Мазмунун көрсөтүү

Бейтелге экскурсия

Биз силерди Бейтел деп аталган филиалдарыбызга экскурсияга чын жүрөктөн чакырабыз. Айрым филиалдарда өз алдыңарча көрө ала турган көргөзмөлөр да бар.

Экскурсиялар кайрадан өткөрүлө баштайт. Көптөгөн өлкөлөрдө 2023-жылдын 1-июнунан баштап филиалдарыбызда кайрадан экскурсиялар өткөрүлө баштайт. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн барайын деп жаткан филиал менен байланышкыла. Эгер COVID-19га тапшырган тесттин жыйынтыгы оң чыкса, суук тийген болсо же сасык тумоонун белгилери байкалса, же болбосо жакында эле COVID-19 менен ооруган киши менен байланышкан болсоңор, экскурсияга барбай турушуңарды суранабыз.

Бразилия

Өз алдынча кыдыра турган көргөзмө

Ыйык Китеп жана анын автору. Бул көргөзмөдө Ыйык Китептин автору болгон Жахаба Кудай даңталып-даңазаланган. Ошондой эле Ыйык Китептин негизги темасын, тагыраак айтканда, Кудайдын Падышалыгына басым жасалган. Коноктор Ыйык Китептин биздин күндөргө чейин кантип сакталып келгенине, каршылаштардын аны бурмалаганга аракет кылганына карабай, Жахаба өзүнүн кабары камтылган ал китепти кантип сактап келгенине күбө боло алышат.

Тарыхый көргөзмө. Бул көргөзмөдө Жахабанын Бразилияда Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине 120 жылдан ашуун убакыттан бери кантип батасын берип келгени көрсөтүлөт. Ошондой эле коноктор кабар айтуу ишинин каршылыктарга, куугунтуктарга карабай кантип башталганы, кантип кулач жайганы жөнүндөгү жаңы, акыркы изилдөөлөргө негизделген тарыхый маалыматтарды биле алышат.Экскурсия китепчесин жүктөп алуу

Дареги жана телефон номуру

Маршрут түзүү