүйлөгөн дудуктардын муктаждыгын канааттандырыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү 2005-жылы квебек жаңдоо тилиндеги биринчи адабиятты чыгарышкан. Жакында эле алар Монреалдагы (Квебек) которуу кеңсесин кеңейтишти. Ал жакта толук убакыт кызмат кылган 7 киши эмгектенет жана келип-кетип, толук эмес убакыт кызмат кылгандар да бар. Үч котормо тобу видеотасмаларды жаздырыш үчүн мыкты жабдыктар менен камсыз кылынган эки үн жаздыруу студиясын колдонушат.

Квебек жаңдоо тилинин коому Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарынын сапатын аябай баалашат. Дез Сордс де Ай Естрие * Ассоциациясынын директорунун жардамчысы Стефан Жеккуес мындай деген: «Алардын адабияттары мыкты даярдалган. Жаңдоолору, мимикалары так-айкын, аябай сонун берилиптир. Видеотасмадагы жаңдоо тилине которуп аткандардын жакшынакай кийинишкени да көңүлгө аларлык экен».

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн жума сайынкы жолугушууларында талкууланган «Күзөт мунарасы» журналы азыр квебек жаңдоо тилинде да бар. Ал журналды квебек жаңдоо тилинде сүйлөгөн 220 Жахабанын Күбөсү жана Квебектеги * квебек жаңдоо тилинде өткөрүлгөн 7 жыйналыш менен топторго келгендер колдонушат. Мындан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү квебек жаңдоо тилиндеги көптөгөн онлайн видеолорду, анын ичинде Ыйык Китепке негизделген дем-шык берерлик ырларды чыгарып жатышат.

^ 2-абз. Квебек жаңдоо тили (французча «Лангуе дез сайгнес гуебесоизе» деп аталат), кеңири жайылган америка жаңдоо тилиндеги айрым өзгөчөлүктөр колдонулса да, башка жаңдоо тилдеринен айырмаланат.

Жогоруда айтылган Марсел Жахабанын Күбөлөрүнүн көптөгөн адабияттарды квебек жаңдоо тилине которуп жатканына абдан ыраазы жана ал адабияттарды жогору баалайт. Ал: «jw.org сайтынан квебек жаңдоо тилиндеги көптөгөн адабияттарды көргөндө төбөм көккө жете сүйүнөм. Баарын өз эне тилиңде түшүнө алганыңа эмне жетсин!» — деп айткан.

^ 6-абз. Квебектеги кулагы укпаган адамдарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюму.

^ 7-абз. Ай сайын чыгып турган «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы 2017-жылдын январь айынан баштап квебек жаңдоо тилине которула баштаган.