Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

141-ЫР

Жашоонун керемети

Жашоонун керемети

(Забур 36:9)

  1. 1. Ар бир наристе, ар бир жааган жаан,

    Күндүн ар бир шооласы, күч берген нан —

    Баары Кудайдан, анын белеги.

    Кубантат бизди анын кереметтери.

    КАЙЫРМА

    Чексиз ыраазыбыз Кудайыбызга.

    Сүйүү менен жооп берели камкордугуна.

    Ал берген өмүрдү актай албайт эч ким.

    Баалайлы белегин — жашоо кереметин.

  2. 2. Кыйынчылыкка көптөр багынат.

    Кудайга тил тийгизип, аны каргайт.

    Биз эч антпейли, аны даңктайлы,

    Ар бир жакшылыгын жогору баалайлы.

    КАЙЫРМА

    Чексиз ыраазыбыз Кудайыбызга.

    Аны туурайбыз көрсөтсөк сүйүү баарына.

    Ал берген өмүрдү актай албайт эч ким.

    Баалайлы белегин — жашоо кереметин.