49-ЫР
Жахабанын жүрөгүн кубанталы
-
1. Сөз беребиз, Теңир, сага
Эркиңди так аткарууга.
Ишиңди туура кылсак биз,
Көңүлүңдү эргитебиз.
-
2. Акылдуу кулуң жердеги
Жактайт эгедерлигиңди.
Берип тамакты маалында,
Кубаттайт кызматыбызда.
-
3. Бизге бер ыйык рухуңдан
Тайбас үчүн ак жолуңдан.
Каалайбыз ысмың даңкталсын,
Жүрөгүң дайым кубансын.
(Кара: Мт. 24:45—47; Лк. 11:13; 22:42.)