ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ Август, 2017
Үлгү иретиндеги сунуштоолор
«Ойгонгула!» журналына жана Кудайдын адам баласын эмне максатта жаратканы жөнүндө чындыкты окутууга байланыштуу үлгү иретиндеги сунуштоолор. Булардын негизинде өз сунуштооңду даярда.
КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
Жахаба бутпарас элге сыйлык берген
13 жыл бою Тирди курчоого алганы үчүн Жахаба бабылдыктарга сыйлык берген. Ал бизге ишенимдүү кызматыбыз, баш тарткан нерселерибиз үчүн кандай сыйлык берет?
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткүлө. Момундук
Момун болуу эмне үчүн маанилүү? Аны кантип өрчүтө алабыз? Тиленүү жана Иса пайгамбардын үлгүсү момундукту өрчүтүүгө кандайча жардам берет?
КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
Күзөтчүнүн олуттуу милдети
Шаардын дубалдары менен мунараларына коюлган күзөтчүлөр элге душмандын жакындап келатканын эскертип турчу. Жахабанын Жезекиелди «Ысрайыл үйүнө» каймана мааниде күзөтчү кылып койгону эмнени билдирген?
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткүлө. Кайраттуулук
Эмне үчүн адамдардан коркуу сезимин жеңишибиз керек? Ой жүгүртүү, Кудайдан тиленүү жана ага таянуу кайраттуу болууга кандайча жардам берет?
Магок жеринен чыккан Гок жакында жок кылынат
Ыйык Китепте Магок жеринен чыккан Гок жок кылынганга чейин кандай окуялар болору алдын ала айтылган.
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛРАНЫН ЖАШООСУ
Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткүлө. Ишеним
Ыбрайымдай болуп, атүгүл оор жагдайларда да Жахабага ишенерибизди көрсөтүшүбүз керек. Канткенде күчтүү ишенимге ээ боло алабыз жана берилген бойдон кала алабыз?
КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
Жезекиелдин аянынын бизге кандай тиешеси бар?
Жезекиелдин ибадатканага байланыштуу аяны Жахабанын адил, бийик нормаларын эсибизге салып турат. Бул бизге кандай таасир этиши керек?
КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Дагы качан көмөкчү пионер боло алам?
Мактоо курмандыгын алып келүүнүн эң жакшы жолу — көмөкчү пионер болуп кызмат кылуу. Ушундай мүмкүнчүлүктү колдонуп, көбүрөөк кызмат кыла аласыңарбы?