КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЧЫГУУ 12

Пасах майрамы Машаяктын жолдоочулары үчүн кандай мааниге ээ?

Пасах майрамы Машаяктын жолдоочулары үчүн кандай мааниге ээ?

12:5—7, 12, 13, 24—27

Онунчу жазадан жабыр тартпаш үчүн ысрайылдыктардын көрсөтмөлөргө баш ийгени абдан маанилүү болгон (Чг 12:28). 14-нисанда түн киргенде алар өз үйлөрүнө чогулушу, кемтиги жок бир жашар кочкор же теке союшу керек болгон. Аларга анын канын эшиктин баш босогосуна жана кашектерине чачыратышы керектиги айтылган. Ал эми малдын этин толугу менен отко кактап бышырып, шашылыш түрдө жеши керек болгон. Таң атканга чейин эч ким үйүнөн чыкпашы керек болгон (Чг 12:9—11, 22).

Көрсөтмөлөргө баш ийгенибиз бизди кандайча коргойт?