86-ЫР
Жахабадан билим алалы
-
1. Келгиле, билим алалы Жахабадан.
Анын өмүр суусунан ичели.
Чындыкты эңсеп издегендерге
Сооронуч берет анын билими.
-
2. Жыйналыштарды эч качан калтырбайлы.
Туура нерселерди үйрөнөлү.
Ыйык рух жана ишенимдештер
Ак жолдон чыкпоого берет түрткү.
-
3. Кудайды даңктап ырдоо абдан жагымдуу.
Анын насааттары абдан баалуу.
Жыйналыштарга дайым катышып,
Кудайдын эли менен бололу.
(Кара: Евр. 10:24, 25; Аян 22:17.)

