Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ»

Суроо: Кудайдын адамзатка берген белектеринин эң баалуусу кайсы деп ойлойсуз?

Аят: Жн 3:16

Адабият: «Күзөт мунарасы» журналынын бул санында Кудай Иса пайгамбарды жерге эмне үчүн жибергени жана ага ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбыз айтылат.

«КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

Суроо: [Баракчаны көрсөт.] Бул суроого эмне деп жооп берет элеңиз? Кудайдын Падышалыгы каймана мааниде айтылган нерсеби? Асмандагы өкмөтпү же дагы башка нерсеби?

Аят: Дн 2:44; Ыш 9:6

Адабият: Бул баракчада Кудайдын Падышалыгы деген эмне экени жана ал эмнелерди ишке ашырары айтылат.

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЧАКЫРУУ БАРАКЧАСЫ

Адабият: Биз баарын бир маанилүү кечеге чакырып жүргөнбүз. [Баракчаны көрсөт.] 11-апрелде дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү үчүн чогулушат. Ал кечеде Иса пайгамбардын өмүрүн бергенинин аркасында эмнелер ишке ашары түшүндүрүлгөн Ыйык Китепке негизделген баяндама айтылат. Ал кеченин качан жана каерде өткөрүлөрү бул чакыруу баракчасында жазылган. Келип, угуп кетсеңиз болот.

ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.